123ru.net
World News in Kyrgyz
Январь
2019

Новости за 13.01.2019

Кыргызстан тамактан жабыркаган өлкөлөрдүн алдыңкы сабына кошулду

Azattyk.org 

Германиянын Йена шаарындагы Фридрих Шиллер университети тамактанууга байланыштуу узактан берки изилдөөсүнүн жыйынтыгын жарыялады. 1990-2016-жылдар аралыгында жүргүзүлгөн изилдөө туура эмес тамактануудан улам адам өлүмү эң көп мурдагы советтик өлкөлөрдө катталганын көрсөткөн. Сап башында Өзбекстан, ар бир 100 миң кишиден 394ү тамакты туура ичпегендиктен өлүмгө учурайт делет. Кыргызстанда жүз миңдин ичинен 350 киши деп көрсөтүлүп, үчүнчү орунга коюлган. Алдыңкы ондукта жалаң постсоветтик өлкөлөр... Читать дальше...



Грек министри өлкө аталышынын айынан кызматтан кетет

Azattyk.org 

Грециянын коргоо министри Панос Камменос Македониянын аталышына байланыштуу талаштан улам кызматтан кетип жатканын билдирди. Ал ошондой эле «Көз карандысыз гректер» партиясы коалициядан чыгып, өзү менен кошо дагы алты министр кызматын тапшырарын белгиледи. Камменос өлкөнүн аталышына байланыштуу талаш боюнча мунасага башынан каршы. Бирок македон парламенти «Түндүк Македония» деген аталышты таанып, ратификациялагандан кийин гана кызматтан кетүүнү чечти.  Грек өкмөт башчысы Алексис Ципрас ушундан... Читать дальше...

Демократ-конгрессмен президенттик шайлоого барат

Azattyk.org 

Техастык демократ-конгрессмен Хулиан Кастро 2020-жылдагы президенттик шайлоого катышарын расмий жарыялады. Кастро 44 жашта, чоң атасы Мексикадан көчүп келген. Барак Обаманын администрациясында Турак-жай курулушу жана шаарды өнүктүрүү министрлигин жетектеген. Аны көптөн бери Демократтар партиясынын «жаркын жылдыздарынын» бири катары баалап келатышат. Кастро талапкерлигин коерун жарыялары менен АКШны түрө кыдырарын да билдирди. Кастро алдыдагы президенттик шайлоо үчүн формалдуу үгүт өнөктүгүн баштаган биринчи саясатчы эмес. Читать дальше...

Саудиялык качкын кыз Канадага барды

Azattyk.org 

Сауд Арабиялык Рахаф аль-Кунун ишембиде Торонтого учуп барды. Мунун алдында ага Канада бийлиги башпаанек берген. Аль-Кунун саудиялык коомдогу катаал эрежелерди, чектөөлөрдү сактоодон баш тартканы үчүн ата-эне, туугандары тарабынан куугунтукка кабылганын, өмүрүнө коркунуч барын айтып Таиландга бир жума мурда качып барган. Рахаф аль-Кунун Баңкоктун чек ара көзөмөл бекетинде кармалган. Ал үй-бүлөсү менен Кувейтке барган жеринен качып кеткенин, эгер Сауд Арабияга кайтарышса өмүрүнө коркунуч тууларын билдирген. Читать дальше...

Нарында жапайы аңчылык тыйыла элек

Azattyk.org 

Нарын районунун Кара-Кужур аймагынан мыйзамсыз аңчылыкка чыккандар кармалды. Алардын жанынан алты тоо текенин эти табылган. Өкмөттүн токтомуна ылайык ар бир атылган тоо теке үчүн 100 миң сомдон айып төлөнөт.



Аба ырайы: кар жаабайт

Azattyk.org 

Кыргыз гидрометеорология борбору билдиргендей, 14-январда өлкө аймагында кар жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -3...-8, күндүз 6...11; Таласта түнкүсүн -4...-9, күндүз 5...10; Ысык-Көлдө түнкүсүн -10...-15, күндүз -1…4; Баткенде түнкүсүн -3...-8, күндүз 5...10; Ошто жана Жалал-Абадда түнкүсүн -2...-7, күндүз 5...10; Нарында түнкүсүн -23...-28, күндүз -11...-16 градус болот. 14-январда Бишкекте түнкүсүн кар жаабайт. Читать дальше...

