Манчестер: полиция түнкү чабуулду теракт катары иликтей баштады
Манчестердин полициясы 31-декабрдын кечинде метродо бычак менен кол салууну теракт катары иликтей баштады. Окуяда үч киши, анын ичинде полициячы жарадар болгон. Эки адамдын абалы оор. Кол салган киши кармалды. Күбөлөрдүн айтымында, ал "Аллах Акбар" деп кыйкырган. Иликтөөнү Британ полициясынын террорчулукка каршы күрөшүү бөлүмү баштады. Британиянын премьер-министри Тереза Мэй "Твиттер" аркылуу жабыркагандарга колдоосун билдирди. "Мен Манчестерде түнүндө болгон ыктымал террордук чабуулда жабыркагандарды колдойм. Читать дальше...