Өкүнүчтүү! Кыргызстан Түштүк Кореяга утулуп калды
Оюн Аль-Айн шаарындагы Hazza bin стадионунда болду.
Оюн Аль-Айн шаарындагы Hazza bin стадионунда болду.
Кыргызстандык футболчулар Түштүк Кореянын курама командасына 1:0 эсебинде утулуп калды. Жалгыз голдун автору кореялык коргоочу Ким Мин Же болду. Ал эсепти биринчи таймдын 41-мүнөтүндө ачты. Кыргызстан-Түштүк Корея оюну 11-январда Бириккен Араб Эмирлигинин Аль-Айн шаарындагы Хазза бин Зайид стадионунда өттү. "Ак шумкарлар" кийинки оюнду 16-январда Филиппин командасына каршы ойнойт. Учурда "С" тайпасында Кытай менен Түштүк Корея командаларынын алтыдан упайлары бар. Ал эми Кыргызстан менен Филиппинде упай жок. Читать дальше...
Үй-бүлөсүнүн зордук-зомбулугунан качканын айткан 18 жаштагы саудиялык кыз Таиланддан Канадага кетмей болду. Бул тууралуу Таиланддын иммиграциялык полициясынын башчысы Сурачате Хакпарн билдирди. Ал Рахаф Мухаммед аль-Кунун 11-январдын кечиндеги каттам менен Канадага сапар алаарын айтуу менен гана чектелип, кошумча маалымат берген жок. Бул кабарды Канаданын тышкы иштер министрлиги ырастай элек. Саудиялык кыз 5-январда Кувейттен Таиланддын борбору Бангоктун аэропортуна конгондо кармалган. Алгач... Читать дальше...
Бириккен Араб Эмирлигинде өтүп жаткан Азия кубогунун тайпалык оюндарынын алкагында Кыргызстан – Түштүк Корея командаларынын беттешинин биринчи таймы аяктады. Оюндун 41-мүнөтүндө Түштүк Кореянын коргоочусу Ким Мин Же гол киргизип, эсепти ачты. Оюн дээрлик кореялык футболчуларынын үстөмдүгү астында өтүүдө. Алгачкы 45 мүнөттө кореялыктар талаанын 74 пайызын ээлесе, Кыргызстандын үстөмдүгү 26 пайыздан ашкан жок. Командалар жалпысынан 11 жолу дарбазага топ тепсе, анын төртөө Кыргызстанга таандык болду. Читать дальше...
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы бүгүн, 11-январда Азия кубогунун алкагында Түштүк Корея мамлекети менен ойноп жатат. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталды. 11-январда футбол боюнча Азия кубогунун алкагында Кытай командасы Филиппинди 3:0 эсебинде уткандыгына байланыштуу Кыргызстандын тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгү азайды. Эгерде Кыргызстан бүгүнкү Түштүк Корея менен беттеште утулуп калса, 1/8 финалдык бөлүккө чыгууга мүмкүнчүлүгүн жоготот. Ушул учурда «С» тайпасында Кытай алты упайы менен биринчи орунга чыкты.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы бүгүн, 11-январда Азия кубогунун алкагында Түштүк Корея мамлекети менен ойноп жатат. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталды.
11-январда футбол боюнча Азия кубогунун алкагында Кытай командасы Филиппинди 3:0 эсебинде уткандыгына байланыштуу Кыргызстандын тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгү азайды. Эгерде Кыргызстан бүгүнкү Түштүк Корея менен боло турган беттеште утулуп калса, 1/8 финалдык бөлүккө чыгууга мүмкүнчүлүгүн жоготот. Ушул учурда «С» тайпасында Кытай алты упайы менен биринчи орунга чыкты. Ал эми Түштүк Кореяда азырынча үч упай бар. Кыргызстан менен Филиппиндин упайлары жок. Түштүк Корея – Кыргызстан командаларынын... Читать дальше...
“Азаттык” радиосунун кабарчысы, белгилүү иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаев көзү тирүүсүндө даярдаган "Көрүстөндөгү коррупция" иликтөөсүндө ачыкталган жагдайлар тууралуу козголгон кылмыш иштери алдыга жыла элек.
2019-жылдын 10-январында болжол менен саат түнкү бир чамасында Кант шаарынан жол кырсыгы катталган. Анда белгисиз айдоочу 35-40 жаштагы жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден изин суутуп кеткен.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын дарбазачысы Павел Матяш Түштүк Кореяга каршы оюнга чыкпайт. Башкы машыктыруучу Александр Крестинин жарыялаган баштапкы тизмеде дарбазачынын милдетин Кутман Кыдырбаев аткармай болду. Кыргызстан 7-январда Кытай командасына 1:2 эсебинде утулуп калган. Ал оюнда дарбазачы Павел Матяш одоно эки ката кетирген. Ошондой эле Түштүк Корея менен боло турган бүгүнкү оюнга чабуулчу Виталий Люкс алгачкы мүнөттө чыкпайт. Анын ордуна чабуулчу Мирлан Мурзаев негизги курамга кирди. Читать дальше...
