123ru.net
World News in Kyrgyz
Январь
2019

Новости за 03.01.2019

Жапаровдун иши: прокуратура жаңы жагдай боюнча иш козгоого негиз жок деп тапты

Azattyk.org 

Бишкек шаардык прокуратурасы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун ишине байланыштуу жаңы жагдайлар боюнча "кылмыш ишин козгоого негиз жок" деген чечимге келди. Бул тууралуу Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов билдирди. Анын айтымында, ишти жаңы жагдайлар боюнча кайра карап чыгуу тууралуу актоочу тараптын өтүнүчүнө шаардык прокуратурадан 3-январда жооп келген.  Анда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 2018-жылдын 3-декабрындагы чечимин бузууга негиз жоктугу белгиленген. Читать дальше...

Трамп: Ооганстандын айынан СССР ыдыраган

Azattyk.org 

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Ооганстандагы "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы күрөштү талкуулап жатып, АКШнын ордуна ал жакка башка мамлекеттердин аскерлери киргизилсе туура болмок деген пикирин билдирди.  "Эмнеге ал жакта Орусия жок? Эмнеге Пакистан жок? Эмнеге ал жакта Индия жок?" - деп суроо салды Трамп.  Ал ошондой эле Ооганстандагы 1980-жылдардагы согуш Советтер Союзунун банкрот болушуна жана ыдырашына алып келген деп белгиледи.  "Орусия мурда Советтер Союзу болчу. Ооганстан үчүн алар Орусияга айланышты... Читать дальше...

Кесиптештерин "банда" деп куттуктаган полиция кызматкери иштен алынды

Azattyk.org 

Казакстанда кесиптештерин куттуктап жатып, аларды "банда" деп атаган полиция кызматкери иштен алынды. Ал Ички иштер министрлигине караштуу Караганда академиясынын кызматкери А.Р. Тастайбеков аттуу жаран экени маалым болду. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Билдирүүдө мамлекеттик кызматтын беделине шек келтирген кадамы үчүн Тастайбеков иштен алынганы жазылат. Андан тышкары жалпы окуу жайынын жетекчилигине сөгүш жарыяланган.  Социалдык тармактарда жайылып кеткен видеодо... Читать дальше...



Кыштутта телеканалдар тарта баштады

Azattyk.org 

“Азаттык” тигил же бул айылдын маселесин, көйгөйүн жеңилдетүүгө аз да болсо салым кошкон учурлар көп. Алардын бири алыскы Баткен районуна караштуу Кыштут айылындагы тургундардын жашоосунун өзгөрүшү болду. Төрт тарабы тоолор менен курчалган Кыштут айылынын тургундары ушул жыл башында Кыргызстандын телеберүүлөрүн көрө алышпай, өлкөдөгү окуялардан, жаңылыктардан кабарсыз калып жатышканын айтып, “Азаттыкка” кайрылышкан болчу. Кыштуттуктардын көйгөйү тууралуу атайын тасма тартылып, көрсөтүлгөндөн кийин абал өзгөрүп... Читать дальше...

ИИМ Интернетке көз сала баштады

Azattyk.org 

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги радикал топтордун Интернеттеги, социалдык тармактардагы аракеттерине мониторинг жүргүзүп жатат.

Айдын ары жагына кытайлар биринчи конду

Azattyk.org 

3-январда Бээжин убактысы боюнча саат 10:26да Кытайдын “Чаңэ-4” станциясы Айдын көрүнбөгөн тарабына конду. Айдын ары жагы буга чейин сүрөткө түшүрүлгөнү менен, адам жасаган изилдөөчү станция ал жакка тарыхта биринчи ирет конуп жатат.

Чыныгы турмуштагы Момун чал

Azattyk.org 

Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” повести чыныгы турмуштук окуядан алынган. Каркыра жайлоосуна бараткан жолдо кезиккен токойчу карыя жазуучунун 3-4 айдан кийин жарык көргөн атактуу чыгармасынын негизги каарманына айланган. Айтматовдун айтылуу Момун карыяга жолукканы тууралуу ошол кезде жазуучуну жайлоого коштоп бара жаткан “Санташ” совхозунун профсоюзунун төрагасы Бектурган Сыдыков уулу Шүкүрбек Сыдыковго айтып берген. Шүкүрбек Сыдыков менен кабарчыбыз Асейин Маданбеков Момун карыянын кароосуз калган үйүн көрүп кайтышты.

Эр-Риядда Хашогжинин иши боюнча биринчи соттук жыйын өттү

Azattyk.org 

Сауд Арабиясында журналист Жамал Хашогжинин (Хашогги) өлүмү боюнча биринчи соттук жыйын өттү. Ага 11 айыпталуучу жана алардын адвокаттары катышты. Айып коюлгандардын бешөөнө прокурор өлүм жазасын сурады. Саудиялык тергөөчүлөр түркиялык кесиптештеринен кошумча көрсөтмөлөрдү жана далилдерди күтүп жатышканын билдиришти. Айрым шектүүлөрдү суракка алуу уланып жатканын "Bloomberg" агенттиги жазды.  "The Washington Post" басылмасы менен кызматташып келген журналист Жамал Хашогжи өткөн жылдын октябрь айында... Читать дальше...



