Бакуда оппозициянын митинги өттү
Азербайжандын борбору Баку шаарында бүгүн коррупция темасын жазган блогер Мехман Гусейновду жана башка “саясий туткундарды” бошотуу талабы менен нааразылык акциясы өттү. Митинг бийликтин уруксаты менен уюштурулду. Анын катышуучулары талаптарын өлкө президенти Илхам Алиевге жолдошту. «Полицияга жалаа жапкан» деген айып менен кесилип, түрмөдө эки жылдык жаза мөөөтүн өтөп жаткан блогер Гусейнов жыл башында ачкачылык жарыялаган. Ага жаза мөөнөтү аяктап, эркиндикке чыгарында башка иш козголган. Гусейнов... Читать дальше...