Кыргызстан – Кытай командалары киргизген голдордун видеосу
Азия футбол конфедерациясы Facebook социалдык тармагына Азия кубогунун алкагында беттешкен Кыргызстан – Кытай оюнчулары киргизген голдордун видеосун жарыялады.
Азия футбол конфедерациясы Facebook социалдык тармагына Азия кубогунун алкагында беттешкен Кыргызстан – Кытай оюнчулары киргизген голдордун видеосун жарыялады.
Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абиш Калмурзаевге караштуу “Дан” акционердик коомунан мамлекеттин ири өлчөмдөгү буудайы зыянга учурады. Жок болуп кеткен буудай боюнча соттук териштирүү арадан төрт жыл өтсө да аягына чыкпай турат. Кабарчыбыз өкмөт өкүлүнүн ишмердигин иликтеп жүрүп, Калмурзаевдин менчик мейманканасында орун алган терс жоруктарга да күбө болгон.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин дарбазачы Павел Матяшты колдоого алды. Ал футболдо жаңылыштык болорун, ал үчүн жеке бир оюнчуну күнөөлөш туура эмес экендигин кошумчалады: - Матч күтүлгөндөй эле эки командага тең оор болду. Бирок биз атаандашка караганда көбүрөөк жаңылдык. Мыкты оюнчулар деле жаңылышып жүрбөйбү. Ошол эле учурда биз өзүбүзгө тиешелүү чабуулдарды аягына чыгара албай калдык. Эң негизгиси - башты бийик көтөрүп, кийинки атаандаштарга даярданышыбыз абзел... Читать дальше...
Беттеш Бириккен Араб эмирлигинин Аль-Айн шаарындагы стадиондо өттү.
Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу саясатчыны жатак абакка которууну кечеңдетүү аракети көрүлүп жатканын айтып чыкты. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) маалыматы боюнча соттолуучуну абакта кармоо шартын өзгөртүү маселесин сот гана чечет.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Кытай командасына 1:2 эсебинде утулуп калды.
Орусия менен Түркиянын президенттери жакын арада кездешип АКШнын Сириядагы аскерлерин чыгаруу боюнча чечимин талкуулашмакчы.
Бишкектин борбордук аянтына 300дөй киши чыгып, Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытайлык мигранттарды өлкөдөн кетирүүнү талап кылышты. Алар ошондой эле жаңы кабыл алынган эреже бузуу боюнча айыппулдарга да нааразы экенин айтышты. 7-январь иш күнү болбогонуна байланыштуу кийинки митинг 17-январга белгиленди.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Кытай командасына 2:1 эсебинде утулуп калды. Оюн Бириккен Араб Эмирлигинде Азия кубогунун алкагында өтүп, биринчи таймдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан 1:0 эсебинде алдыда келе жаткан. Экинчи таймда Кыргызстандын дарбазачысы Павел Матяш одоно эки ката кетирип, бул мүмкүнчүлүктү кытай футболчулары эки ирет голго айланта алышты. Натыйжада Кытай командасы алгачкы жеңиш менен үч упайга ээ болуп, “С” тайпасында көч баштады. Бир нече сааттардан кийин “С” тайпасындагы экинчи жуп... Читать дальше...
UFC уюмунун эң жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко Азия чемпионатына катышып жаткан Кыргызстандын футбол командасына ийгилик каалады.
Бишкектин борбордук аянтына чыгып, Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытайлык мигранттарды өлкөдөн чыгарууну талап кылган 300дөй киши КТРКнын имаратына барып, эфир талап кылышты. Коомдук телерадиокорпорациянын жетекчиси Илим Карыпбеков митингчилерге чыгып, "Ала-Тоо 24" каналынан митинг тууралуу сюжет түрүндө жаңылык кетирүүгө убада берди. Митингчилер "Жерибизди сактайбыз", "Келечек үчүн", "Кытайлар кетсин" деген жазууларды кармап турушат. Буга чейин ушундай эле митинг борбордук аянтта өткөн. Аянтка... Читать дальше...
Кошмо Штаттардын делегациясы эки өлкө ортосундагы төрт айдан бери созулган “соода согушунун” маселесин чечүүгө аракет кылыш үчүн Кытайга барды. АКШнын соода өкүлүнүн орун басары Жеффри Герриш делегацияны баштап Бээжинге аттанып баратып, журналисттердин суроолоруна жооп берген жок. Кытайдын Соода министрлиги 4-январда билдиргендей, эки тарап Аргентинадагы "Чоң жыйырманын" жыйынында президент Трамп менен лидер Си Цзинпин жетишкен “маанилүү маселелерди чечүүнү” талкуулашат. 4-январда Трамп... Читать дальше...
Бүгүн дүйнөдөгү миллиондогон православ христиандары Ыйса пайгамбардын туулган күнүн же Рождествону белгилеп жатышат. Бул жолку майрам православ дүйнөсүндө ажырым күчөгөн учурга туш келди.
Орусиянын жана Түркиянын президенттери жакын арада кездешип, АКШнын Сириядагы өз аскерлерин чыгаруу тууралуу чечимин талкуулашмакчы. Түркиянын "Анадолу" маалымат агенттиги жекшемби күнү кабарлагандай, Владимир Путин менен Режеп Тайып Эрдогандын жолугушуусу ушул айга пландалып жатат. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков эки лидер жакын арада сүйлөшүү өткөрүүгө ниеттенип жатышканын ырастап, бирок кездешүүнүн күнү тактала элек экенин кошумчалады. Соңку ирет Путин менен Эрдоган 1-декабрда "Чоң... Читать дальше...