АКШ кийинки айда Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу глобалдык саммит өткөрөт. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Майк Помпео "Fox News" телеканалына билдирди. Анын 11-январда көрсөтүлгөн бул маегинде айтылгандай, саммит 13-14-февралда Польшада өтөт. Ага Азия, Африка, Батыш өлкөлөрү жана Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттердин лидерлери катышат. Помпеонун айтымында, анда бул аймакта тынчтык орнотуу жана коопсуздукту камсыз кылуу сыяктуу маселелер талкууланат. Ирандын чөлкөмдөгү кырдаалга тийгизген таасирине да көңүл бурулат. Читать дальше...
Орусиянын Коргоо министрлиги өлкөнүн аба мейкиндигине уруксатсыз кирген жүргүнчү учактарды атып түшүрүүгө жол ачкан мыйзам долбоорун сунуштады. Мындай документ укуктук актылардын долбоорлору боюнча өкмөттүк сайтка жарыяланды. Бул сунушка ылайык, жүргүнчү учактар Орусиянын аба мейкиндигине уруксатсыз кирсе, эскертүүлөргө же эскертүү максатында атылган окторго жооп бербесе, адамдардын массалык өлүмүнө, экологиялык катастрофага себепчи болоору же стратегиялык объектерге коркунуч жаратаары аныкталса, анда андай учактар атып түшүрүлүшү мүмкүн. Читать дальше...
Кошмо Штаттарда үч аптадан бери федералдык өкмөттүн иши жарым-жартылай токтоп турат. АКШнын Мексика менен чек арасында дубал куруу маселеси талашка айланды. Казакстанда мугалимдердин ар-намысын коргогон мыйзам долбоору талкууга түштү.
Беларус бийлиги америкалык дипломаттардын санына байланыштуу узактан бери келаткан чектөөнү алып салды. Бул тууралуу америкалык "Foreign Policy" өз булактарына таянып кабарлады. Басылманын маалыматы боюнча, Беларустун тышкы иштер министри Владимир Макей чектөө алынганы тууралуу маалымат берүү үчүн АКШнын расмий өкүлдөрүнө телефон чалган. 2008-жылдын март айында беларус бийлигинин талабынан улам АКШнын Минскидеги элчилигинде дипломатиялык кызматкерлеринин саны 35тен беш кишиге чейин кыскарган. Читать дальше...
Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 22.00дө башталат.
Кыргызстан бир катар мамлекеттердеги элчилерин алмаштырууда. Бул жолу элчилик кызматка тажрыйбалуу адистердин сунушталып жатканын айрымдар оң баалашууда.
Кошмо Штаттарда федералдык өкмөттүн ишин жарым-жартылай токтоткон кырдаал үчүнчү апта уланууда.
Ош, 11-январь, 2019-жыл. /ca-irnews.com/. Өзбекстан атайын токтом кабыл алып, чет элден убактылуу же транзит менен кирген жана терезелери караңгылатылган жеңил автоунаа ээлери 15 доллар өлчөмүндө акы төлөнө турганын жарыя кылды.
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда 2019-жылдын июнь айында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин кеңешин уюштуруу маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Мамлекет башчысы быйылкы жыл ШКУнун эгидасы алдында өтөөрүн жана ШКУ cаммитинин алкагында пландалып жаткан иш-чаралардын бардыгы Кыргызстан үчүн маанилүү окуя экенин белгилеп, каралчу маселелерди мазмундуу, жогорку деңгээлде даярдоону тапшырды. Саммитти өткөрүү максатында жасалган иштер, пландалып жаткан чаралар боюнча уюштуруу комитетинин төрагасы... Читать дальше...
Орусиянын тышкы иштер министрлиги Сирия армиясы АКШнын аскердик күчтөрү чыгарылган аймактарды көзөмөлгө алышы керек деп билдирди.
Казакстанда атактуу спортчу Денис Тендин өлүмүнө айыпталып жаткандардын бири Арман Кудайбергенов 11-январда сотто сүйлөгөн сөзүндө кылмышка барганына өкүнөрүн айтып, Тендин үй-бүлөсүнөн жана жалпы казакстандыктардан кечирим сурады. Ал адам өлтүрүүнү көздөбөгөнүн, бул кылмышка болгону машиненин күзгүлөрүн уурдап, акча жасоо максатында барганын айтты. Мурдараак киши өлтүргөнүн мойнуна алган Кудайбергенов эми башында берген көрсөтмөлөрүнөн баш тартып, аны ур-токмок менен мойнуна алдырышканын билдирүүдө. Читать дальше...
Михаил Ходорковскийдин борбору жарыялаган тыянакка ылайык, былтыр Борбордук Африка Жумуриятында киши колдуу болгон орусиялык журналисттерди, расмий версияда айтылгандай, тоноо максатында өлтүрүшкөн эмес.
Улуттук энергохолдинг компаниясы компьютерде отуруп иштеген жумушчуларына 2017-жылы 3 миллион 700 миң сом кенемте төлөгөнү талкууга түштү.
Бириккен Араб Эмирлигинде футбол боюнча Азия кубогунун таймашуулары өтүп жатат. Бүгүн Кыргызстандын футболчулары Түштүк Кореянын командасы менен беттешип, кийинки тагдыры чечилет. Спорттук баяндамачы, колумнист Кабыл Макешов Азия кубогундагы оюндар тууралуу учкай баяндайт.
Ахметов былтыр июль айынан тартып москвалык ЦСКА командасы менен келишим түзүп, Россиянын футбол боюнча курамасына чакырылган.
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.