Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2018

Новости за 18.11.2018

"Талибан" менен ооган өкмөтү 2019-жылы жарашарына үмүт артылды

Azattyk.org 

Кошмо Штаттардын Ооганстан боюнча атайын өкүлү 2019-жылдын 20-апрелине чейин “Талибан” менен тынчтык келишимине жетишүүгө үмүттөнүүдө. Залмай Халилзад мындай пикирин жекшембиде ооган журналисттерине билдирди. - Мен болжолдоп турган акыркы абал – тынчтык орногон Ооганстан; ийгиликтүү Ооганстан; өзүнө коркунуч жаратпаган Ооганстан, бул демек оогандардын ортосундагы тынчтык; ошондой эле эл аралык коомчулукка, мен АКШын атынан сүйлөп жаткандыктан, өзгөчө Кошмо Штаттарына коркунуч жаратпаган Ооганстан, – деди Халилзад. Читать дальше...

Украинанын мурдагы президенти ооруканага жаткырылды

Azattyk.org 

Украинанын мурдагы президенти Виктор Янукович Москвада, Склифосовский атындагы тез жардам институтуна жаткырылды. “Ал ушул тапта кыймылдай да албайт” деп адвокаты Александр Хорошинский билдирди.  Янукович теннис ойноп жатканда омурткасы менен тизесинен катуу жаракат алганы кабарланды. Буга байланыштуу 19-ноябрдагы сотко видеобайланыш аркылуу катышып, акыркы сөзүн айтууга мүмкүнчүлүгү болбойт. Адвокаты Янукович үч жумача ооруканада болорун болжолдоп, сотту ошондон кийинкиге жылдырууга аракет кылууда. Читать дальше...

Токтогулда каналга житкен акча

Azattyk.org 

Токтогул районунун атайын фондунун каражаттары максатсыз пайдаланылып, бир топ жыл мурда башталган ирригациялык жумуштар аягына чыкпай келатканын райондогу жергиликтүү кеңештин депутаттары айтып чыгышты. Прокуратура да быйыл фонддун жооптуу кызмат адамдарына эки жолу кылмыш ишин козгогон.



Алматыда "Шакен Айманов" кинофестивалы өтүүдө

Azattyk.org 

Алматыда казак киносунун негиздөөчүсү Шакен Аймановдун атындагы эл аралык кинофестиваль өтүүдө. Ал буга чейин "Шакендин жылдыздары" деген аталышта уюштурулуп, борборазиялык жаш киночуларды жана дебюттук фильмдерди колдоп келген. Конкурстук программа үч бөлүктөн турат. Ар бири Шакен Аймановдун белгилүү чыгармаларынын аталышынан коюлган. "Кесилиш" бөлүгүндө дүйнөнүн булуң-бурчунан келген толук метраждуу тасмалар көрсөтүлөт. Ал эми "Аталардын жери" конкурсунун калыстар тобуна кыргызстандык депутат... Читать дальше...

Армян бийлиги эл арасынан кадр издейт

Azattyk.org 

Армения премьер-министринин милдетин аткаруучу Никол Пашинян өлкөдө кадрлар банкы түзүлүп, кызматка эл арасынан жетекчилер тандала турганын билдирди. "Мен премьерликте отурган алты айдагы эң жүйөлүү талаптардын бири ушул болгон. Жарандар жогорку кесиптик билими, уюштуруучулук жөндөмүнө карабай көп учурда премьер-министрге үнү жетпей, Армениянын жыргалчылыгы үчүн өз кызматын сунуштай албай жатышканына даттанууда", - деп жазды Пашинян "Фейсбуктагы" барагына. Мындай көрүнүштү болтурбоо максатында... Читать дальше...

Бусурманкул Абдибаит уулу Орусиядагы мелдеште жеңди (видео)

Azattyk.org 

Кыргызстандык спортчу Бусурманкул Абдибаит уулу таймаштын аралаш түрлөрү (MMA) боюнча Орусиянын Назрани шаарында (Ингушетия) өткөн "M-1 challenge 99" мелдешинде жеңишке жетти. Турнирдин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, таймаш 17-ноябрда өттү. Ага жети өлкөнүн спортчулары катышып, жалпысынан 12 беттеш болду. Бусурманкул Абдибаит уулу 65.8 килограммга чейинки салмакта рингге чыгып, орусиялык Залимбек Омаров менен күч сынашты. Үч раундга созулган таймаштын жыйынтыгында калыстар бир добуштан жеңишти кыргызстандык спортчуга ыйгарды. Читать дальше...

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Баткенге барды

Azattyk.org 

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Баткен облусуна барып, прокуратуранын жамааты менен жабык жыйын өткөрдү. Бул тууралуу “Азаттык” радиосунун аймактагы кабарчысы маалымдады. Буга чейин Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө байланыштуу облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси сурак берип жатканы кабарланган. Маалыматка ылайык, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат. Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен иш козголду. Читать дальше...



