Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2018

Новости за 26.11.2018

Украин парламенти 30 күнгө аскердик абал киргизди

Azattyk.org 

Украин парламенти – Жогорку рада 30 күнгө аскердик абал киргизүүнү колдоду. Президент Петро Порошенко өлкөгө аскердик абал киргизүү жөнүндө жардыкка 26-ноябрда кол койду. Мыйзам долбоору дароо парламентке келип түшкөн.  Украинанын Куралдуу күчтөрү толук күжүрмөн даярдыкта экенин Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Керч кысыгында кырдаал курчугандыктан мындай буйрук өлкөнүн Коопсуздук кызматынын ички курамына дагы берилди. Буга чейин Киевдин маалыматына караганда, Орусия Украинанын 23 морягын кармап кеткен. Читать дальше...

Брекзит келишими сыноо алдында

Azattyk.org 

Британиянын премьер-министри парламентти Брекзит макулдашуусун колдоого чакырды. Жекшемби күнү Евробиримдикке мүчө 27 мамлекеттин лидерлери Британиянын уюмдан кандай шартта чыгаарын аныктаган документти жактырган эле. Бирок британ саясатчыларынын арасында бул келишимди кескин сынга алгандар аз эмес.

БАЭ өмүр бою кесилген британ жаранына ырайым берди

Azattyk.org 

Бириккен Араб Эмирлигинин президенти Халиф бен Заид ал-Нахайян өткөн аптада тыңчылыкка шектелип, өмүр бою эркинен ажыратылган британ иликтөөчүсү Мэттью Хеджестке ырайым берди. Бул тууралуу The Telegraph басылмасы кабарлады. Басылманын маалыматына караганда, окумуштуу британ тышкы иштер министри Жереми Ханттын кийлигишүүсү менен бошотулду. Бириккен Араб Эмирлигинин бийлиги Хеджестин үй-бүлөсүнүн кайрылуусунун негизинде жана эки мамлекеттин ортосундагы “тарыхый мамилени” эске алып ырайым берилгенин билдирди. Читать дальше...



Индияда 10 жыл мурунку Мумбайдагы кол салууну эскеришти

Azattyk.org 

Индияда Мумбайдагы радикал исламчылар уюштурган кол салуунун он жылдыгы эскерилип жатат. 2008-жылы 26-ноябрь күнү башталган үч күндүк чабуулда 166 адамдын өмүрү кыйылган. Алардын арасында америкалык алты жаран да болгон. Курмандыктардын элесине арналган мемориалга Индиянын дээрлик бардык саясатчылары гүлчамбар коюшту. Индия согушкерлер Пакистандагы “Лашкар-э-Тайба” экстремисттик тобу менен байланышта болгонун белгилеп, кол салуунун артында тургандарды жазалоону Исламабаддан талап кылган. Пакистан чабуулду айыптап... Читать дальше...

Кытайлык окумуштуу адамдын ДНКсын өзгөрткөнүн жарыялады

Azattyk.org 

Кытайлык окумуштуу Хэ Цзянькуй тарыхта биринчи жолу адамдын ДНКсын өзгөрткөнүн жарыялады. Анын иликтөөсүнө жасалма уруктандыруу аркылуу балалуу болууну көздөгөн жети түгөй тартылган. Илимпоз жети түгөйдөн алынган эмбриондорду өзгөрткөнү менен натыйжада бир гана түгөйдүкү өзгөргөн. Ноябрь айында гени өзгөртүлгөн эгиз кыздар жарык дүйнөгө келишти. Хэ Цзянькуй атайын технологиянын жардамы менен өзгөрткөн CCR5 деп аталган ген эгиз кыздарды ВИЧ илдетинен коргойт. Окумуштуунун айтымында, анын максаты... Читать дальше...

Байыркы шаарлардын изи менен

Azattyk.org 

“Данисте” телеберүүсүндө Улуу Жибек жолунун таасири алдында түптөлгөн байыркы шаарлардын бизге жеткен тарых-таржымалы тууралуу тасманы сунуш кылабыз. Анда соода кербендердин тоо, талаадан өткөн жолун бойлото туруктуу эли менен түптөлгөн шаарлардын изин иликтейбиз. Ошондой эле Баткендеги 77 жылдыгын белгилеп жаткан Айдаркен сымап комбинаты тууралуу баянды да көрө аласыз.

Орусияга барган мигрант азайды

Azattyk.org 

Украинада аскерий абал киргизилгени жатат. Борбордук Америкадан АКШны карай агылган мигранттар кербени Мексиканын Калифорния менен чектешкен чегине жетти. Жыл башынан бери Орусияга Кыргызстандан барган эмгек мигранттарынын саны былтыркы жылга салыштырмалуу эки эсе азайды.

Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган мелдеш өтүп жатат

Azattyk.org 

Бүгүн, 26-ноябрда Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда оор атлетика боюнча Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган эл аралык мелдеш башталды. Ага төрт мамлекеттен 184 оор атлет катышып жатат. Байгелер эркектер жана кыздар арасында 10дон салмакта ойнотулат. Мелдештер 28-ноябрга чейин уланат. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча дүйнөнүн төрт жолку, Европанын эки жолку жана Олимп оюндарынын чемпиону... Читать дальше...



Прокурордун өлүмү: митингдеги талап

Azattyk.org 

Баткен шаарында облус прокурорунун өлүмүнө шектүүнүн жакындары нааразылык акциясына чыгышты. Чогулгандар президентке, Жогорку Кеңешке, укук коргоо органдарына кайрылып, тергөөнү калыс жүргүзүүнү камсыздап берүүнү талап кылышты.

Кыргызстандан Орусияга барган эмгек мигранттары азайды

Azattyk.org 

Жыл башынан бери Орусияга Кыргызстандан барган эмгек мигранттары былтыркыдан эки эсе азайды. Бул тууралуу Орусиядагы мигранттар федерациясы маалымдады. Быйыл бул өлкөгө иштегени барган мигранттардын саны боюнча Кыргызстан төртүнчү орунда. Уюмдун эсебинде, быйыл январь айынан бери Орусияга 248 миңдей кыргызстандык мигрант кирген. Борбор Азиядан биринчи орунда Өзбекстан турат. Быйыл январдан сентябрга чейин коңшу мамлекеттен үч миллион 400 миңдей мигрант Орусияга кетсе, Тажикстандан бир миллион 700 миңдей адам иштегени барган. Читать дальше...

Украина "агрессиядан" соң аскердик абал киргизди

Azattyk.org 

Украин парламенти 26-ноябрда кечинде өлкөгө аскердик абал киргизди. Мындай сунуш менен президентке жана парламентке Украинанын Коргонуу жана коопсуздук кеңеши 25-ноябрдын түнүндө кайрылган.

Украина аскердик абал киргизгени калды

Azattyk.org 

Украина өлкөдө аскердик абал киргизүүгө даярданып жаткан кези. Мындай сунуш менен парламентке 25-ноябрдын түнүндө Украинанын Коргонуу жана коопсуздук кеңеши кайрылды.

Жапаровдун ишинин жаңы жагдайы ачылды

Azattyk.org 

"Ысык-Көл облусунун губернаторун барымтага алууну уюштурду" деген айып менен чет өлкөдөн Кыргызстанга кайтып келатканда кармалып, 11,6 жылга соттолгон саясатчы Садыр Жапаровдун кылмыш иши жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра карала турган болду.

Өмүрзаков Ош прокуратурасынан Баткенге которулду

Azattyk.org 

Ош облустук прокуратурасында бөлүм башчы болуп иштеген Улук Өмүрзаков Баткен облустук прокуратурасына которулду. Бул кезектеги ротация экенин Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 26-ноябрда "Азаттык" радиосуна билдирди.  Улук Өмүрзаков - ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун бир тууган иниси, "Мухаммед Умар" спорт клубунун ээси. Аталган клубда машыккан жигиттердин өкүмзорлугу тууралуу кийинки жылдары бир катар маалыматтар чыккан. Өмүрзаков аны куру доомат катары баалап жүрөт. Читать дальше...

Бийлик кытайлык кыргыздар боюнча унчуга элек

Azattyk.org 

Кыргызстандагы кытайлык кайрылмандар ал жактагы тууган-уругунун дайын-дарегин билүүгө көмөктөшүүнү кыргыз бийлигинен өтүнүп жатышат. Жакындары түрмөдө экенин айткан онго чукул киши 26-ноябрда президент Сооронбай Жээнбековго ачык кайрылуу кабыл алып, жардам сурашты.

Таанымал футболчулар аялдарга зомбулук көрсөтүүгө каршы чыгышты

Azattyk.org 

25-ноябрда, Аялдар кабылган зордук-зомбулукка каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүндө дүйнөнүн бир катар шаарларында ири акциялар өттү. Францияда 50 миңдей адам, Түштүк Америкада жүздөгөн аялдар “Биз жашагыбыз келет!” деген ураан алдында көчөлөргө чыгышты. Бир катар саясатчылар, анын ичинде Европа парламентинин төрагасы Антонио Таяни да көзүнүн алдын кызыл боек менен боёп, зордук-зомбулукка кабылган аялдардын көйгөйүнө көңүл бурдуруу аракетин көрдү. Акцияга дүйнөгө таанымал футболчулар Криштиану Роналду... Читать дальше...