Эл көнө элек эрежелер

Azattyk.org 

2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген жаңы мыйзамдардагы административдик жаза чектөө керек деп саналган жоруктардын тизмесиндеги айрым жоболор социалдык тармактарда кызуу талкууланып, “Коюлган талаптар түзүлгөн шарттарга шайкешпи?” деген суроо коюлууда.

ЖМК: Түндүк Кореянын элчиси Италиядан башпаанек сурады

Azattyk.org 

Түндүк Кореянын Римдеги элчисинин милдетин аткарып жаткан Чо Сон Гил Батыш Европа мамлекеттеринин биринен башпаанек сураганын 3-январда Түштүк Кореянын маалымат каражаттары жазышты. Бул маалыматты Сеулда чалгын кызматынын өкүлдөрү менен жолуккан соң депутат Ким Мин-ки да ырастады. Италия өкмөтү бул боюнча үн ката элек.  Маалыматтарга караганда, Чо Сон Гил аялы менен Римдеги элчиликтин имаратынан мөөнөтү аяктарына аз калганда, ноябрь айынын башында эле чыгып кеткен. Андан бери кайдан экени белгисиз болчу. Читать дальше...

Абдылда Капаров ууланып ооруканага түшкөнүн ЖАМК төгүндөдү

Azattyk.org 

Төрт жылга кесилген милициянын полковниги Абдылда Капаров учурда Балыкчы шаарындагы №51 жатак абагында. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз өкүлү Элеонора Сабатарова кабарлады:  - Азыр ал №51 жаза аткаруу мекемесинде жазасын өтөп жатат. Биздин ички тартипти кичине бузуп коймой жагы бар. Биз аймактык ооруканаларга кайрылып сурасак, эч жерге кайрылган эмес, саламаттыгы эсен-соо экен. Азыр ал интервью бергенин да мойнуна албай, "жөн эле менин аты-жөнүмдү айтып коюптур" деп жатат. Читать дальше...

Советтик жана орусиялык музыкант Крис Келми көз жумду

Azattyk.org 

Крис Келми деген ысым менен таанымал ырчы жана музыкант Анатолий Келми 1-январда Москванын жака-белиндеги өз үйүндө 63 жашында көз жумганы маалым болду. Анын өлүмүнүн себеби азырынча белгисиз. Аны дарыгерлер эстен танган абалда табышкан, бирок өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Крис Келминин жылдызы 1980-жылдары жанган. Ал Советтер Союзунун маалында белгилүү болгон "Рок-Ателье" деген топту негиздеген. Бир кезде "Автограф" тобунда ырдачу. Ал "Ночное рандеву", "Усталое такси" деген ырлардын автору. Читать дальше...

Түркмөнстанда президенттин уулу губернатордун орун басары болду

Azattyk.org 

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов өзүнүн уулун Ахал облусунун губернаторунун орун басарлыгына дайындады.  37 жаштагы Сердар Бердымухаммедовдун дайындалганы тууралуу маалымат 2-январда өкмөттүн расмий сайтында жарыяланды.  Бир жыл мурда өлкө башчысы өзүнүн жалгыз уулун тышкы иштер министринин орун басары кылып дайындаган. Ахал облусу Иран жана Ооганстан менен чектешет. Борбору Анеу шаары баш калаа Ашхабаддан болгону сегиз чакырым жерде жайгашкан.  Ошону менен катар Сердар... Читать дальше...

4-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

Кыргыз гидрометеорология агенттиги билдиргендей, 4-январда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаайт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорун туман каптайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 1…6; Суусамырда түнкүсүн -20…-25, күндүз -6…-11; Таласта түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6; Баткенде түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8; Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-3... Читать дальше...

Кытай аппараты Айдын көрүнбөгөн тарабына конду

Azattyk.org 

Кытайдын планета аралык "Чаңэ-4" аттуу станциясы тарыхта биринчи жолу Айдын көрүнбөгөн тарабына конду. Ушундан улам Жер менен Айдын ортосунда байланыш түзүүгө мүмкүн болду. Бул тууралуу бейшембиде Кытайдын телеканалдары кабарлады.  Аталган космос аппараты 8-декабрда учурулган. Анын башкы миссиясы -Айдын буга чейин белгисиз болуп келген тарабын иликтөө. Аппарат радиоастрономиялык байкоо жүргүзүп, Айдын бетинин түзүлүшүн жана курамын иликтейт.  Чаңэ кытай мифологиясы боюнча Айдын пири деп эсептелет. Читать дальше...


Музыкальные новости
Моргенштерн

Моргенштерну* не нужны деньги? Рэпер рассказал о своем отношении к богатству





Персональные новости
#123ru.net

Прояснение причин СВО. План улучшения отношений. И дополнительно: "При чём здесь Ленин?"





Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы БАЭге кетти

Azattyk.org 

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Бириккен Араб Эмираттарына "Азия кубогу - 2019" оюндарына катышуу үчүн жөнөп кетти. Александр Крестинин жетектеген курама команда Катардын баш калаасы Дохада дээрлик бир айга созулган машыгууларын 2-январда жыйынтыктады. Кыргызстандын курама командасы машыгуу иретинде Катардан үч өлкөнүн курама командалары менен оюн өткөрдү. Алгач ал Иорданияны 1:0 эсебинде, Палестинаны 2:1 эсебинде утуп, Катарга 1:0 эсебинде утулуп калды. Кыргызстандын командасы Ал-Айн шаарында жайгашып... Читать дальше...

Ош: Элди алдап күбѳлүк жыйнагандарга каршы кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Элди алдап күбѳлүк жыйнагандарга «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы кабарлады. Белгисиз адамдар «Союз маалында тѳрѳлгѳндѳргѳ акчалай компенсация берилет» деп, СССР убагында туулган жарандардын туулгандыгы тууралуу күбѳлүктѳрүнүн кѳчүрмѳсүн топтоп алышкан. Учурда мыйзамсыз иш-аракеттердин уюштуруучуларына каршы төрт жарандан арыз түшүп, тергѳѳ амалдары башталды. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы компенсация тууралуу... Читать дальше...

АКШ элчиси Москвада кармалган америкалык жаран менен жолукту

Azattyk.org 

Кошмо Штаттардын Орусиядагы элчиси Жон Хантсман шаршембиде "Лефортово" тергөө абагында камакта отурган америкалык жаран Пол Уилан менен жолукту. Бул тууралуу Мамдепартаменттин басма сөз бөлүмү кабарлады.  Мурдараак АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео АКШ тыңчылык боюнча шектүү катары кармалган Пол Уиланды токтоосуз бошотууну жана анан кармалышы боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кыларын билдирген.  48 жаштагы Пол Уиланды Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) 28-декабрда кармаган. Ага... Читать дальше...

Масалиев депутаттардын талуу жерин айтты

Azattyk.org 

“Бийлик сырлары” берүүсүндө Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев экс-президенттин кол тийбестигин жое турган мыйзам жана аткаруу бийлигинин депутаттарды сатып алуу ыкмалары тууралуу айтып берди.

"American School" окуу борборунун жайкы лагерине жазылуу ызы-чуу менен коштолду

Azattyk.org 

"American School" окуу борборунун он күндүк жайкы лагерине катталуу башаламандык менен коштолду. Буга каалоочулардын саны жана окуу борборунун кызматкерлеринин ызы-чуусуз кезекке турууну камсыз кылбагандыгы себеп болгон.  Бир күн мурун англис тили боюнча курстарды сунуш кылып келген "American School" окуу борбору 3-январда жайкы лагерге каттоо башталарын жарыялап, ал таңкы саат тогуздан кечки жетиге чейин уланарын жазган. Уюштуруучулардын айтымында, келгендер өздөрү кезекке турбастан башаламандык жаратууда. Читать дальше...

Кыргыз Республикасынын эл артисти Эсенбүбү Нурманбетова көз жумду

Azattyk.org 

Кыргыз Республикасынын эл артисти, Калый Молдобасанов атындагы Улуттук консерваториянын профессору Эсенбүбү Нурманбетова кечээ 2-январда 62 жашында дүйнөдөн кайтты. Эсенбүбү Нурманбетова 1957-жылдын 13-июнунда Талас районунун Чоң-Алыш айылында туулган.  Эсенбүбү Нурманбетова 1987-1988-жылдары Москвада Чоң театрда билимин өркүндөтүп, СССРдин эл артисти, профессор Лисициандын классында сабак алган. Вокалдык искусствонун устаттык жолун улап, Калый Молдобасанов атындагы Улуттук консерваторияда жеке ырдоо бөлүмүндө жаштарды тарбиялап... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Сотрудник ОМОН «Крепость» стал бронзовым призером на соревнованиях Центрального округа Росгвардии по боксу


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Арина Соболенко

Соболенко: я предпочитаю смотреть мужской теннис, а не женский


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Сенсорный сад с экотропами появится в Бутырском районе Москвы





Путин в России и мире
Москва

Киркоров и Пелагея спели для амурчан-бамовцев в Москве


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко убежден, что белорусы «никогда еще так хорошо не жили»




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Во Франции назвали бредом слова Зеленского про угрозу Путина Европе


Навальный в России и мире
Москва

В РПЦ отказались называть причины запрета в служении иерея Сафронова, отпевавшего Навального



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Песня

Вывод Песни, Альбома, Клипа в ТОП Музыкальных Чартов – iTunes, Apple Music, Youtube Music, Яндекс.Музыка, ВК и Boom, Spotify.



Москва

Яна Поплавская про мигрантов после нападения на мужа: "Для них мы иноверцы"

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net