HRW Шинжаңда “репрессиялардын күчөшүн” сынга алды
“Хьюман Райтс Уотч” эл аралык уюму расмий Бээжинди адам укуктарынын дүйнөдөгү абалы боюнча жаңы жылдык баяндамасында сынга алды. “Кытайдын өкмөтү түндүк-батыштагы Шинжаң аймагында 13 миллион түрк мусулманга каршы репрессияларын кескин күчөттү. Бийлик массалык кармоолорду, кыйноону, катаал мамилени колдонуп жатат. Бир миллиондой түрк мусулмандар белгисиз мөөнөткө саясий тарбия лагерлеринде кармалып, ал жерлерде кытай тилин үйрөнүүгө, өкмөттү жана Коммунисттик партияны мактоого мажбурланууда. Камак... Читать дальше...