Ошто кыз-келиндерге зомбулук кылбоого чакырган аллея ачылат

Azattyk.org 

Ош шаарында Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багында "Сары кол чатыр" деп аталган аллея ачылат. Кыз-келиндерге зомбулук көрсөтүүнү токтотууга арналган бул жайды мэрия өкмөттүк эмес уюмдар менен бирге уюштурууда.  Аллеянын ачылышы 27-ноябрда болот. Бул саамалык аялдардын укугун коргоо максатында жыл сайын ноябрда өткөрүлчү 16 күндүк өнөктүктүн алкагында ишке ашып жатат.  "Дүйнөнү кызгылт-сары кылып, аял-мигранттардын укуктарын коргоо үчүн" деген ураан менен эл аралык 16 күндүк өнөктүк жыл сайын 26-ноябрдан 10-декабрга чейин уланат. Читать дальше...


Музыкальные новости
Сергей Прокофьев

Мариинский театр исполнил оперу Прокофьева в честь дня рождения композитора





Персональные новости
Михаил Кутушов

Компания ICDMC стала победителем престижной премии в сфере ЗОЖ – Green Awards 2023/24





Мигранттар кербени АКШга жетти

Azattyk.org 

Бир ай мурдараак Борбордук Америкадан АКШны карай жөнөгөн мигранттар кербени Мексиканын Калифорния менен чектешкен Тихуана шаарына жетти.

Украин армиясы күжүрмөн даярдыкка келтирилди

Azattyk.org 

Украинанын Куралдуу күчтөрү толук күжүрмөн даярдыкта турат. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Керч кысыгында кырдаал курчугандыктан мындай буйрук өлкөнүн Коопсуздук кызматынын ички курамына дагы берилди.   Буга чейин Киев Керч кысыгында Украинанын Аскер-деңиз күчтөрүнүн үч кемеси күч менен колго түшүрүлгөнүн билдирген. Анда алты украин моряк жарадар болду. Москва украиналык кемелер Орусиянын аймагын бузуп киргендиктен Кара деңизде кармалганын, ал үчүн курал колдонулганын ырастаган. Читать дальше...

Арменияда шайлоо өнөктүгү башталды

Azattyk.org 

Арменияда мөөнөтүнөн мурда белгиленген парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү 26-ноябрда башталды. Шайлоо 9-декабрда өтөт. “Азаттыктын” армян кызматы билдиргендей, 12 күндүк өнөктүктө 11 саясий партия эл аралап, үгүп иштерин жүргүзүшөт. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Никол Пашинян башында турган “Менин кадамым” блогу да үгүт иштерин баштады. Пашинян болгон аракетин шайлоого жумшаш үчүн кызматтан кетерин жарыялады. Шайлоо өнөктүгү башталарда Армениянын президенти Армен Саркисян эле кайрылды. Читать дальше...

Казакстан Орусиядагы жапырт мушташка кыргыздар аралашпаганын билдирди

Azattyk.org 

Казакстандын Ички иштер министрлиги Орусияда казак жарандары катышкан жапырт мушташ тууралуу комментарий берип, ага кыргыздар аралашпаганын билдирди. Мурдараак орус басылмалары Амур аймагындагы газ иштеткен заводдо 22-ноябрда кыргызстандыктар менен казакстандыктар мушташканын жазган болчу.  "Казинформ" агенттиги Ички иштер министрлигинин маалыматына таянып кабарлагандай, аталган заводдун курулушундагы мушташка казак жана тажик жарандары катышкан. Алар ошол жердеги жумушчулар экени айтылууда.  Расмий кабарга ылайык... Читать дальше...

Ооганстанда талибдер полиция кербенине кол салды

Azattyk.org 

Ооганстандын батышындагы Фарах провинциясында полиция кербени кол салууга кабылып, кеминде 20 офицер курман болгонун расмий органдар билдиришти.  Провинциянын полиция бөлүмүнүн басма сөз катчысы Мухебулла Мухеб "Азаттыктын" ооган кызматына айтканына караганда, өлгөндөрдүн арасында Лэш-э-Жувейн райондук полициясынын жаңы эле дайындалган башчысы да бар. Талибдердин колунан провинциянын полиция жетекчисинин орун басары да каза тапты.   Провинциядагы оорукананын басма сөз катчысы кол салуудан кийин 22 кишинин сөөгү жеткирилгенин билдирди. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Команда подмосковного главка Росгвардии заняла призовое место на чемпионате Центрального округа по стрельбе из боевого ручного стрелкового оружия


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Вероника Кудерметова завершила выступление на турнире WTA в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Опыт проведения Всероссийской акции «Вода России» представлен на межведомственном заседании в Ташкенте





Путин в России и мире
Москва

Эксперт: корректировка порогов крупного и особо крупного ущерба по экономическим статьям оправдана и своевременна


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Оззи Осборн

Оззи Осборн во второй раз войдет в Зал славы рок-н-ролла



Москва

Стало известно о работе полиции в «Институте кроссовок и любви» в Москве

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net