Аба ырайы: жамгыр жаабайт

Azattyk.org 

19-ноябрда Кыргызстандын аймактарында жаан-чачын болбойт. Бирок жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -7…-12, күндүз 7…12; Таласта түнкүсүн -4…-9, күндүз 6…11; Баткенде түнкүсүн -1…+4, күндүз 9…14; Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -3...2, күндүз 9…14; Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…-9, күндүз 4…9, Нарында түнкүсүн -12…-17, күндүз 0…5 градус болот. Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Түнкүсүн жана таңга жуук туман түшүшү ыктымал. Читать дальше...

Франция: нааразылык акциясында бир аял каза болду

Azattyk.org 

Францияда күйүүчү майдын баасынын жогорулашына каршы чыккан акцияда бир аял каза болуп, бери дегенде 220 адам жаракат алды. Каза болгон аял топтолгондорду байкабай сүзгөн машинанын алдында калган.   Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, акцияга өлкө боюнча 280 миңден ашык адам катышты. Сары түстөгү кийимчен катышуучулар май куйуучу жайларга барчу жолдорду бууп алышкан. Акцияда 117 киши кармалып, алардын 73ү камакка алынды. 17-ноябрда Парижде акцияга чыккандар президенттин имаратына кирүүгө аракет кылышкан. Читать дальше...

Нарын аэропортуна жаңы аэробекет курулат

Azattyk.org 

2018-жылы Нарын облусундагы аба майданына аэробекет комплексинин курулушун долбоорлоо чыгымдарын иштеп чыгуу боюнча конкурс өткөрүлгөн. Аэробекеттин курулушу чыгымдарды эсептеген документтер бүткөндөн кийин башталат. Бул тууралуу “Манас” аэропорту ачык акционердик коомунун басма сөз кызматы билдирди.  1964-жылы ишке кирген Нарын аэропортунда 1990-жылдардан тарта аба каттамдары токтоп калган. Бирок учурда күндүз убакта учактарды кабыл алууга уруксаты бар.  Мындан сырткары Аймактарды өнүктүрүү... Читать дальше...

Прокурордун өлүмүнө шектүү сурак берип жатат

Azattyk.org 

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө байланыштуу облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси сурак берип жатат. Бул тууралуу милициядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат. Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен иш козголду. Маркум 17-ноябрда азыр сурак берип жаткан жетекчи менен чогуу жүргөнүн көргөн күбөлөр бар. Ички иштер министрлигиндеги ишенимдүү булактар Мамажакыповдун жанында... Читать дальше...

Төрөбаев: Текебаевдин иши кайра иликтениши керек

Azattyk.org 

Парламенттеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаев Мамлекеттик Думанын экс-депутаты Леонид Маевскийдин камакка алынганы боюнча пикирин партиянын "Фейсбуктагы" расмий баракчасына жарыялады. Төрөбаев саясатчылардын сот жообуна тартылышына негизги күбө болгон Маевскийдин көрсөтмөлөрү боюнча Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук боюнча комитети кылмыш ишин тыкыр иликтеп, акыйкат баа берүүгө тийиш деп эсептейт: “Алдамчылык иштерине шектелген Маевскийдин көрсөтмөсү менен камакта отурган... Читать дальше...

Трамп: Гүленди Түркияга өткөрүп берүү маселеси каралбайт

Azattyk.org 

Президент Дональд Трамп ишембиде Түркияда төңкөрүш аракетине айыпталып жаткан диниятчы Фетхуллах Гүлен тууралуу журналисттерге комментарий берди. “Жок, Гүленди өткөрүп берүү маселеси каралбайт”, – деди Трамп. Бир нече күн мурда NBC телеканалы Трамптын администрациясы диниятчыны өткөрүп берүү маселесин карай турганын маалымдаган. Мындай чечим "Сауд Арабиясынын Стамбулдагы консулдугунда өлтүрүлгөн журналист Жамал Хашогжинин (Хашогги) өлүмү боюнча чыңалууну курчутпоо үчүн Вашингтондун түрк президенти... Читать дальше...

"Балдарым үчүн иштегим келет"

Azattyk.org 

Күйөөсү сабай берип кулагы укпай калган 37 жаштагы Салтанат Нусукеева азыр Бишкектин айланасындагы жаңы конуштардын биринде эки баласы менен батирде жашайт. Күйөөсүнөн качып борборго келгенден кийин мектептин полун жууп жүргөн келиндин кулагы укпаганы жолтоо болуп, бир айдан бери жумушсуз жүрөт. Анын жалгыз тилеги - ишсиз, жашоосу кыйын адамдарды жана жер которгон мигранттарды тикмечиликке үйрөткөн акысыз курстан билим алып, ишке орношуу.

