Анталиядагы боорукер боордош
Халит Мерт Түркияда кыргызстандыктарга жардамын аябаган боордоштордун бири. Анталиялык ыктыярчы жигиттин үй бүлөлүк чакан бизнеси бар. Бирок ал жашоосунда муктаждарга кол сунуп, жардам бергенден ырахат алат. Анталия шаарындагы кыргыз мекендештер дагы анын эшигин каккан учурлар арбын.