Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Январь
2019

Новости за 12.01.2019

Баланын өлүмүнө шектүү аял эки айга камалды

Azattyk.org 

Ошто эки жашар баланын өлүмүнө шектүү аял эки айга камалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди. Мындай чечимди 12-январь күнү Ош шаардык соту чыгарды. Ага ылайык, кайнисинин эки жашар баласын сабап, өлтүрүп койгон деп шектелип жаткан аял 12-мартка чейин тергөө абагында болот. 10-январь күнү Ош шаарында отуз жаштагы келин эки жашар баланын өлүмүнө шектелип кармалган. Алгачкы суракта ал бала шымына сийип койгону үчүн сабаганын айткан. Читать дальше...

Мектебин алдыга тарткан мигрант балдар

Azattyk.org 

"Орусияда мигранттардын балдары көбүнчө чабал мектептерде окушат. Бирок алар тырышчаак, зээндүү келет жана ксенофобиядан алыс". Орусиянын Улуттук изилдөө университетинин социологдору Москванын мектептеринде атайын изилдөө жүргүзүп, ушундай жыйынтыкка келишкен.



"Күнболот ишин сүйгөн кызматкер эле..."

Azattyk.org 

Кант шаарында жол боюнда сөөгү табылган кызматкери, полковник Күнболот Касмалиевдин сөөгү бүгүн 12-январда Нарын шаарында жерге берилди. Жакындары милиция кызматкери киши колдуу болушу мүмкүн деп жоромолдоп жатышат. Расмий маалыматтарга караганда милиция кызматкерин 10-январда түн жарымынан оогон маалда автоунаа коюп кеткен. Учурда бул окуяга шектүү бир адам кармалып сурак берип жатат.

Париждеги жарылуудан онго жакын адам жараат алды

Azattyk.org 

Париждеги жарылуудан кеминде тогуз киши жараат алды. Расмий органдар жарылууга наабайканадагы газ түтүгүнүн жарылышы себеп болгонун айтышууда. Франциянын ички иштер министри Кристоф Кастанердин айтымында, өрттү өчүрүүгө жана жакын жердеги имараттардан адамдарды эвакуациялоого 200дөн ашык өрт өчүрүү кызматкери тартылды. Кырсык Парижде “сары кемселчендердин” кезектеги нааразылык акциясы өтөрдүн алдында катталды. Бир нече аптадан бери уланып жаткан акцияга байланыштуу полиция калаанын борбордук бөлүгүндө көзөмөлдү күчөткөн. Читать дальше...

Аба ырайы: кар жаабайт, туман басат

Azattyk.org 

Аба ырайы: Кыргыз гидрометеорология борбору билдиргендей, 13-январда өлкө аймагында кар жаабайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй, Талас облустарында туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -4...-9, күндүз 1...6; Таласта түнкүсүн -5...-10, күндүз 1...6; Ысык-Көлдө түнкүсүн -5...-10, күндүз 0…5; Баткенде түнкүсүн -2...-7, күндүз 2...7; Ошто жана Жалал-Абадда түнкүсүн -1...-6, күндүз 2...7; Нарында түнкүсүн -22...-27... Читать дальше...

АКШда өкмөттүн иши жарым-жартылай токтогону эң узак мөөнөткө созулду

Azattyk.org 

АКШда шатдаун же федералдык өкмөттүн иши жарым-жартылай токтошу эң узак мөөнөткө созулду. 12-январда өкмөттүн толук кандуу каржыланбай турганына 22 күн толду. Бул АКШ тарыхындагы эң узун шатдаун болуп калат. Жума күнү өлкөдөгү 800 миңге жакын мамлекеттик кызматкерлерге айлык акы төлөнгөн жок. Буга чейин президент Дональд Трамп Мексика менен чек арага дубал куруу боюнча мунаса табылмайынча, өкмөттүн иши толук жанданбай турганын билдирген. Мексика менен чек арадагы дубалдын курулушу үчүн Трамп Конгресстен 5,7 миллиард доллар сурап жатат. Читать дальше...



Астана тайказандын тагдырын чечкени калды

Azattyk.org 

Учурда жергиликтүү медиада Өзбекстанда боло турган Көкбөрү боюнча дүйнөлүк чемпионат тай казан менен өтөт деген маалыматтар тарай баштады. Бирок бул маселенин түйүнү алигиче чечиле электиги бизге маалым болду.

Күрөш: Кыргызстандын чемпионаты өтүп жатат

Azattyk.org 

Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүп жатат. Мелдешке өлкөнүн бардык аймагынан мыкты балбандар келишти. Чемпионаттын жыйынтыгы менен Кыргызстандын күчтүүлөрү аныкталып, улуттук курама команда түптөлмөкчү. Ошондой эле бул мелдештерден соң мыктылар Кытайда боло турган Азия чемпионатына барышат. Чемпионат 11-январда башталган, бүгүн аяктайт. Буга чейин 9-10-январь күндөрү Бишкекте эркин күрөш боюнча чемпионат аяктаган. (SDz)

Абылгазиев көрүстөндү талкалагандарды табууну тапшырды

Azattyk.org 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Көлдүн Ананьево айылындагы көрүстөндөгү вандализмге күнөөлүүлөрдү таап, аларды жоопкерчиликке тартууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, премьер-министр мындай тапшырманы Ички иштер министрлигине берген. Абылгазиев окуяны өзгөчө адепсиз көрүнүш деп баалап, күнөөлүүлөрдү тез арада аныктоо зарылдыгын белгилеген. 11-январдын кечинде белгисиз адамдар Ысык-Көлдүн Ананьево айылындагы көрүстөнгө келип 34 жыгач... Читать дальше...

