Пакистандык адвокат мажбурланып өлкөдөн чыгарылганын айтты
Пакистанда "Мухаммед пайгамбарга акаарат келтирген" деп айыпталган христиан аял Асия Бибинин укугун коргогон адвокат Сайфул Мулоок мажбурланып өлкөдөн чыгарылганын айтты. Нидерландга келген адвокат 5-ноябрда Гаагада маалымат жыйынын өткөрүп, Бириккен улуттар уюму жана Европа Биримдиги “өзү каалабай турса” да аны Пакистандан чыгарып кеткенин билдирди. 31-октябрда Пакистандын Жогорку Соту сегиз жыл мурда өлүм жазасына өкүм кылынып, бирок өкүмдүн ишке ашышын күтүп жаткан Асия Бибини актаган чечим чыгарган. Читать дальше...