Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2018

Новости за 28.11.2018

Грузия: экзит-полл шайлоодо Зурабишвили жеңгенин көргөзүүдө

Azattyk.org 

Gallup уюмунун сурамжылоосуна караганда, президенттик шайлоонун 28-ноябрдагы экинчи айлампасында мурдагы премьер-министр Бидзина Иванишвилинин бийликтеги “Грузин кыялы” партиясы колдогон талапкер Саломе Зурабишвили добуштардын 58%ын, мурдагы президент Михаил Саакашвилинин оппозициядагы Бириккен улуттук кыймыл партиясынын талапкери Григол Вашадзе 42%ын алды.  Ал эми америкалык Edison Research уюмунун сурамжылоосу Зурабишвили 55%, Вашадзе 45%ын алганын көргөздү. 66 жаштагы Зурабишвили, 60 жаштагы... Читать дальше...

Кабул сүйлөшүүлөрдүн жол картасын жарыялады

Azattyk.org 

Ооган президенти Ашраф Гани талибдер менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жол картасы иштелип чыкканын билдирди. Буга чейин АКШнын атайын чабарманы "Талибан" кыймылы менен Катарда сүйлөшүүлөрдү өткөрүп келген эле.

Украинанын Орусия кармаган деңиз аскерлери эки айга камалды

Azattyk.org 

24 деңиз аскерин эки айга камакка алууну караган сот чечимдеринин акыркыларын 28-ноябрда аннексияланган Крымдын  Симфереполь шаарынын райондук соту чыгарды. Орусия тарап мындай кадамы менен Украина бийлигинин жана Батыш өлкөлөрүнүн моряктарды тезинен бошотуу жөнүндөгү чакырыктарына кулак салган жок.  Деңиз аскерлеринин камактагы мөөнөтү дагы узартылышы мүмкүн. Мамлекеттик ТАСС агенттигинин жазганына караганда, орус тарап "алар мамлекеттик чек арадан” мыйзамсыз өткөн деп эсептөөдө. Эгер украин... Читать дальше...



Ооганстанда аба соккудан отуздай жайкын тургундун өмүрү кыйылды

Azattyk.org 

Бул тууралуу ооган расмий өкүлдөрү билдирүүдө. Алардын маалыматына караганда, АКШнын аба соккусунан кеминде 30 жайкын тургун өлкөнүн түштүгүндө, Гилменд провинциясында мерт болду. Бул провинция "Талибандын" аймактагы таянычы деп саналат.  НАТОнун Ооганстандагы миссиясынын маалыматына караганда, Ооганстандын өкмөттүк күчтөрү жана америкалык аскерий кеңешчилер 27-ноябрь күнү Гилменддин Гармсир районунда “Талибан” согушкерлеринин аткылоосуна кабылган жана абадан колдоо көргөзүүнү суранышкан. Бирок... Читать дальше...

БУУ: дүйнөдө 87 миң аял өлтүрүлгөн

Azattyk.org 

Керч окуясынан улам АКШ президенти Дональд Трамп “Чоң жыйырманын” саммитинин алкагында орус президенти Владимир Путин менен жолугушуудан баш тартышы мүмкүн. Грузияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүп жатат. БУУнун маалыматына ылайык, өткөн жылы дүйнөдө 87 миң аял өлтүрүлгөн. Алардын жарымынан көбү жакын адамынан же күйөөсүнөн запкы көргөн.

Путин Керч кысыгындагы жаңжал үчүн Киевди айыптады

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүнкү сөзүндө деңиздеги карама-каршылык үчүн расмий Киевди күнөөлөп, "муну менен украин президенти Петро Порошенко шайлоо алдында беделин чыңдоо максатын көздөдү" деп эсептей тургандыгын билдирди: - Бул, албетте, чагым. Кызматтагы өкмөт, менимче азыркы президент тарабынан да келерки жылдын мартындагы шайлоонун алдында уюштурулган чагым. Кызматтагы президенттин рейтинги, менимче, бешинчи тепкичте. Ал түгүл экинчи айлампага кирбей калышы мүмкүн. Андыктан бир нерсе кылышы керек... Читать дальше...

"Белизгейт" гриф маселесине такалды

Azattyk.org 

Мурдагы башкы чекист Абдил Сегизбаевге кылмыш ишин козгоо тууралуу маселе көтөрүүгө негиз болгон «Белизгейт» иши кайрадан күн тартибине чыкты.

Грузияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы аяктаганы турат

Azattyk.org 

Шайлоо бекеттери жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00, Бишкек убактысы боюнча 22:00до жабылмакчы.  Шайлоонун экинчи айлампасында мурдагы премьер-министр Бидзина Иванишвилинин бийликтеги “Грузин кыялы” партиясы колдогон талапкер Саломе Зурабишвили менен мурдагы президент Михаил Саакашвилинин оппозициядагы "Бириккен улуттук кыймыл" партиясынын талапкери Григол Вашадзе ат салышууда.  66 жаштагы Зурабишвили, 60 жаштагы Вашадзе да мурдагы президент Михаил Саакашвилинин учурунда тышкы иштер министринин кызматын аркалашкан. Читать дальше...



