Бийликке каршы митингге Атамбаев да катышууда
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анык тарапкерлери 3-июлда Бишкекте өткөрүп жаткан митингге уюштуруучулардын эсебинде миңден ашуун киши катышууда. «Соке болбой калды» аттуу тынч митингге кечки саат 16:00га жакын эл чогула баштады. Ага Атамбаев өзү да катышууда. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Анвар Артыков, Карамат Орозова, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, КСДПнын азыркы төрайымы Асел Кодуранова өңдүү саясатчылар келди. Уюштуруучулар митингде бийликке «Эски элита кетип... Читать дальше...