Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Январь
2019

Новости за 02.01.2019

Помпео Орусияда кармалган АКШ жараны боюнча үн катты

Azattyk.org 

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Орусияда америкалык жарандын тыңчылыкка шектүү катары кармалышы тууралуу комментарий берди.  Ал Кошмо Штаттардын Орусиядагы консулдугунун өкүлдөрүнө Пол Уилан менен жолугууга уруксат берилет деп күтүп жатканын, эгер ага тагылган айыптар негизсиз болсо, анда Вашингтон Москвадан өз жаранын кое берүүнү талап кылаарын 2-январда Бразилиядагы сапары учурунда айтты. Помпео АКШ Орусиядан өз жаранынакандай айыптар коюлуп жатканын так түшүндүрүүнү да сураганын кошумчалады. Читать дальше...

Даниядагы темир жол кырсыгы алты кишинин өмүрүн алды

Azattyk.org 

Даниядагы поезд кырсыгынан алты киши мерт болуп, он алтыдай адам жаракат алды. 2-январда өлкөнүн эки негизги аралын байланыштырган көпүрөдө катуу бороон маалында жүк ташуучу жана жүргүнчү поезддер кагышканын Даниянын темир жол мекемеси билдирди. Катаал аба ырайы жабыркаган адамдарга жардам көрсөтүүгө тоскоолдук жаратып жатканы кабарланды. Кырсык маалында поезддердин биринде жүргүнчүлөрдү жана экипаж мүчөлөрүн кошкондо 131 киши болгон. Жүргүнчү поезд Даниянын Фюн аралындагы Оденсе шаарынан... Читать дальше...

Эки уюм Шинжаңдагы кырдаал боюнча билдирүү таратты

Azattyk.org 

Дүйнөлүк уйгурлар жамаатынын лидери Рабие Кадер жана “Кыргызстандын адам укуктар комитети» уюмунун төрагасы Рамазан Дырылдаев Кытайдын Шинжаң районундагы аз улуттардын абалы боюнча кайрадан биргелешкен билдирүү таратышты.  Анда алар дүйнөлүк укук коргоо кыймылдарын Кытай өкмөтүнөн Шинжаңдагы уйгурлар, казактар жана кыргыздар сыяктуу мусулман азчылыктарынын укуктарын сыйлоону жана алардын өкүлдөрүн саясий лагерлерден бошотууну талап кылууга чакырган.  Ошондой эле билдирүүнүн авторлору Орусия, Казакстан... Читать дальше...



Жаңы жазалар жолду тартипке салабы?

Azattyk.org 

1-январдан тартып жаңы Бузуу тууралуу кодекс күчүнө кирди. Бул кодекске ылайык, жол эрежесин бузган айдоочуларга салына турган айыппулдун өлчөмү көбөйдү. Бул эрежелердин негизинде мас абалында машине айдагандарга 17 500 сом айыппул салынат. Ал эми 40 чакырымдык ылдамдык чегин бузган айдоочулар 7500 сом айыппул төлөйт. Жаңы жылдан кийин эреже бузганы үчүн жарандардын айдоочулук күбөлүктөрү алынбайт, бирок протокол толтуруу тартиби күчүндө калтырылган. Мыйзамдагы жаңы өзгөрүүлөрдү "маичилер" жана айдоочулар кандай кабыл алды?

Ош: мейманканада өрт чыкты

Azattyk.org 

1-январга караган түнү Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүндө чыккан өрттө эки кыз каза болду.

"Азаттыктын" каарманы: Мадинанын максаты

Azattyk.org 

Ош шаарынын тургуну Мадина Арслан кызынын мүмкүнчүлүгү чектелүү болсо да тоок чарба иштеткени тууралуу баяныбыздан соң ага АКШда иштеген мекендештер кайрылып, дарылануусуна жардам беришиптир. Сурдокотормочулукту үйрөнүп жаткан 22 жаштагы жаратман каарманыбыз баса албайм деп чүнчүп, үйдө отуруп калууну каалабай коомго аралашып, өзүн алга жетелеп, керек болсо өзү сыяктуу адамдардын жашоосун жеңилдеткенге жардам берсем деп тилек кылат.



Магнитогорскиде борбор азиялыктар да жабыркады

Azattyk.org 

Магнитогорскидеги жарылуудан азырынча теракттын издери табылган жок. Орусиянын Тергөө комитети ушундай билдирүү таратты. Көп кабаттуу үйдө болгон жарылуудан курман болгондордун саны 20га чукулдады.

Магнитогорскидеги жарылуунун курмандыктары 19 кишиге жетти

Azattyk.org 

Орусиянын Магнитогорск шаарында 31-декабрда болгон жарылуудан каза тапкандардын саны 19 адамга жетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 25 кишинин дагы эле дайыны чыкпай жатканын бүгүн, 2-январда билдирди.  Маалыматка ылайык, каза тапкандардын арасында эки өспүрүм бар. Алты адам, алардын ичинде эки бала урандылардын арасынан аман-эсен куткарылып, ооруканага жөнөтүлдү.  Жаңы жылга караган түнү Магнитогорск шаарындагы турак жайлардын бири жарылуудан улам урап түшкөн. Орусиянын Тергөө комитети көп кабаттуу үйдө газ жарылган болушу мүмкүн экенин... Читать дальше...

