Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолун кар көчкү жаап калды
Тынымсыз жааган кардын кесепетинен 13-ноябрь күнү эртең менен Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 75-76-чакырым аралыгында (Тамчы тилкеси) көлөмү болжол менен 6000 куб метр кар көчкү түшүп, жол жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Кар көчкү оор жүк ташуучу автоунаанын четине тийген, бирок аны басып калган эмес. Жабыркагандар жана каза болгондор жок. Жабылган тилкеден 15тей автоунаа өтө албай туруп калган. Көчкүнү тазалоо үчүн ӨКМнин Ош облустук башкармалыгынан... Читать дальше...