Коррупционерлерден өндүрүлгөн каражатка 15 мектептин корпусу жаңыланат (видео)
Коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн каражатка Чүй облусундагы жана Бишкек, Ош шаарларындагы мектептерде 15 жаңы корпус курулат. Бул тууралуу 23-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Чүй облусунун Сокулук районундагы Орок орто мектебине жана Бишкек шаарындагы №59 орто мектепке барганда айтты. Жээнбеков мурда да бир нече мектепке барып, алардын абалын көргөн соң коррупция менен күрөшүүдөн атайын эсепке түшкөн каражаттар жаңы мектептерди же кошумча окуу корпустарын курууга жумшалат деп убада берген. Читать дальше...