Мас айдоочуга биринчи жолу 17 500 сом айыппул салынды

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 1-январда мас абалында автоунаа айдап бараткан айдоочу кармалып, жаңы жылдан тартып күчүнө кирген Административдик кодекске ылайык 17 500 сом айыппулга жыгылды.  Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов билдирди. -1-январь күнү Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери “Мерседес” үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан. Айдоочу милиция кызматкерлери менен сүйлөшкөндө оозунан... Читать дальше...

НАСАнын космостук аппараты "Дүйнөнүн кыйырына" жетти

Azattyk.org 

НАСАнын 12 жыл мурда космоско учурулган планета аралык аппараты Күн системасынын эң алыскы мейкиндигиндеги "Ultima Thule" же "Дүйнөнүн кыйыры" аттуу астероиддин жанынан учуп өттү.  АКШнын Космостук агенттиги (NASA) "Жаңы горизонттор" аттуу бул космостук зонд астероидди жандап өткөндөн кийин жөнөткөн сигнал алты сааттан кийин Жерге жеткенин 1-январда кабарлады. Маалыматка ылайык, бул аппарат "Ultima Thule" астеороидинен 3,5 миң чакырым аралыкта учуп өткөн.  "Дүйнөнүн кыйыры" атыккан, узундугу... Читать дальше...

Түркмөнстанда ичимдик сатууну чектеген мыйзам күчүнө кирди

Azattyk.org 

Түркмөнстанда алкоголдук ичимдиктердин соодасын кескин түрдө чектеген жаңы мыйзам күчүнө кирди. Ага ылайык, 1-январдан тартып спорт борборлорунда, поезддерде, учактарда жана кемелерде алкоголго тыюу салынат.  5,6 миллиондой калк жашаган, алардын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзгөн бул өлкөдө мындан ары улуттук майрамдар учурунда да алкоголдук ичимдиктерди сатууга болбойт.  2021-жылдан тартып ишемби жана жекшемби күндөрү кафе-барлар менен ресторандардан башка жерлерде алкоголдук ичимдиктерди элге сунуш кылууга да чектөө киргизилмекчи. Читать дальше...

Алмадан чыккан ажырым

Azattyk.org 

Мамат Райымжанов журналистика менен кара сөздү эриш-аркак ала жүргөн жазуучу болчу.

Кемероводо пенсия реформасына каршы чыккан активист сабалды

Azattyk.org 

Орусиянын Кемерово шаарында пенсия реформасына каршы акцияларды уюштурууга көмөктөшүп келген активист сабалды. Валерий Казанцевди 1-январда таң эрте өзү жашаган үйдүн подъездинде белгисиз адамдар сабап кетишкенин "Нааразы Кузбасс" аттуу жергиликтүү кыймылдын координатору Лев Гяммер маалымдады.  Окуя активист Жаңы жылды белгилеген кечеден үйүнө кайтып келе жаткан учурда болгон. Гяммердин айтымында, кол салган эки киши активист Казанцев муну "эскертүү" катары кабыл алышы керек экенин айткан.  "Нааразы... Читать дальше...

Экономиканы "соода согушу" солгундатат

Azattyk.org 

Глобалдык экономиканын жыл тогошкон мезгилдеги абалы кандай? “Соода согуштары” менен коштолгон 2018-жылдан 2019-жылга дүйнөлүк экономика кандай көрсөткүчтөр менен кирди?

Тыюу салынган жерде тамеки тарткандар жазаланды

Azattyk.org 

1-январдан тартып күчүнө кирген “Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине” катталган иштер боюнча жалпысынан 121 миң сом айыппул салынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлады. Алгачкылардан болуп Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Панфилов райондук ички иштер бөлүмү тарабынан автоунааны документи жок айдап бараткан адам кармалып, аталган реестрге киргизилген. 1-январь, саат түнкү 12:00дөн 2-январь, түшкү саат 12:05ке чейин автоматташтырылган... Читать дальше...

Кытайдын лидери Тайвань маселеси боюнча эскертүү жасады

Azattyk.org 

Расмий Бээжин Тайвань менен Кытайдын тынч жол менен биригишине каршы турган күчтөргө "бардык керектүү чара көрүү" мүмкүнчүлүгүн четке какпайт. Бул тууралуу Кытайдын лидери Си Цзиньпинь 2-январда билдирип, биригүү жараяны акыры ишке ашаарынан күмөн санабай турганын айтты. Ал эки тараптын элин бул максатты орундатыш үчүн аракет кылууга чакырды. "Тайвандагы мекендештердин басымдуу бөлүгү бул аймактын өз алдынчалыгы Тайвандын өзүнө чоң бүлгүн салаарын так түшүнүүгө тийиш. Эл Тайвандын эгемендигин сүрөгөн... Читать дальше...

