123ru.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2018

Новости за 10.11.2018

Ооган кыргыздарынын аманаты

Azattyk.org 

Үстүбүздөгү жылдын 12-июлунда ооган кыргыздарынын кадырлуу инсандарынын бири Эраалы бай дүйнө салды. Видеону тарткан Тобиас Маршалл, Кичи Памир, 12.07.2018.



Сандык - септин көркү

Azattyk.org 

Бишкектин Ош базарында күз келгенден тарта сандык саткандардын соодасы кызыйт.

Көчмөндөр оюндарына катышкан ыктыярчылар сыйланды

Azattyk.org 

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова бүгүн, 10-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында өткөн Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоого жана өткөрүүгө салым кошкон ыктыярчыларды сыйлоо аземине катышты. Ал айрыкча жаштардан турган ыктярдуу топтордун салымы чоң болгонун белгиледи. “Бул оюндарды даярдоого жана жогорку деңгээлде өткөрүүгө силердин эмгегиңер зор. Силер чындыгында эле келген коноктордун, туристтердин компасы, жол көрсөткүчү болуп, кыргыз элин дүйнө жүзүнө меймандос... Читать дальше...

ЕБ жана АКШ “ДНР” менен “ЛНРде” боло турган шайлоону тааныбайт

Azattyk.org 

Европа Биримдиги өздөрүн “Донецк жана Луганск Элдик Республикасы” деп атап алган аймактарда 11-ноябрга белгиленген шайлоолорду мыйзамсыз деп эсептейт жана анын жыйынтыгын тааныбайт. Бул тууралуу ишемби күнү биримдиктин тышкы иштер боюнча комиссары Федерика Могерини тараткан билдирүүдө айтылган. Анда Минск келишимине ылайык, Орусиянын жикчилдери көзөмөлдөгөн аймактагы кандай гана шайлоо болбосун Украинанын мыйзамдарына жана Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун стандарттарына ылайык өтүшү керектиги эскертилет. Читать дальше...



Аба ырайы: кар жаайт

Azattyk.org 

11-ноябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын болбойт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -4...+1, күндүз 2...7; Таласта түнкүсүн 0...-5, күндүз 2...7; Ысык-Көлдө түнкүсүн -3...+2, күндүз 2...7; Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -1...+4, күндүз 5...10; Баткен облусунда -1...+4... Читать дальше...

Эки залкардын тамшандырган "Кызыл алмасы"

Azattyk.org 

Чыңгыз Айтматов кыргыз адабиятын дүйнөгө таанытса, Төлөмүш Океев Чыңгыз Айтматовдун чакан аңгемеси менен кыргыз элинин каада-салтын, ички жан дүйнөсүн, ажайып кооз табиятын дүйнө элдерине өз тасмасы аркылуу тааныта алды.

Ошто дарыгерлер футбол ойноп жатышат

Azattyk.org 

Ош облустук ооруканасынын жападан жалгыз жүрөк кан тамыр ооруларынын дарыгери, 31 жашында дүйнөдөн кайткан Бакай Сабировдун элесине арналган мелдешке алты команда катышып жатат. Анын ичинен төрт команда облустук оорукананын кызматкерлери. Экөө Бакай Сабировдун жакындары. Оюнга эл аралык футбол арбитри Бахадыр Кочкаров калыстык кылууда. (MdN)

Бишкекте китеп фестивалы өтүп жатат

Azattyk.org 

Бишкекте KitepFest – 2018 аттуу фестиваль өтүп жатат. Уюштуруучулардын белгилешинче, адабий иш-чара бул жолу Антуан де Сент-Экзюперинин “Кичинекей ханзаада” аталышындагы жомогунун 75 жылдыгына арналган. Мында ата-энелер балдарды кантип китепке ынак кылуунун жолдорун да үйрөнсө болот. Мындан сырткары катышуучулар ар кайсы кесиптин ээлери өз окуяларын айтып берген “Шыкты издей” аттуу форумга катыша алышат. Фестивалдын алкагында жаш автор Мирсаид Касымовдун жаңы китебинин бет ачары өтөт. Каалагандар... Читать дальше...