Ананьеводогу көрүстөндө талкаланган эстеликтер оңдолууда

Azattyk.org 

Ысык-Көл районундагы Ананьево айылында белгисиз адамдар талкалап кеткен православ көрүстөнүндөгү жыгач кресттер оңдолууда. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты. Маалыматка караганда, Бишкектеги жана Караколдогу православ чиркөөсүнүн өкүлдөрү барып, эстеликтерди калыбына келтирүүгө көмөктөшүүдө. 11-январдын кечинде белгисиз адамдар Ысык-Көлдүн Ананьево айылындагы православ көрүстөнүнө келип, маркумдарга коюлган эстеликтерди талкалап кетишкен. Бул боюнча атайын тергөө тобу түзүлүп, күнөөкөрлөрдү издеп жатат. Читать дальше...

Канжар Кадыралиев боюнча сот жараяны жанданды

Azattyk.org 

Ош прокуратурасынын мурдагы прокурору Канжар Кадыралиевдин үстүнөн сот жараяны Бишкектин Октябрь райондук сотунда жанданды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кадыралиевге каршы арыз жазган өзгөндүк ишкер Сактан Келдибаев кабарлады. Анын айтымында, буга чейин иш негизсиз создугуп, каралбай келген. Эми кийинки жараян 17-январда өткөнү турат. 2014-жылы Башкы прокуратура Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык”, “Опузалоо” жана “Өзүм билемдик” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп... Читать дальше...

"The Washington Post": Трамп Путин менен жолугушуудагы маалыматтарды жашырууга аракет кылган

Azattyk.org 

АКШнын президенттик администрациясынын архивинде Дональд Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин жолугушуусунун кеңири стенограммасы жок болушу мүмкүн. Бул тууралуу "The Washington Post" гезити америкалык жогорку даражалуу кызматкерлердин маалыматына таянып жазды. Басылманын маалыматы боюнча, президент Трамп жолугушуу учурунда котормочулар кеңири түрдө жазган баяндаманы алууга буйрук берген жана кимдир-бирөөгө маалымат берүүгө тыюу салган. Гезит мындай аракеттер буга чейин АКШнын президенттери... Читать дальше...

Асыл таштары көп алыскы планеталар

Azattyk.org 

Cапфир менен рубинге карк жаңы экзотикалык планета. Түшүмдүүлүктү мол кылуунун жаңы усулу. Коопсуз заттарды билгендей таанычу шайман. Адамзат Тибетти 30 000 жыл мурда эле байырлаганын археологиялык табылгалар ырастады.

Тажикстандык журналист сыртынан абакка кесилди

Azattyk.org 

Тажикстандык журналист Хайрулло Мирсаидов сегиз айга сыртынан абакка кесилди. Хожент шаардык соту ушундай чечим кабыл алды. Журналистке "буга чейинки соттун чечимин аткарган эмес" жана "өлкөдөн уруксатсыз чыгып кеткен" деген айып коюлган. Буга чейин Хожент шаардык соту журналист Мирсаидовду "мамлекеттик каражатты кымырып алган, максатсыз пайдаланган жана жалаа жапкан" деп айыптап, былтыр 11-июлда 12 жылга түрмөгө кескен. Сот чечиминен кийин Мирсаидовдун үй-бүлөсү мамлекеттин пайдасына 124 миң сомони компенсация төлөгөн. Читать дальше...

Орусия убада берген аскердик техника Бишкекке жеткирилди

Azattyk.org 

Орусия Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында убада берген аскердик-техникалык жардамдын бир бөлүгү Бишкекке жеткирилди. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады. Маалыматка ылайык, чек араны коргоо жана өткөрмө пунктарын жакшыртуу максатында 123 автоунаа жана инженердик техника каражаттары жиберилген. Алардын арасында тоо шартында жүрчү 108 автоунаа, эки автокран, төрт санитардык автоунаа, эки жүктөөчү жана башка техника каражаттары бар. Аны тапшыруу 15-январда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында өтмөкчү. Читать дальше...

Апта: Талашка түшкөн ырайым, "тарбия лагерлери"

Azattyk.org 

Президент Жээнбеков түрмөдө отурган Текебаевге ырайым берүүдөн баш тартты. Кытай бийлиги 2 миңдей казак улутундагыларды өлкөдөн чыгарат. АКШнын Мексика менен чек арасында дубал куруу маселеси талашка түштү.

Ак-Талаанын бозосу суукта үшүтпөйт

Azattyk.org 

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда азыр бозонун сезону. Кыштын кыраан чилдесинде айылдыктарды сөөктөн өткөн сууктан мына ушул бозо сактап, ток алып жүрөт. Аймакта “Ак талаанын бозосу” деп бренд болуп калган суусундукту жасоонун салттуу ыкмасы бузулбай, муундан муунга өтүп келет.


