Иран Жапонияга 850 миң баррел чийки мунай экспорттойт
Жапониянын Cusco Oil мунай иштетүүчү компаниясы Ирандан алгачкы партия чийки мунайын жүктөп кетти.
Жапониянын Cusco Oil мунай иштетүүчү компаниясы Ирандан алгачкы партия чийки мунайын жүктөп кетти.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун казак кызматы кабарлагандай, бул тууралуу бүгүн Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары Нургали Билисбеков билдирди. Ал парламенттин жогорку палатасы - Сенаттын комитет жыйынында белгилегендей, Сирияда Казакстандын али 300дөй жараны кала берүүдө, алардын 100 чактысы "согушкерлер". Казакстандын атайын кызмат башчысынын орун басары Сириядагы “согушкерлер” мекенине кайтып келген шартта жоопко тартыла турганын белгиледи. Казак бийлиги буга чейин жарыялагандай... Читать дальше...
Бириккен Араб Эмираттарында базар маданияты мыкты калыптанган. Соода-сатык -өлкөнүн киреше алып келчү тармактарынын бири. Эгер капчыгың калың болсо, базарлардан каалаган буюмду тапсаң болот. Араб базарларын миң уккандан бир көргөн артык.
Вашингтондун 28-январда жарыяланган жаңы чечими Венесуэланын мунайын АКШнын импорттоосуна тыюу салбайт. Бирок ал америкалык компаниялар Венесуэланын мамлекеттик PDVSA мунай компаниясы менен каржылык операцияларды жүргүзүшүнө бөгөт коёт. АКШнын финансы министри Стивен Мнучиндин билдиргенине караганда, бул Венесуэладан импорттолгон мунай үчүн төлөмдөр атайын, бирок бөгөт коюлган банк эсептерине которулат дегенди билдирет. Венесуэланын мунайы үчүн АКШ - эң ири экспорттук базар. Президент Николас Мадуро АКШнын кадамын сынга алып... Читать дальше...
29-январда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Жекелик каналындагы жаңы көпүрөнүн курулушуна капсула салды. Шаар башчы ириде курулуштун сапатына көңүл буруу зарыл экенин белгиледи. Жаңы көпүрөнүн узундугу 9 метр, туурасы 12 метр болот. Көпүрөнүн курулушу жергиликтүү бюджеттен каржыланууда, ага шаардык жолдор башкармалыгы көзөмөл кылат. Таалайбек Сарыбашов А. Асранкулов көчөсүнө курулуп жаткан тротуардын курулушун да текшерүүгө алып, таман таш (брусчатка) төшөө иштерине чейин мыйзамсыз курулуштарды алып салууну тапшырды. Читать дальше...
Испаниянын төртүнчү дивизионунда беттешкен "Сант Кугата" менен "Манллей" командаларынын беттешинде адаттан тыш окуя болду.
Бул тууралуу мамлекеттик миграция кызматынын маалымат-кеңеш берүү борборунун кызматкери Алмаз Алыбаев 29-январда журналисттерге билдирди. Анын айтымында, 18 кыргызстандыктын сөөгү Орусиядан келген. Аткаминердин айтуусунда, сөөк жеткирүүнүн чыгымдарын төлөп берүү боюнча 20 өтүнүч каралып жатат. Жалпы жонунан мамлекет тарабынан 1 млн. сом төлөнүүгө тийиш. Алмаз Алыбаевдин белгилешинде, кыргызстандык мигранттар көбүнчө курулуш жана өнөр жай ишканаларында иштеп жатып каза табат. Сөөктү мекенине жеткирүү үчүн 50 миң сом төлөнөт. Читать дальше...
Cоциалдык тармактардын популярдуулугу арткан сайын алардан жапа чеккен колдонуучулар да көбөйүп жатат. Минтип жабырлангандардын арасында өспүрүмдөр да бар. Жасалма аккаунттар аркылуу алардын аброюна шек келтирген учурлар кездешүүдө.
Акыркы күндөрү Казакстанда окуучулар аралашкан кылмыштар удаа-удаа катталып, коомчулуктун үрөйүн учурду. Бери дегенде төрт шаарда болгон мушташтын видеосу Интернетке тарады. Тартип сакчылары бул кылмыштарды тыюыш үчүн атайын комиссия түзүүнү сунуш кылып жатышат.
Акыркы күндөрү Казакстанда окуучулар аралашкан кылмыштар удаа-удаа катталып, коомчулуктун үрөйүн учурду. Бери дегенде төрт шаарда болгон мушташтын видеосу Интернетке тарады. Тартип сакчылары бул кылмыштарды тыюу аракетинде атайын комиссия түзүүнү сунуштап жатат.
"Апрель" телеканалынын жетекчиси Дмитрий Ложниковго Октябрь райондук сотунан сот жараянына чакыруу кагазы келген. Бул маалыматты чакыруу кагазынын сүрөтүн кошо жайгаштырып, журналист "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Журналисттин "Азаттыкка" билдиргени боюнча, соттук териштирүү 30-январда башталат. - Өткөн жумада да чакыруу келген, - деди ал. - Бирок биздин адвокаттар бошобой каларын айтып, сотту жылдырууну өтүнүшкөн эле. Эми "30-январда болот" деп чакыруу келди. Бизди Медиа Полиси институту сотто коргойт... Читать дальше...
Ала-Бука жана Чаткал райондорундагы кендерге байланыштуу маселелер жана чыр-чатактар ошол райондордун акимдеринин ишине көз каранды. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бул тууралуу 29-январда Жалал-Абад шаарында өткөн жыйын учурунда билдирди: - Мага жеткен маалыматтар боюнча аким менен аймактагы укук коргоо органдары кен иштеткен компаниялардын "үстүнөн карайт" экенсиңер. Азыр ачык айтпай эле коеюн, ишкерлер менен жолуккан учурда бизге бир топ маалыматтарды берип жатышат, сиздер боюнча. Читать дальше...
Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров телефондо сүйлөшүп, ар кандай маселелерди, анын ичинде Венесуэладагы акыркы окуяларды талкуулашты.
21-январь күнү таңга жуук, саат 04.00 чамасында Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон айылынын тургунунун үйүнө белгисиз эки адам беткап кийип кирген. Алар үйдөгү 56 жаштагы аялды 29 жаштагы кызы менен кошо колу-бутун байлап, ооздорун чаптап, акча доолашкан. Аял 4500 сом акчасын берген, ага ыраазы болбогон беткапчандар үйдүн ичин чачып, кымбат баалуу жасалга буюмдарын алып, качып кетишкен. Учурда Базар-Коргон райондук милициясы бул иш боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Милициянын маалыматы боюнча... Читать дальше...
Мурдагы депутат Аида Салянова Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө чыныгы күнөөлүүлөр кармалбай, күнөөсүз болсо да тууганы Калыбек Салянов кармалды деп эсептейт. Экс-депутат бул тууралуу 29-январда басма сөз жыйынында билдирди: - АКШда жүргөн Калыбек Салянов миграция маселелери боюнча кармалган. Кыргызстандын милициясы ал кармалгандан кийин гана Америкага материалды жөнөткөн. ИИМ "Салянов келмейинче же саунадагы видео тасма табылмайынча бул иш ачылбайт" деп жатат, бирок бул жалган. Өзүңүздөр билесиздер... Читать дальше...
Иран биринчи электр станциясын Сириянын Латакия шаарына курат.
Тиркеме "Бал тил" деп аталат. Аны мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия иштеп чыккан. Комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев 29-январда журналисттерге билдиргени боюнча, "Бал тил 1" үч-беш жаштагы балдар үчүн, ал эми "Бал тил 2" башталгыч класстардын окуучулары үчүн ылайыкталып жасалган. - Тиркемедеги программалар сүрөттөрдөн, анимациялардан, аудио жана логикалык оюндардан турат. Бул кичинекей балдардын кыргыз тилин үйрөнүшүнө өтө жакшы мүмкүнчүлүк, - деди комиссиянын башчысы. "Бал тил" тиркемесин... Читать дальше...
Кыргызстандын Бизнес-акыйкатчысынын байкоочу кеңеши түзүлүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты кабарлады. Маалыматка караганда, байкоочу кеңешке мүчөлөр үч блок болуп кирет. Биринчи блок - ишкерлер ассоциациялары. Байкоочу кеңешке мүчө болууну каалаган бизнес-ассоциациялар Кыргызстандын арбын аймагында ишкерлик кылган, мүчөлөрү көп салык төлөгөн, мүчөлүк акы төлөөчү элүүдөн ашуун ишкери бар, түзүлгөнүнө беш жылдан кем эмес уюмдар болушу керек. Сунушка ылайык байкоочу кеңешке туруктуу беш, ротациялык негизде эки бизнес-ассоциация мүчө болот. Читать дальше...
Токмоктогу "Токмок-Автожол" өткөрмө бекетинин жанында болгон окуя боюнча "Кактус Медиа" маалымат агенттигинин кабарчысы Марат Уралиев Токмокко суракка жөнөп кетти. Бул тууралуу "Азаттыкка" Марат Уралиев өзү кабарлады. - Мага суракка чакыруу кагазы кечээ (28-январда) келген. Мени кечээ саат 18.00гө Токмокко чакырышкан. Бирок менин адвокатым тергөөчү менен сүйлөшүп, суракты бүгүн саат 11.00ге жылдырууну өтүнгөн. Мен үчүн бул таң калыштуу болду, себеби милиция кызматкерлери атышууга тиешеси барларды издебестен мени... Читать дальше...
Кыргызстанда стадион куруу демилгеси дээрлик ар бир ооздон чыкканы менен анын баасы тууралуу көп айтылбай жатат. Бардык шарты бар, 25-35 миң киши баткан стадион канча турат? Коңшу жана башка өлкөлөр канчага курган?
АКШнын Финансы министрлиги ишкер Олег Дерипаскага байланышы бар компанияларды санкциялык тизмеден чыгарды. Бирок бизнесемендин өзүнө каршы чектөөчү чаралар кала берүүдө.
Сокулук районунун Новопавловка айылында бүгүн 29-январь күнү таңкы саат жети чамасында 11 жаштагы баланы айдоочу сүзүп кеткен. Окуучу кырсык болгон жерден мерт кеткен. Аны сүзүп кеткен айдоочу Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын кызматкери экени аныкталды. Бул маалыматты "Азаттыкка" Чүй облустук милициянын басма сөз кызматы ырастады. 11 жаштагы бала, эгиздин түгөйү Чыңгыз Айтматов атындагы №1 орто мектептин окуучусу болгон. Окуяга күбө болгон жергиликтүү тургундар кырсык болгон жердеги жолдо светофор жок болгонун айтып... Читать дальше...
"Токмок-Автожол" өткөрмө бекетинин жанында орун алган атышууга шектүү Аскат аттуу жаранга издөө жарыяланды. Ал мурдараак милиция кызматкерлеринин чакыруусуна баш ийбей, келүүдөн баш тарткан. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов маалымат жыйын куруп жатып билдирди. Самат Курманкулов желим ок жеген Дастан аттуу жабырлануучу учурда Токмок шаардык ооруканада жатканын кошумчалады. 25-январда болгон чуулгандуу окуя "бейбаштык" беренеси менен Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Читать дальше...
Февраль айында Орусияда Путин, Эрдоган жана Руханинин жолугушуусу болот.
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.