Ички иштер министрлиги Интернетте мониторинг жүргүзүүдө

Azattyk.org 

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги радикал топтордун Интернетте, социалдык тармактарда кылган аракеттерин көзөмөлдөө боюнча мониторинг жүргүзүп жатат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, мониторинг радикал уюмдардын чагымчыл жана бөлүп-жаруу аракеттерине бөгөт коюу максатын көздөйт.   Кыргызстанда жыл башында экстремизм менен терроризмди жайылтат деп эсептелген 150дөн ашуун интернет-булактын ишине бөгөт коюлган. Сайттардын көбү "Хизб-ут-Тахрир", "Талибан"... Читать дальше...


Музыкальные новости
Певица

Певица Наташа Королева своим видом доказала: в 50 лет жизнь только начинается





Персональные новости
Владимир Путин

Путин назвал сохранение духовных ценностей условием укрепления суверенитета





Алайда 10-класстын окуучусу өз жанын кыйды

Azattyk.org 

Алай районунда 10-класстын окуучусу асынып алышынын чоо-жайы иликтенип жатканын Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.  Окуя 28-декабрда кечке жуук Боз-Караган айылында болгон. Өзү жашаган үйдүн короосунда муунуп каза тапкан баланын сөөгүн атасы тапкан.  Маркумдун туугандары эч кимге доосу жок экенин айтып, милициянын сөөктү соттук-медициналык экспертизага берүү тууралуу сунушунан баш тартышкан.   Маалыматка караганда, өспүрүм Боз-Караган айылындагы мектепте былтыр окуй баштаган. Ага чейин апасы менен Орусияда жашап... Читать дальше...

Украинанын чыгышындагы кармаштан эки аскер мерт болду

Azattyk.org 

Орусия колдогон жикчилдер менен расмий Киевдин ортосундагы ок атышпоо тууралуу жаңы макулдашууга карабастан, Украинанын чыгышындагы кармашта эки украин аскери мерт болду. Дагы эки жоокер жарадар болгонун Украинанын Коргоо министрлиги 2-январда билдирди.  Анын маалыматына ылайык, жикчилдер 1-январда ок атып, граната жана снаряд чабуулдарын уюштуруп, макулдашууну үч жол бузган. Украинанын өкмөттүк күчтөрү буга жооп кайтарып, жикчилдердин бир өкүлүн жок кылышкан. Кеминде төрт жикчил жарадар болгон. Читать дальше...

Элге экстремизм боюнча түшүндүрүү жүргүзүлүп жатат

Azattyk.org 

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, экстремизм менен радикализмдин алдын алуу максатында аймактарда ислам дини боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.  Негизинен исламдын негиздери жана салттуу дин тууралуу окуулар, жолугушуулар декабрдын аягында өткөрүлө баштады.  Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия менен бирге имамдарга жана дин кызматкерлерине радикалдашууга жол бербеш үчүн кошумча курстар өткөрүлдү. Милиция Кыргызстанда тыюу салынган диний уюмдарга катышы бар экени сөз болгон... Читать дальше...

Магнитогорск шаарындагы жарылуу теракт катары мүнөздөлгөн жок

Azattyk.org 

Орусиянын Тергөө комитети Магнитогорск шаарындагы бир нече кишинин өмүрүн алган жарылууну теракт катары мүнөздөөгө далилдер жоктугун билдирди. "Медиа каражаттарындагы бир катар маалыматтарга байланыштуу айтып коюшубуз керек. Иликтөөнүн азыркы этабында урандылардын алдынан жардыруучу заттардын же алардын бөлүктөрүнүн изи табылган жок",- деп айтылат Тергөө комитетинин 1-январдагы билдирүүсүндө. 31-декабрда Магнитогорск шаарындагы турак жайлардын бири жарылуудан улам урап түшүп, андан каза тапкандардын саны 13кө жетти. Читать дальше...

Президент С. Жээнбеков Магнитогорскиде газ жарылып, анын кесепетинен адамдар каза болгондугуна байланыштуу РФнын Президенти В. Путинге көңүл айтты

Ca-irnews.com (kg) 

Бишкек, 2-январь, 2019-жыл. /ca-irnews.com/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Магнитогорскиде газ жарылып, анын кесепетинен адамдар каза болгондугуна байланыштуу Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге көңүл айтты.

Спорт в России и мире
Москва

В "Локомотиве" иронично отреагировали на ничью в матче ЦСКА со "Спартаком"


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Линетт сыграет против Соболенко во втором круге турнира WTA в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Компания ICDMC стала победителем престижной премии в сфере ЗОЖ – Green Awards 2023/24





Путин в России и мире
Москва

Строители мостов и дорог удостоены государственных наград


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко: на территории Польши и Прибалтики готовят атаки на восток




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Захарова: встречи по продвижению "формулы Зеленского" дают Киеву чувство вседозволенности


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Алсу

Алсу ире белән аерылышканмы?



Москва

В продаже в Москве — один из наиболее редких кабриолетов Bentley Continental GTC.

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net