Кой-Таштагы “элдик штаб” айып пулдар маселесин талкуулайт
Бүгүн, 22-июлда Кой-Ташта түзүлгөн “элдик штаб” жол эрежесин бузгандар үчүн салынган айып пулдар маселесин талкуулайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева кабарлады. Анын айтымында, штабга келген жарандар айып пулдун жогору экенине жана “Коопсуз шаар” долбоорунун иштешине нааразылыгын билдирип жатышат. “Ошондуктан бул маселени талкулоо үчүн аянтча түзүп берүү чечими кабыл алынган”, - деди Жолдубаева. Читать дальше...