Кыргызстанда адам укуктары боюнча бир айлык жарыяланды
Кыргызстандын Акыйкатчы институту 10-ноябрдан 10-декабрга чейин "Адам укугу боюнча бир айлык" жарыялады. Иш-чара Адам укугу тууралуу декларациянын 70 жылдыгына арналган.
Анын алкагында, жогорку окуу жайлардын студенттери менен мектеп окуучуларынын арасында дилбаяндар сынагы уюштурулат. Ошондой эле башталгыч класстардын окуучулары үчүн сүрөттөр сынагы болот.
Мыкты эмгектер көргөзмөгө коюлат. Мыкты сүрөттөр менен дилбаяндардын авторлоруна Акыйкатчы институтунун атайын сыйлыгы берилет.
Бир айлыктын жыйынтыгы 10-декабрда чыгарылат.
БУУнун Адам укугу тууралуу декларациясы 1948-жылдын 10-декабрында кабыл алынган. (NT)