Британия: Тереза Мэй премьерлик кызматын сактап калды
Британ премьер-министри Тереза Мэй парламенттеги өзүнө жана учурдагы өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча добуш берүүдө аз айырма менен утуп чыкты. Өкүлдөр палатасындагы депутаттардын 325и Мэйге ишеним көрсөтүштү. Ал эми 306сы премьер-министрдин кызматтан кетишин колдошту. Натыйжада премьер Мэй болгону 19 добуштук айырма менен кызматында калды. Ага ишеним көрсөтпөө демилгесин парламенттеги оппозициялык Лейбористтер партиясынын лидери Жереми Корбин бир күн мурда көтөргөн. Буга Мэй Евробиримдик менен макулдашып келген... Читать дальше...