Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2018

Новости за 24.11.2018

Улут жүгүн көтөргөн уздар

Azattyk.org 

Бешөө. Экөө чебер, калганы жардамчылар, уюштуруучу. Кыргыз жүзүн чагылдырган кийим-кече, буюм-тайымдарын көтөрүп Чехияга анан Австрияга барышты. Бул жолкусу чалгын сапар экен. Бир жагынан тааныштын санын арттырып, экинчи жагынан четтеги кыргыздарга жолугуу.



Саясий-коомдук күчтөрдүн курултайы өттү

Azattyk.org 

Бишкекте коомдук, саясий жана мекенчил күчтөр уюштурган курултай “Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең” деп аталды. Курултайда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин алты жылда, учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун ишине киришкен бир жыл ичинде аткарган ишине баа берилип, резолюция кабыл алынды. Андан тышкары Жогорку Кеңештин ишине “жетишсиз” деген баа берилип, камакта жаткан саясатчылардын ишин кайра кароо, жаңы Конституция кабыл алуу, Кумтөр келишимин денонсациялоо маселелери каралды.

Британ армиясынын башчысы Орусияны айыптады

Azattyk.org 

Британиянын Башкы штабынын башчысы Марк Карлтон-Смит “Орусия анын өлкөсүнүн улуттук коопсуздугуна “Ислам мамлекети” террордук тобуна караганда алда канча көбүрөөк коркунуч жаратууда” деп эсептейт. The Daily Telegraph басылмасына курган алгачкы маегинде ал “Москванын Украинадагы агрессиясын, АКШ жана Европадагы шайлоолорго ыктымал кийлигишүүсүн, эл аралык киберчабуулдарды жана орусиялык эки агенттин мурдагы тыңчыны ууландырышын” санап өттү. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги британиялык генералдын бул билдирүүсүн «фантазия» деп атоодо. Читать дальше...

Пашинян: Элге берген убаданын баарын аткардык

Azattyk.org 

Ереванда бүгүн премьер-министрдин милдетин аткаруучу Никол Пашинян баштаган жөө жүрүш өттү. Иш-чара алдында Пашинян чогулган тарапкерлеринин алдында сүйлөп жатып анын “Менин кадамым” деп аталган платформасы элге берген убадаларынын баарын аткарганын билдирди. “Армения Республикасында бийлик элдин колуна кайтарылып берилди” деди ал. Арменияда шайлоо өнөктүгү 26-ноябрда башталып, 7-декабрда жыйынтыкталат. Быйыл май айындагы ыңкылаптан кийин өкмөт башына келген Никол Пашинян жана анын командасы... Читать дальше...

Мэрия: Ош базарында митинг эмес, соодагерлер менен жолугушуу өттү

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын мэриясы Ош базарында митинг өттү деген маалыматты төгүндөдү. Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бүгүн ал жерде жаңы курулган соода борборунда орун бөлүштүрүү маселеси талкууланып, ага соодагерлер менен кошо базардын администрациясы жана мэрия өкүлдөрү катышты. Жаңы орундар пайдаланууга декабрь айында берилери айтылды. Быйыл Ош базарында эки жолу өрт кырсыгы болуп, кылмыш иши козголгон. (RK)



Парижде полиция демонстранттарга карата газ колдонду

Azattyk.org 

Парижде бүгүн полиция кызматкерлери кара майга салыкты көбөйтүүгө каршы чыккандарга карата көздөн жаш агызуучу газ колдонду. Жаалданган топ президенттин резиденциясына кирип барууга аракет жасаганы үчүн ушундай чара көрүлгөнү кабарланууда. Нааразылык акциясынын уюштуруучулары ага 30 миңдей адам чыгарын айтып жатышат. Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында ушу тапта Париждин көчөлөрүнө үч миңдей полиция кызматкери чыкты. Протесттер Францияда өткөн аптада башталган. Аларга айдоочулар гана эмес... Читать дальше...

Бишкек-Ош автожолунун 121-125-чакырымдары убактылуу жабылды

Azattyk.org 

Бишкек-Ош автожолунун Чүйдүн Сосновка айылынан Суусамыр өрөөнүнө чейинки аралыгында жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өкүлү Тилек Оторов билдирди. Оторовдун айтымында, 121-125-чакырымдарга кар көчкү түшүп, ушу тапта жол жабык турат. - Жолго чыгам дегендер колдон келсе ушул тарапка чыгуусун жекшембинин таңына чейин токтото турушса. Айдоочулар жол коопсуздугун камсыздоочулардын ишине түшүнүү менен мамиле кылышса деп өтүнөбүз. Читать дальше...

Алина космоско спутник учурууну самайт

Azattyk.org 

Жакында Британиянын Би-Би-Си басылмасы элди шыктандырган дүйнөдөгү жүз аял деген тизмесине кыргызстандык студент-программист Алина Анисимованы да киргизген. Алина Бишкекте он чакты кыз менен чогуу спутник жасап, аны космоско учурууга бел байлашкан.