Талашка түшкөн ырайым

Azattyk.org 

Бул аптада президент Сооронбай Жээнбеков “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге ырайым бербей турганы белгилүү болду. Президенттик аппарат Текебаевди эркиндикке чыгаруу боюнча экс-президент Роза Отунбаева баш болгон парламенттеги фракция лидерлеринин кайрылуусун кароого негиз жок деп тапты. Мындай чечимдин күңгөй-тескейине “Азаттык” сереп салды.

Парижде жарылуу болду

Azattyk.org 

Париждин борборунда жардыруу болду. Бул маалыматты Париждин полициясы ырастады. Учурда жабырлануучулар бар экени айтылганы менен алардын саны тактала элек. Алдын ала маалыматтар боюнча, калаанын 9-кварталында наабайкана жайгашкан имаратта газ түтүгү жарылган. Бул аймакта "Лафайет" галереясы жана бир нече музей жайгашкан. Учурда окуя болгон жерде полиция жана өрт өчүргүчтөр иштеп жатат.

Курал саткан чек арачыларга сот өкүмү чыкты

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту Чек ара кызматынын кампаларынан курал-жарак уурдоого байланыштуу ишти карап бүттү.  Бул тууралуу Жогорку соттон кабарлашты. Чечимге ылайык, Чек ара кызматынын төрт кызматкери 12 жылдан 17 жылга чейин соттолушту. Дагы алты адам беш жылдан сегиз жылга чейин шарттуу түрдө кесилди. Ал эми курал сатууга тиешеси бар кылмыштуу топтун өкүлү 21 жылга эркинен ажыратылды. Чек ара кызматынын бир нече кызматкери курал-жарак сатып жүргөнү 2017-жылы ачыкка чыккан. Анда 2014-жылдан... Читать дальше...

Ананьево айылында православ көрүстөнүндөгү эстеликтер талкаланды

Azattyk.org 

Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиевдин “Азаттык” радиосуна айтымында, 11-январда кечке маал белгисиз адамдар көрүстөндөгү 34 жыгач крестти жана эки мрамор эстеликти талкалап кеткен. Азырынча көрүстөндөгү эстеликтерди талкалагандар аныктала элек. Милиция ишти иликтей баштады.  Иманалиев бүгүн Ананьево айылынын тургундары менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүн кабарлады. “Райондун прокурору, милициянын башчысы болуп барып, тургундар менен жолуктук. Түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Биринчи мындай жорукту ким кылганын табалы... Читать дальше...

Донбасста ЕККУнун учкучсуз учагы аткыланды

Azattyk.org 

Украинанын чыгышындагы Донбасс аймагында ЕККУнун мониторингдик миссиясынын учкучсуз учагы аткылоого дуушар болду. Байкоочулар кабарлашкандай, окуя Попасная деген айылдын жанында болгон. Бул айылды Украинанын өкмөттүк аскерлери көзөмөлдөп турат. Учакка ким ок атканы азырынча белгисиз. Буга чейин ЕККУнун мониторингдик миссиясы бир нече жолу учкучсуз аппаратын жоготкон. 2-январда Луганскиде, былтыр ноябрда болсо орус-украин чек арасына жакын жерде учактар аткыланган эле. Акыркы күндөрү расмий Киевдин... Читать дальше...


Музыкальные новости
Елена Образцова

В «Зарядье» пройдет концерт к 85-летию со дня рождения Елены Образцовой





Персональные новости
Спартак

«Спартак» обыграл «Динамо» 2:0 в полуфинале Пути регионов Кубка России





Бишкекте кичи автобустун жол киресин 12 сомго жогорулатуу сунушталды

Azattyk.org 

Бишкекте коомдук транспорттун жол киресин кымбаттатуу сунушталууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев кабарлады. Анын айтымында, жол акыны борбордогу автобус жана троллейбустарда электрондук билет менен 8 сом, эгер нак төлөнсө 10 сом, ал эми маршруттук кичи автобустарда 12 сомго көтөрүү каралууда. Бул боюнча сунушту шаардык кеңеш карап, чечим кабыл алышы керек. Түлөбаев бул маселе боюнча чечим кабыл алуу июль айына чейин создугушу мүмкүн экенин кошумчалады. Буга... Читать дальше...

Орусия соту кылмышка шектелген банкирди Казакстанга өткөрүүгө макул болду

Azattyk.org 

Орусия банкир Жомарт Ертаевди Казакстанга өткөрүү боюнча прокуратуранын чечимин мыйзамдуу деп тапты. Мындай чечимди 11-январда Москва шаардык соту кабыл алды. Ертаевдин адвокаты Алексей Петровдун айтымында, учурда чечим күчүнө кире элек жана доо арыз берилиши мүмкүн. 45 жаштагы Жомарт Ертаев былтыр май айында Москвада кармалган. Ал алгач үй камагында кармалып, кийин бошотулганы кабарлаган. Ертаев Казакстанда 80 миллион доллардан ашык каражат боюнча алдамчылыкка шек саналууда. Буга байланыштуу казак прокуратурасы Орусияга кайрылып... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Росгвардейцы обеспечили безопасность во время футбольного матча в Москве


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Андрей Рублёв

Рублев о победе над Алькарасом на турнире в Мадриде: мне очень помогла подача


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире
Москва

Путин посетил пасхальную службу в храме Христа Спасителя в Москве


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Бато Багдаев

Россия и Дети: театр кукол Ульгэр в Бурятии покажет концерт-представление "Вальс Победы"



Москва

Красота требуется: интерес к профессии модельера вырос впервые за пять лет

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net