Тоолуу жолдордо кар көчкү коркунучу келип чыкты
4-январдан 7-январга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан карга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, бул күндөрдө Бишкек-Ош жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу), 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел, Чычкан), Ала-Бука-Каныш-Кыя жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма), Красная Горка-Ак-Таш жолунун 1-4-чакырымдарында жана Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунун 65-90-95-130-чакырымдарында кар көчкү түшүшү ыктымал. Жолдор тайгак болот. Читать дальше...