25-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

25-ноябрда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан жана кар жаайт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу болот. Күндүз жаан-чачын айрым жерлерде гана болот, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Жолдор тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, түнкүсүн жана эртең менен Нарын, Ысык-Көл облустарында 17-22 метрге чейин жетет.  Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -7...-12... Читать дальше...

Жээнбековдун убадасы жана иши

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбековдун бийликке келгенине бүгүн, 24-ноябрда туура бир жыл толду. Бир жыл ичинде Жээнбековдун мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен мамилеси элдин назарындагы башкы маселе болду.

КСДП: Курултайдын артында кайсы күчтөр бар экени көрүнүп эле турат

Azattyk.org 

"Бишкекте өткөн курултайдын артында кайсы күчтөр тураары көрүнүп эле турат" деп билдирди бүгүн "Азаттык" радиосуна КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева. Ал делегаттар экс-президент Алмазбек Атамбаев боюнча кабыл алган резолюцияны азырынча көрө электигин, колуна тийгенден кийин дагы комментарий берилерин айтты. - Курултай эмне максатта өткөрүлгөнү белгилүү. Ага эл арасында ишеними жок баягы эле эски, “дежур” саясатчылар чогулушту. Бул курултайдын аркасында ким тураарын коомчулук өзү баамдап алат болуш керек. Читать дальше...

Бишкектеги "Кара жума"

Azattyk.org 

Ушу тапта дүйнөдө "Кара жума" (Black friday) күнү өтүүдө. Бул күнү бардык дүкөндөрдө 30, 50, 70 пайыз арзандатуулар болот. АКШда кардарлардын арзан товарларга кезек күтүүсү айрым учурда башаламандык менен жыйынтыкталат.

Өкмөттүн Таластагы өкүлү юристти сотко берет

Azattyk.org 

Талас облусунун жетекчиси Марат Мураталиев аймактагы музыкалык драма театрына каражат максатсыз жумшалганын айтып чыккан юристтин билдирүүсү чындыкка дал келбесин айтып, Аскар Исабеков менен соттошоорун билдирди. - Ал жалганчы бала. Бизде алты айга жакын иштеген. Эмгек китепчеси да жасалма болуп чыккан. Буга чейин кылмыш жообуна да тартылган экен. Бирок аны сот аркылуу жөнгө салып алыптыр. Мен капиталдык курулуш башкармалыгына аны сотко бергиле деп айттым. Эгер күнөөлүү болсом түрмөгө отурганга дайынмын. Читать дальше...


Музыкальные новости
Тимати

Тимати высмеял Джигана: "Не собьется, будет уже круто"





Персональные новости
РБК

РБК: педиатра Буянову за фейки про армию России отправили в СИЗО





Жоокердин анты

Azattyk.org 

24-ноябрда аскер кызматына жаңы киришкен 237 жоокер Ант берди. Ант берүү аземи Бишкектеги Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинде өттү.

Курултайдын иши жыйынтыкталды

Azattyk.org 

Бишкекте коомдук-саясий уюмдар уюштурган "Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең" курултайы жыйынтыкталды. Анда азыркы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун бир жылдык ишинин жыйынтыгы канааттандырарлык деп табылды. Ал эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин алты жылдык иши канааттандырарлык эмес деп, анын ишмердүүлүгүнө укуктук баа берүү, кол тийбестигинен ажыратуу керек деген талап коюлмай болду. Ошондой эле Атамбаевдин тушунда камалган саясатчылардын ишин кайра кароо, жаңы Конституция кабыл алуу зарылдыгы белгиленип... Читать дальше...

Жээнбеков-Атамбаев: бийликти сынаган бир жыл

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун бийлик чылбырын колго алганына бир жыл болду. Президенттин акыркы апталардагы коомдук-саясий чөйрө менен байма-бай жолугушуп, өлкөнүн өнүгүшүнө байланышкан маселелерди талкуулап жатканы бир жылдык ишин жыйынтыктоо ишарасы катары бааланууда. Маалымат каражаттарында, коомдук-саясий чөйрөлөрдө да президент Жээнбековдун бир жылдагы ийгиликтери жана өксүктөрү саналып жатат. Анткен менен Сооронбай Жээнбековдун президенттик бир жылында элдин назарында турган... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Команда подмосковного главка Росгвардии заняла призовое место на чемпионате Центрального округа по стрельбе из боевого ручного стрелкового оружия


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Самсонова победила Осаку и вышла в третий круг турнира WTA 1000 в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Эксперты дали советы по выбору идеального района для семейной жизни в Москве





Путин в России и мире
Москва

Путин поручил сократить время движения поездов от Москвы до курортов Черноморского побережья до 16 часов


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Желдорреммаш

Улан-Удэнский ЛВРЗ подвел производственные итоги первого квартала 2024 года



Москва

Апартия — наш рулевой // В Москве рекордными темпами вводятся в эксплуатацию апарт-отели

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net