Журналисттин бычакталышы боюнча кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Жалал-Абадда журналисттин бычакталышы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу шаардык милициядан “Азаттык” радиосуна билдиришти. Кылмыш иши Кылмыш-жаза крдексинин 151-беренесинин (“журналисттердин мыйзамдуу кесиптик ишине тоскоолдук кылуу”) негизинде факт боюнча козголду. Мунун алдында жабыркаган журналист Санрабия Сатыбалдиева милицияга арыз жазгандан баш тартканын, Дарыгерлер жараат алган колун тигип беришкенин “Азаттык” радиосуна билдирген. Баштапкы маалыматка караганда, Санрабия Сатыбалдиевага... Читать дальше...

Талас: тойго айланган маараке

Azattyk.org 

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы Таласта белгиленди. Жогорку Кеңештин төрагасы баш болгон бийлик өкүлдөрү катышкан мааракенин катардагы тойдон айырмасы жок өткөнү социалдык тармактарда сынга кабылды.

Таластагы тойго айланган маараке

Azattyk.org 

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы Таласта белгиленди. Жогорку Кеңештин төрагасы баш болгон бийлик өкүлдөрү катышкан мааракенин катардагы тойдон айырмасы жок өткөнү социалдык тармактарда сынга кабылды.

Таласта Алиясбек Алымкуловго айкел тургузулду

Azattyk.org 

Бүгүн, 10-ноябрда Таластын Бакай-Ата районунда аттуу-баштуу 20 кишиге тургузулган айкелдин ачылыш аземи болду. Алардын арасында социалисттик эмгектин баатыры Корчубек Акназаров, мурдагы жаштар министри, Апрель баатыры Алиясбек Алымкулов жана авиация тармагында эмгек сиңирген Кубанычбек Козубеков сыяктуу көзү тирүүлөр да бар. Жергиликтүү бийлик кабарлагандай, айкелдердин ачылышына жалпысынан 3 млн. сомго жакын каражат кеткен. Акчаны айкелди жасалган адамдар, алардын жакындары жана демөөрчүлөр берген. Читать дальше...

Илим жана техника жаатында иштегендер сыйланды

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков “Илим жана техника жагында 2018-жылдагы мамлекеттик сыйлыктарын ыйгаруу жөнүндө” жарлыкка кол койду. Ага ылайык, И.Ахунбаев атындагы Кыргыз медициналык академиясынын офтальмология кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин доктору Олжобай Жумагулов, "Дордой офтальмик-сервис“ көз микрохирургиясы медициналык борборунун врач-ординатору, медицина илимдеринин кандидаты Алмазбек Ботбаевге, ушул эле борбордун врач-ординатору, медицина илимдеринин кандидаты Марта Дикамбаевага... Читать дальше...

Ондогон маданий ишмерлер Сенцовду бошотууну талап кылышты

Azattyk.org 

Франциянын жана башка өлкөлөрдүн ондогон маданий ишмерлери Батыштын лидерлерине ачык кат жолдоп, украин режиссеру Олег Сенцовду абактан бошотуу боюнча Кремлге таасир этүүгө чакырышты. Кат орус президенти Владмир Путиндин Биринчи Дүйнөлүк согуштун аяктагынана жүз жыл болгонуна байланыштуу Францияга сапарын утурлай Le Monde гезитине жарыяланды. Ага режиссерлор Жан-Люк Годар, Аки Каурисмяки, Сергей Лозница, Андрей Звягинцев баш болгон белгилүү актер, тарыхчы, жазуучулар жана саясатчылар кол койгон. Читать дальше...


Музыкальные новости
Шапка

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)





Персональные новости
Арцах

В Музее Победы состоялась премьера фильма «Маршал Аганов». Судьбу инженера Победы экранизировали. Фото. Видео





"Бир дүйнө - Кыргызстан" фестивалына 25 тасма тандалып алынды

Azattyk.org 

Калыстар тобу 12-17-ноябрь күндөрү өтө турган “Бир дүйнө - Кыргызстан - 2018” даректүү тасмалар фестивалына 25 тасманы тандап алышты. Бул тууралуу уюштуруучу - “Бир дүйнө - Кыргызстан" укук коргоо уюмунун башчысы Төлөкан Исмаилова "Азаттык" радиосуна билдирди. Бул жолу фестиваль “Бүгүн эртеңки күн үчүн иштейбиз!” деген ураан менен Бишкекте өтөт. Иш-чаранын быйылкы айлампасы БУУнун адам укуктары боюнча "Адамдын ар-намысы үчүн" декларациясынын кабыл алынышынын 70 жылдыгына арналат. Тасмалар борбор калаадагы “Манас”... Читать дальше...