Музыкальные новости
Концерт

Концерт благотворительного фонда Владимира Спивакова прошел в Солнечногорске





Персональные новости
Зенит

«Радио Зенит» – информационный партнер форума «Мы вместе. Спорт»





АКШ: Трамп “шатдаун” дагы уланышы мүмкүн экенин эскертти

Azattyk.org 

АКШнын президенти Дональд Трамп өкмөттүн ишин жарым-жартылай токтотууга алып келген “шатдаун” мындан ары да уланышы мүмкүн экенин эскертти. Трамп бул үчүн парламенттеги демократтарды айыптады. “Демократтар “эс алуусун токтотуп, жумушка чыкмайынча”, биз узак убакыт бою жумушка келбешибиз мүмкүн”, - деп жазды АКШнын президенти 12-январда "Твиттердеги" баракчасына.  Кошмо Штаттарда өкмөттүн толук каржыланбай турганына 12-январда 22 күн толду. Бул АКШ тарыхындагы эң узун “шатдаун” болуп калат. Буга... Читать дальше...

Кытайда шахтагы жарылуудан 21 киши өлдү

Azattyk.org 

Кытайдын түндүгүндөгү Шеньси дубанында шахтада жарылуу болуп, 21 киши көз жумду. Бул тууралуу мамлекеттик "Синьхуа" агенттиги кабарлады. Анын маалыматына ылайык, кырсык бүгүн эртең менен болгон. Кырсыктан соң алтымыштан ашык кенчи куткарылганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришкен. Шеньси дубанында көмүр кендери көп жайгашкан. Акыркы убакта Кытайда шахталардагы кырсыктар азайганы менен бул жагынан ал дагы эле дүйнөдөгү эң кооптуу жайлардын бири болуп саналат.

Былтыр мамлекеттик имараттардын ижарасынан 158 миллион сом жыйналды

Azattyk.org 

2018-жылы мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн бюджетке 158,3 миллион сом түшкөн. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду кабарлады. Фонддун маалыматы боюнча, былтыр ижарадан 100 миллион  сом топтоо пландалган. Мамлекеттин карамагындагы имараттарды ижарага берүүдөн түшкөн каражаттын көбөйүшүн мекеме аукциондордун электрондук түрдө өтө баштаганы менен түшүндүрүүдө. Былтыр октябрдан тартып 10 электрондук аукцион өткөрүлгөн. Январь айынын аягына чейин 58 аукцион өткөрүү пландалууда. Мамлекеттик... Читать дальше...

Жол кырсыгынан каза болгон подполковниктин өлүмү боюнча бир адам камалды

Azattyk.org 

Жол кырсыгынан каза болгон подполковник Күнболот Касмалиевдин өлүмү боюнча шектүү катары бир адам камалып, үч киши сурак берип жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Нарын облустук милициясынын башчысы Улан Алиев билдирди. Анын айтымында, жол кырсыгы тууралуу версия каралууда. Ага ылайык "Howo" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа милиция кызматкерин сүзүп кеткен. 2019-жылдын 10-январында болжол менен саат түнкү бир чамасында Кант шаарынан жол кырсыгы катталган. Анда белгисиз айдоочу Нарын облустук милициясынын кызматкери Күнболот Касмалиевди сүзүп... Читать дальше...

Түркия Сирия менен чек арада аскерлерин күчтөдү

Azattyk.org 

Түркия Сирия менен чек арадагы аймакта аскерлерин күч алдырууда. "Reuters" агенттиги жазгандай, Сириянын Идлиб провинциясына чектеш Түркиянын Хатай аймагына бир колонна танк жана чопкутталган унаалар жеткирилди. Расмий Анкара бул маалыматка комментарий берген да жок, Сириянын аймагында аскердик операция жүргүзүлүшү мүмкүн экенин четке каккан да жок. Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен сүйлөшкөн соң эки тарап күрттөрдүн коргонуу... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

GeekVape в сотрудничестве с Absolute Racing выиграла чемпионат в категории GT3


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
ATP

Хачанов победил Черундоло и пробился в 1/8 финала турнира ATP в Майами


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

В Москве прошла эковыставка Hydrate The World





Путин в России и мире
Москва

Москва готовится к ракетным ударам по аэродромам НАТО?


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Киев признал стагнацию ВСУ по всей линии фронта


Навальный в России и мире
Москва

Силовики задержали за сутки пятерых журналистов, часть проходит по делу об «участии в работе ФБК», одного жестоко избили при задержании



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Певица

Певица Ирина Понаровская перенесла концерт в Москве



Москва

Новые очистные сооружения построили в бывшем военном городке Ногинск-4

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net