Абсаттаров: мэрдин жарандыгы тууралуу маалыматтар жалган

Azattyk.org 

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын башчысы Азамат Абсаттаров Оштун мэри Таалай Сарыбашевдин жарандыгына байланыштуу Интернетте тарап жаткан маалыматтар боюнча “Азаттык” радиосуна пикирин айтты: - Ошондой маалыматтар чыгып жатат. Мен мэрден сурасам ал жалган экенин айтты. Демек бул маалыматтар чындыкка дал келбейт десек болот. Учурда айрым жергиликтүү сайттарда жана социалдык тармактарда Ош шаарынын башчысы Таалай Сарыбашевдин Орусия жарандыгы бар экени тууралуу маалыматтар тарап, кызуу талкууланып жатат. Читать дальше...


Музыкальные новости
Филипп Киркоров

Киркоров оштрафован на 6 тыс. рублей за неуплату другого штрафа





Персональные новости
Антонио Вивальди

«Вивальди. Времена Года. Шнитке. Кончерто Гроссо»: концерт в старинном соборе при поддержке Relax FM





Түркия: миграция аялды да аябайт

Azattyk.org 

10-ноябрда Түркия Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандарына бул өлкөдө 90 күнгө чейин визасыз жүрүүгө уруксат берилерин расмий билдирди. Буга чейин Борбор Азиянын үч өлкөсүнүн жарандары Түркияда 30 күн визасыз жүрө алчу.

Кыргызстанда орточо айлык акы 15 700 сом деп эсептелди

Azattyk.org 

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстандагы орточо айлык акынын өлчөмү 15 752 сом (226 доллар) деп жарыяланды. 2017-жылы орточо айлык акы 14 800 сом деп эсептелген. 2018-жылдын май айындагы эл аралык уюмдардын маалыматында Борбор Азиядан Казакстанда орточо айлык 480 доллар, Түркмөнстан 320 доллар, Өзбекстан 235 доллар, Кыргызстанда 220 доллар, Тажикстан 110 доллар деп эсептелген. Дүйнөлүк рейтингдин сап башында Швейцария, Норвегия жана Люксембург турат. Бул мамлекеттерде орточо айлык акы 3,5 миң доллардан көп. Читать дальше...

Автомектептин курсанттары рейдге чыгат

Azattyk.org 

17-ноябрда Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын жетекчиси Канат Жумагазиев Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы автомектептердин жетекчилиги менен жолукту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда Жумагазиев жетекчилерге автомектептин курсанттарын профилактикалык иш-чараларга тартууну сунуштады. Анын айтымында, мындай тажрыйба жол кыймылынын эрежелерин жакшылап үйрөнүүгө жана жол коопсуздугун камсыз кылган кызматкерлерге көмөкчү болот.     Автомектептин жетекчилери бул демилгени колдоого алып... Читать дальше...

Калифорниядагы өрт: дайыны белгисиз болгондордун саны миңден ашты

Azattyk.org 

АКШнын Калифорния штатында ноябрдын башында тутанып, ушул күнгө чейин уланып жаткан өрттөн кийин 1011 кишинин дайыны белгисиз болууда. Бул тууралуу аймактын шерифи Кори Хонеага шилтеме жасап "Los Angeles Times" жазды. Буга чейин дайыны чыкпай жаткандардын саны 631 болчу. ВВС жергиликтүү бийлик дайынсыз кеткендердин санын ар кайсы булактан чогулутуп жактандыктан, тизме так болбошу мүмкүн экенин белгиледи.   АКШнын Калифорния штатында 8-ноябрда тутанып, ушул күнгө чейин уланып жаткан өрт 71 адамдын өмүрүн алып кетти. Читать дальше...

Баткен облусунун прокурору киши колдуу болду

Azattyk.org 

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов 18-ноябрга караган түнү киши колдуу болуп өлтүрүлгөн. Бул маалыматты “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматкери Бакыт Сейитов тастыктады: - Облустун прокурору Баткен шаарынын чекесинде, талаада денесине залакат келтирилип өлтүрүлгөнү аныкталды. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн башка маалыматтар айтылбайт. Шектүү кишилер бар. Кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери жүрүп жатат.   Айрым маалыматтарда кылмышка шектүү киши кармалганы айтылып жатат. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

В Московской области прошел чемпионат Центрального округа Росгвардии по стрельбе из боевого ручного стрелкового оружия


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Как Рыбакиной стать второй ракеткой мира: расклад от WTA


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Huawei представила IDS на 26-м Всемирном энергетическом конгрессе





Путин в России и мире
Москва

Эксперт: корректировка порогов крупного и особо крупного ущерба по экономическим статьям оправдана и своевременна


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Сергей Трофимов

Сергей Трофимов выступит с летним концертом в Зеленом Театре ВДНХ



Москва

Московские производители готовятся выйти на африканский рынок

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net