123ru.net
World News in Kyrgyz
Январь
2019

Новости за 20.01.2019

Ооганстанда президенттик үчүн 14 талапкер ат салышат

Azattyk.org 

Ооганстанда 20-июлга белгиленген президенттик шайлоого катыша турган талапкерлерди каттоо жараяны жекшемби күнү аяктады. Бул мөөнөткө чейин 14 талапкер каттоодон өттү. Президенттикке талапкерлердин арасында учурдагы президент Ашраф Гани, башкы аткаруучу Абдулла Абдулла, улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчи Ханиф Атмар да бар. Гани менен Абдулла олуттуу эреже бузуулар жана добуштарды бурмалоо менен коштолгон 2014-жылкы шайлоого да катышышкан. Анда эки тарап тең шайлоодо утуп чыкканын жарыялап, ооган бийлиги туңгуюкка кептелген. Читать дальше...

Зеленский Орусияда бизнес кызыкчылыгы бар экенин ырастады

Azattyk.org 

Украинанын президенттиги үчүн ат салышаарын айткан белгилүү актер жана куудул Володимир Зеленский Орусияда коммерциялык кызыкчылыктары бар экенин мойнуна алды. Ал "Украинская правда" басылмасы менен маегинде 18-январда "Азаттыктын" украин кызматы жарыялаган маалыматты ырастады. Актер Орусиядагы "Grin Films" аттуу фильм тартуучу компанияга ээлик кылган, Кипрде катталган фирманын кожоюндарынын бири экенин тастыктады. "Биздин компания ал фирманын акцияларына ээлик кылат. Бул чын",-деди актер Зеленский. Читать дальше...

Афиныда демонстранттар менен полиция кагылышты

Azattyk.org 

Грециянын баш калаасы Афиныда Македониянын аталышы боюнча келишимге нааразылык билдирген демонстранттар менен полиция кагылышты. Жекшемби күнү ондогон митингчилер парламент имаратына кирүүгө аракет кылып, полицияга таш, фейерверктер сыяктуу түрдүү нерселерди ыргытышты. Полиция аларга каршы дубинка, көздөн жаш чыгаруучу газ колдонду. Бул окуядан кеминде тогуз полиция кызматкери жараат алды. Грециянын өкмөтү 1991-жылдан бери Македониянын аталышына каршы чыгып, өз аймагында дал ушундай эле аталыштагы аймак бар экенин... Читать дальше...



21-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

21-январда көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -3...+2, күндүз 0...5, Таласта түнкүсүн -1...-6, күндүз 0...5, Ысык-Көлдө түнкүсүн -5...-10, күндүз -3...+2, Ошто, Баткенде, Жалал-Абадда түнкүсүн 0...-5, күндүз 2...7, Нарында түнкүсүн -16...-21, күндүз -9...-14 градус болот. Бишкекте маал-маалы менен жаан, кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз 2…4 градус болот.

Демократтар Трамптын жаңы сунуштарын да жактырбай жатышат

Azattyk.org 

АКШда демократтар президент Дональд Трамптын федералдык өкмөттүн ишин каржылоо боюнча айткан сунуштарын кабыл албай коюшту. Алар маселе кийинки аптада Сенатта каралып жатканда каршы добуш берүүгө убада берип жатышат. Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Трамптын сунуштарын ылайыксыз деп баалады.  Буга чейин Трамп мигранттарга каршы дубал орнотуу маселеси боюнча жаңы сунушун айткан. Өз сөзүндө ал федералдык бюджеттен дубал курууга каршы чыгып жаткан демократтарга кайрылып, бир пикирге келүүгө үндөгөн... Читать дальше...

Орусияда Курил аралдары боюнча нааразылык акциялары өтүп жатат

Azattyk.org 

Москвада жана Орусиянын башка бир катар шаарларында бүгүн 20-январда Курил аралдарынын айрымдарын Жапонияга өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгүнө каршы акциялар өтүүдө. Москвада бийликтин макулдугу менен өткөрүлгөн митингге "Солчул фронт", "Иштиктүү партия", "Башка Орусия", КПРФ партиялары, "Новороссия" жана башка солчул жана улутчул кыймылдар катышты. Аянтка чыккандар «Курил аралдарын эч кимге бербейбиз!», «Орусияны сатып таратканды токтоткула!», «Курил аралдарынын ордуна Путинди алгыла!» деген жазууларды кармап турушту. Читать дальше...



