ГКЧП мүчөсү Александр Тизяков дүйнөдөн кайтты
Орусиянын Екатеринбург шаарында ГКЧП мүчөсү Александр Тизяков 92 жашында көз жумганын ТАСС агенттиги кабарлады. Тизяков 1991-жылы СССРдин Өнөр жай, курулуш, транспорт жана байланыш боюнча мамлекеттик ишканалар бирлигинин президенти болгон. Ал тарыхта ГКЧП деген аталыш менен калган Совет өлкөсүндөгү мамлекеттик төңкөрүштү уюштургандардын бири болгон. 1991-жылы 19-21-август күндөрү Компартия менен КГБдагы консервативдүү күчтөр СССР президенти Михаил Горбачевго каршы төңкөрүш уюштурган. Бирок алар өз максатына жетпей... Читать дальше...