Жээнбеков илимий-изилдөө институттарынын эскирген системасын алмаштыруу маселесин көтөрдү

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков окумуштууларды жана илим кызматкерлерин кесиптик майрамы - Илим күнү менен куттуктады. Мамлекет башчы илимди жана билим берүүнү өнүктүрүү аркылуу гана эл аралык аренадагы атаандаштыкка туруштук бере ала турганын белгиледи. - Атамекендик илимий-инновациялык потенциал орто мөөнөттүү келечекте өлкөнүн экономикасынын реалдуу секторун өнүктүрүүгө багытталышы керек. Бул үчүн илимий чөйрөнү башкаруу системасын, ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү, илимий-изилдөө институттарынын эскирген системасын алмаштыруу... Читать дальше...

Трамп мыйзамсыз мигранттарга башпаанек берүү эрежесин катаалдаштырды

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамп Мексика аркылуу келген мыйзамсыз мигранттарга баш паанек берүүнү чектеген документке кол койгонун билдирди. Ага ылайык, Мексика аркылуу АКШнын чек арасынан мыйзамсыз өткөн жарандар качкын макамын алуу үчүн документ тапшыра албайт. Эреженин катаалдашы Кошмо Штаттарга агылган кербендин көбөйгөнү менен байланыштуу. “Мен ири сандагы мигранттардын көйгөйүн чечүү үчүн белгилүү бир чет элдик жарандардын, мыйзамсыз жана керектүү документтери жок Мексиканын аймагы аркылуу өлкөгө кирүүсүн убактылуу токтотом”... Читать дальше...

Бычакталган журналист милицияга арыз жазуудан баш тартты

Azattyk.org 

Жалал-Абадда белгисиз бирөө бычактап кеткен журналист Санрабия Сатыбалдиеванын абалы жакшы. Дарыгерлер жараат алган колун тигип беришкенин өзү “Азаттык” радиосуна билдирди. Журналисттин айтымында, факт боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Ал милицияга арыз жазуудан баш тарткан себебин мындайча түшүндүрдү: - Окуя болгондон кийин 20дай кызматкерге жооп берип жатып чарчадым. Ар кандай суроолор болду. Ал ортодо "сиз сүрөттөп берген адам табылбай калса, кайра өзүңөргө кылмыш иши ачылат. Жалган көрсөтмө үчүн" дешти. Читать дальше...

Ирактагы террорчулардын тузагы

Azattyk.org 

Ирактын согуш жүргөн аймагын кайра калыбына келтирип, элди отурукташтыруу аракеттери жүрүп жатат. Анын ичинде салгылаш болгон айылдар жана шаарлар жарыла турган куралдардан тазаланууда. Террорчулар ээлеп турган аймактан адамдар топ-тобу менен көмүлгөн чуңкурлар табылды.

Москва Венага тыңчылык жаңжалына байланыштуу жооп берди

Azattyk.org 

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги орус тыңчысы катары шектелген офицердин кармалышына байланыштуу Австрия бийлигинин билдирүүсүнө нааразылык билдирди. Башкы дипломатиялык мекеме бул эки өлкө ортосундагы мамиленин курчушуна алып келерин эскертти. Буга чейин Орусиянын Австриядагы элчилигинин башкы дипломаты бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине чакыртылган. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги австрия бийлигинин ачык айыптоосун “орунсуз жана таңкалычтуу” деп баалады. 9-ноябрда Австрияда армиянын... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Cуперфинал Кубка России планируют провести в «Лужниках», сообщил источник


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Кудерметова и Хао-Чин вышли в финал турнира WTA в Штутгарте в парном разряде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

«Тебе не понравится»: Solar AURA выявила масштабную сеть вредоносных сайтов с картинками для кражи Telegram-аккаунтов





Путин в России и мире
Москва

Алиев: доволен развитием отношений Азербайджана и России


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Губернатор Поморья встретился с президентом Беларуси Александром Лукашенко




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Байден заверил Зеленского в скорых поставках новых пакетов помощи


Навальный в России и мире
Москва

Мосгорсуд оставил в СИЗО журналистку Фаворскую, обвиняемую в экстремизме за репортажи о Навальном



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Стас Пьеха

«В чем угодно, только не в красных стрингах!» Стас Пьеха рассказал о фотосессии на «Фабрике звезд» в шоу «УТРО. ТНТ»



Москва

Суд арестовал второго участника нападения на байкера в Москве

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net