ЕАЭБдин электрондук эмгек биржасын ачуу долбоору каралууда

Azattyk.org 

Евразия Экономикалык Биримдигинде (ЕАЭБ) электрондук эмгек биржасын түзүү пландалууда. Бул тууралуу маалымат Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕАЭК) расмий сайтына жарыяланды. Анда Москвада комиссиянын жыйыны өткөнү, Казакстандын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин эмгек биржасы тууралуу сунушу каралганы айтылат. ЕАЭК коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян электрондук аянтча жумуш издегендерге жана жумуш берүүчүлөргө маалымат алмашып, келишим түзүүгө мүмкүнчүлүк берерин айтты. Учурда... Читать дальше...

Мексикадагы кырсыктан мерт болгондордун саны 73 адамга жетти

Azattyk.org 

Мексикада мунай кууру жарылган жерде каза болгондордун саны, акыркы маалыматтарга караганда, 73кө жетти. Дагы 74 адам жараат алып, ооруканада жатат. Кырсык болгон Идалго штатынын губернатору Омар Фаяддын айтымында, аман калгандарды табуу дээрлик мүмкүн болбой калды: - Убакыт өткөн сайын аман калгандарды табуу мүмкүн болбой баратат. Жараат алгандардын абалы улам начарлап жатат. Кээ бир бейтаптарды, айрыкча өспүрүмдөрдү Техастагы бейтапканага жөнөтүп жатабыз. Расмий маалыматка караганда, жарылуу куурду өз алдынча оюп алышкан жерде болгон. Читать дальше...

Текебаевдин ишин кайра кароо жөнүндө өтүнүч даярдалууда

Azattyk.org 

Өмүрбек Текебаевге карата козголгон кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра карап чыгуу зарылчылыгы жөнүндө арыз даярдалып жатат. Бул тууралуу 20-январда “Азаттык” радиосуна анын адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдирди. Жактоочу ал кайсы жагдайлар экенин азырынча так айтуу эрте экенин белгилеп, арыз сөзсүз берилерин кошумчалады. “Ата Мекен” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы жана депутаты Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы, мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы... Читать дальше...

Нарында оор жүк ташуучу автоунаа турак үйдү сүздү

Azattyk.org 

Нарын шаарында оор жүк ташуучу автоунаа турак үйдүн дубалын сүзүп, ичине чейин кирип кетти. Үйдүн ээси Турат Дүйшөбаевдин айтымында, окуя жекшембиге караган түнү болгон. Ошол кезде ал үй-бүлөсү менен сыналгы көрүп отурган.  - "Тарс" деген үн чыкканда коркуп кеттик, - деди ал. - Балдарым менен төшөккө башыбызды катып, чүмкөнүп жатып калдык. Электр жарыгы да өчтү. Эшикке чыксам фура үйдү сүзүптүр. Айдоочусу "мени чыгаргыла, бутум кыпчылып калды" деп кыйкырып жатыптыр. Бир аздан кийин куткаруучулар, "Тез жардам" жана жол кайгуул кызматы келди.

Крестинин: БАЭ менен ойногондо күйөрмандардын колдоосуна муктаж болобуз

Azattyk.org 

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) менен болчу оюнда команда күйөрмандардын колдоосуна муктаж экенин билдирди. Кыргыз футболчулары Азия кубогунун финалынын 1/8 бөлүгүндө үй ээси - БАЭнин курама командасы менен 21-январда, Абу-Даби шаарындагы «Шейх Зайед» стадионунда беттешет. Бүгүнкү басма сөз жыйынында Александр Крестинин Кыргызстандын күйөрмандарына ыраазычылыгын билдирди:  - Биз үй ээси БАЭнин курама командасы менен ойнойбуз. Читать дальше...

Манас Ниязовдун формасы 80 миң сомго сатылды

Azattyk.org 

“Достук” командасынын улакчысы Манас Ниязовдун 2016-жылы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кийген формасына жарыяланган аукцион жыйынтыкталды. Сатыкты жүргүзгөн көкбөрү күйөрмандарынын “Инстаграммдагы” kok.boru баракчасы маалымдагандай, Ниязовдун формасы 80 миң сомго сатылды. Аукцион 9-январда башталып, алгачкы баасы 2 миң сом деп коюлган, бирок сатыктын экинчи күнүндө эле колдонуучулар бааны 40 миң 500 сомго чейин көтөрүшкөн. Аукцион он күнгө созулуп, кечээ, 19-январь күнү кечинде жыйынтыкталды. Читать дальше...

Төрт аяктап жүрө алган автокөлүк

Azattyk.org 

Маалымат сактоочу дүйнөдөгү эң ылдам чип - эстутум. Жорголоп да, кадамдап да, боорго жабышып да жүрчү автокөлүк. Күн картайганда ак эргежээл жылдыз болуп калат. Киши эмне үчүн эсинейт?