18 жаштагы саудиялык аял Таиланддын борбору Баңкоктогу мейманканада бекинип отурат. Ал үй-бүлөсүндөгү зомбулуктан качып, Австралиядан башкалка сурарын билдирди. Рахаф Мухаммед Алкунун 5-январдан тартып "Twitter" баракчасы аркылуу жардам сурап жаза баштады. Ал Кувейттен Баңкокко учуп келгенден киийн анын паспортун алып коюшканын айтып арызданган. Аял Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар агенттигине жардам сурап кайрылган. Адвокаты Алкунунду өз мекенине кайтарбоо тууралуу өтүнүч Баңкоктун Кылмыш сотунан жиберилгенин билдирди. Читать дальше...
Жогорку Кеңеш менен президенттик аппараттын имаратынын алдына келип түкүрүп, кылган жоругу үчүн 5500 сом айыппул төлөөгө даяр экенин айткан жаран изделүүдө. Бул тууралуу "Азаттыкка" Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын инспектору Нурлан Кайназаров кабарлады. - Күчүнө кирген жаңы кодекске ылайык (Жоруктар жөнүндө кодекс жана Бузуу жөнүндө кодекс) мындай жорук үчүн административдик жазага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тартат. Биздин кызматкерлер жаранды таап, акимиатка алып келет. Читать дальше...
7-январдан тартып Жапониядан сыртка чыгып жаткан өлкөнүн өз жарандары менен катар эле чет элдиктер да салык төлөшөт. 10 доллар өлчөмүндөгү төлөм учактын же кеменин билетинин наркына кошулат. Бул тууралуу "Nikkei Asian Review" басылмасы кабарлады. Эки жашка чейинки балдар, транзит менен өтүп бараткан жолоочулар жана мамлекеттик делегациянын курамындагылар мындай салыктан бошотулат. Жапон бийлигинин эсебине караганда, жаңы салыктан түшкөн киреше 50 миллиард иенге жетет. Бул каражат аэропорттордо... Читать дальше...
Журналистиканын ардагери Тенти Орокчу уулу уникалдуу инсан. Ал радиожурналист катары ондогон акын-жазуучулар, өнөрпоздор жана окумуштуулар менен маектешкен жана бул маектердин көбү Кыргыз радиосунун алтын фондуна кирген.
Таластагы үлпөт тойдо автомат атылганы айтылып, Интернетке тараган видео социалдык тармактарда түрдүү нааразычылыкка жем таштады.
Ооганстандын батышында «Талибан» кыймылынын жоочулары коопсуздук бекеттерин курчоого алып, 26 полиция кызматкерин өлтүрүшкөнүн 7-январда расмий бийлик өкүлдөрү билдиришти. Куралдуу жоочулар 6-январда Түркмөнстан менен чектешкен Бадгиз провинциясынын эки башка жеринде өткөрмө бекеттерге чабуул коюшкан. Провинциянын башчысы Абдул Азиз Бек 14 полиция кызматкери жана өкмөттүк милиция кошуунунун жети мүчөсү өлтүрүлгөнүн, дагы алтоо жарадар экенин бышыктады. Бадгиз провинциясынын губернаторунун басма... Читать дальше...
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) Жалал-Абад шаарындагы №10 мекемесине баңгизат алып кирип бараткан жергиликтүү депутат кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, декабрь айынын соңунда абактагы жакынына жолугушуу максатында келген Ноокен районунун Арал айылдык кеңешинин 42 жаштагы депутатынан нашаа табылган. Бул факт боюнча шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизаттарды, психотроптук заттарды... Читать дальше...
Кыргызстандын курама командасы тайпалык мелдеште биринчи оюнун 7-январда ойнойт.
Кыргыз гидрометеорология борбору билдиргендей, 8-январда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -2...+3, күндүз 2...7, Таласта түнкүсүн -1...-6, күндүз 2...7, Ысык-Көлдө түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...5, Баткенде түнкүсүн -2...+3, күндүз 2...7, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -2...+3... Читать дальше...
Тажикстандын түштүгүндөгү айылда 31-декабрда Орусиянын Магнитогорск шаарында кыйраган үйдө курман болгон 24 жаштагы Ражабмо Исоева менен анын үч баласынын сөөгү жерге берилди. Каргашалуу кырсыкта курман болгондорду акыркы сапарга узатуу зыйнатына облустук бийлик өкүлдөрү да барышты. Маркумдардын сөөктөрү Тажикстанга 6-январда кечинде жеткирилген. Магнитогорскиде көп кабаттуу үйдүн бир ыптасы кулаганда бул үй-бүлөнүн башчысы, 26 жаштагы Шухрат Улфатов оор жаракат алган. Аны урандынын алдынан таап чыгышкан соң ооруканага жөнөтүшкөн. Читать дальше...
7-январга караган түнү жаңы түзүлгөн украин православ чиркөөсүнүн башчысы митрополит Епифаний Киевде ортодокстордун Рождествосуна арналган алгачкы таат окуду.
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.