Шри-Ланкадагы жардырууда каза болгондордун саны 150гө жетти
Шри-Ланканын бир нече жериндеги жардырууда каза болгондордун саны бери дегенде 150гө жетти. 400дөн ашуун киши жарадар болду. Буга чейинки маалыматтарга караганда, жардыруу Пасха майрамын белгилөө учурунда бир нече жерде болгон. «France Presse» маалымат агенттиги полициядагы булактарга таянып жазганына караганда, жардыруу үч отелде жана чиркөөлөрдө бир убакта болгон. Негомбодогу, Баттикалоадагы жана Коломбодогу үч чиркөө талкаланган. Себастьян чиркөөсүнүн «Фейсбуктагы» баракчасына жардыруудан кийинки сүрөттөр жайгаштырылып... Читать дальше...