"UWC Robert Bosch" мектеби кыргызстандык дагы бир окуучуну тандап алды

Azattyk.org 

Германиядагы "UWC Robert Bosch" мектеби 2019-жылга кыргызстандык бир окуучуну кабыл алды. 10-11-класста окуу мүмкүнчүлүгүн алыш үчүн ноябрь айынан бери 110 бала документ тапшырып, ат салышкан. Натыйжада эң күчтүү деген 18 окуучу финалга чыгып, арасынан Токмоктогу “Сапат” лицейинин 10-классынын окуучусу Сезим Чынкожоева тандалды. Сезим сентябрдан тарта "UWC Robert Bosch" мектебинде билим алат. Ал Кыргызстандан бул окуу жайынан окуган экинчи окуучу болду. (BCh)


Музыкальные новости
Дмитрий Шостакович

В петербургской филармонии хотят установить памятник Шостаковичу





Персональные новости
ЦСКА

ЦСКА обыграл «Балтику» и вышел в финал Пути РПЛ Кубка России





Ак калпакка өзгөчө макам ыйгаруу боюнча демилге көтөрүлдү

Azattyk.org 

Кыргызстанда ак калпакка "өлкөнүн маданий символу" деген макам берүү сунушталып жатат. Тиешелүү мыйзам долбоору дүйшөмбү күнү Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында талкууланат. Долбоордун авторлору - “Республика - Ата Журт” фракциясынан Экмат Байбакпаев жана “Бир Болдон” Бакирдин Субанбеков.  Буга чейин кыргыздын улуттук баш кийими - калпакты мазактагандарды жазалоо тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлган. Читать дальше...

Бишкекте "Sports Awards-2018" аземи өттү

Azattyk.org 

Бишкекте "Sports Awards-2018" салтанатынын алкагында Кыргызстандагы алдыӊкы спортчуларга атайын сыйлыктар тапшырылып, мыкты машыктыруучуларга байгелер берилди. Иш-чара ишемби күнү Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун жана социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын катышуусунда өткөнүн парламенттин басма сөз кызматы кабарлады. Жумабеков акыркы жылдары кыргыз спортунда ийгиликтер арбын болуп жатканына токтолуп, айрыкча былтыр Жайкы Азия оюндарына катышкан улан-кыздар... Читать дальше...

Трамп чек арага дубал куруу боюнча жаңы сунуштарын айтты

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамп мигранттарга каршы дубал орнотуу маселеси боюнча жаңы сунушун айтты. Өз сөзүндө ал федералдык бюджеттен дубал курууга каршы чыгып жаткан демократтарга кайрылып, бир пикирге келишели деди: - Учурда бардыгы биздин түштүк чек арабыз гуманитардык кризиске айланганын билет. Бул ошондой эле улуттук коопсуздук кризиси. Ал жерде маселе көптөгөн жылдардан бери топтолуп келген. Убакыт өткөн сайын абал ого бетер курчуп баратат. Себеби бизге келем дегендер көп жана бизге кереги жок адамдар да көп. Читать дальше...

Оорукчан адам үйүнөн ажыраганы турат

Azattyk.org 

Жал айылынын активисттери психикалык жактан ооруган адам жакын арада үйсүз калышы мүмкүн экенин айтып чыгышты. Бишкектин жака белиндеги айыл тургундары коомдун аяр катмарындагы адамдын өмүрү коркунучта калганына нааразы.

Тил сөздүк: Күчала деген - брага

Azattyk.org 

Бул ыр эмес, балдарга сөз үйрөтүү үчүн оюн ыкмасына салынып жасалган атайын тил сөздүк. Муну бала бакчалардын тарбиячылары, мектеп мугалимдери, кыргыз-орус тилдерине арналып өткөрүлчү ар кандай иш-чаралардын уюштуруучулары колдонмо катары пайдаланса болот деген ойдобуз.

Спорт в России и мире
Москва

«Динамо» (Москва) одержало победу в третьем матче полуфинала


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Касаткина вошла в десятку Чемпионской гонки WTA


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Брянский путешественник Игорь Шпиленок подготовил отчет о далекой экспедиции





Путин в России и мире
Москва

Рязанские дизайнеры представили свой бренд одежды на модном показе Estet Fashion Week


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

У помощника Лукашенко по общим вопросам нашли три квартиры в Минске




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Юрий Лоза

Композитор Лоза назвал полупустой зал на концерте Александра Серова сигналом



Москва

Собянин обозначил основные направления развития здравоохранения

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net