Трамп: "Путин менен жолукпашым мүмкүн"

Azattyk.org 

АКШнын президенти Дональд Трамп Аргентинада “Чоң жыйырманын” саммитинин алкагында Орусиянын президенти Владимир Путин менен боло турган жолугушуудан баш тартышы мүмкүн. Буга Орусиянын Керч кысыгында украин моряктарын жана кемелерин камакка алганы себеп катары каралууда.

“Атамбаевсиз КСДП” жыйынында чыр чыкты

Azattyk.org 

28-ноябрда Свердлов районунда “Атамбаевсиз КСДП” жыйыны өтүп жаткан жерге парламент депутаты Ирина Карамушкина барып, чогулгандарга конференция мыйзамсыз өтүп жатканын билдирген. Залда чогулгандар менен кайым айтышуу болгон видео тасманы vb.kg интернет-сайты жарыялады. Анда депутат жыйын өткөрүп жаткандардан партиялык билеттерин көрсөтүүнү талап кылып, КСДПнын борбордук аппаратынын уруксаты менен гана чогулуштарды өткөрүүгө боло турганын айтты.  Залда чогулгандар Ирина Карамушкинаны чыгып кетишин талап кылып... Читать дальше...

Бурулайдын ишинде айыпталуучу сурак берди

Azattyk.org 

Бишкектин Свердлов райондук сотунда өтүп жаткан отурумда Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча айыпталып жаткан Марс Бөдөшев сурак берди. Ал Бурулай Турдаалы кызы менен сүйлөшүп жүргөнүн айтып, кызды өлтүргөнүн мойнуна алган жок. Марс Бөдөшев жанында бычак болбогонун, анын кайдан пайда болгонун билбей турганын айтты.

Аба ырайы: Чукул билдирүү

Azattyk.org 

30-ноябрда күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Жолдор тайгак болот. 29-ноябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолордо, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 8…13; Таласта түнкүсүн -3…+2, күндүз 7…12; Баткен, Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -1…+4, күндүз 8…13; Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…-5... Читать дальше...

Нурлан Мотуев күчөтүлгөн тартиптеги абактан чыкты

Azattyk.org 

Чуулгандуу окуялары менен белгилүү болгон активист Нурлан Мотуев күчөтүлгөн тартиптеги №27 түзөтүү колониясынан чыкты. Анын мындан аркы жазаcы кайсы түрмөнүн карамагында өтөлө тургандыгы 10 күндөн кийин чечилет. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы маалымдады.  2017-жылдын декабрь айында Биринчи май райондук соту жатак абагында жазасын өтөп жаткан Нурлан Мотуевди күчөтүлгөн режимдеги камакка алууга өкүм чыгарган. Мындай соттун чечимине Мотуев жатак абагындагы жаза өтөөнүн эрежелерин бузгандыгы себеп болгон. Читать дальше...

Айша Базарбаева: Ишсиз калгандан корком

Azattyk.org 

Алтымышынчы жылдардын этегинде “Бульварым” аттуу ырды аткарып “жылдызга” айланган Айша Базарбаева – көп кырдуу өнөрпоз Чоро Кожомжаровдун улуттук эстрадасынын алгачкы солисттеринин бири. Айша Базарбаева менен Бурулкан Сарыгулова 60-жылдардагы эстрадалык музыкага ынтызар муундун даңазасы, таржымалы, тагдыры тууралуу сыябан-маек курду.

Кытайдагы кыргыздардын абалы боюнча талкуу өтөт

Azattyk.org 

29-ноябрда Бишкектеги "Достук" мейманканасында кытайлык кыргыздардын азыркы абалы боюнча коомдук талкуу өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар маалымдашты. Алардын айтымында, Кытайдагы кыргыздар жөнүндө маалыматтарга кайдыгер эмес жарандар чакырылып, Кыргызстандын бул боюнча үн катпай жатканы талкууланат.  Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз улутундагы Кытай жарандарынын камалышы боюнча маалыматтарды текшерүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда министр Чыңгыз Айдарбеков парламенттин Эл аралык иштер... Читать дальше...

Дин иштери боюнча комиссия БУУнун өкүлдөрү менен жолукту

Azattyk.org 

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Зайырбек Эргешов Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Өнүктүрүү программасынын өкүлдөрү, уюмдун экстремизмдин алдын-алуу боюнча атайын кеңешчиси Александр Аванесов менен жолугушуп, дин темасында кеңири талкуу өткөрүштү. Бул тууралуу 28-ноябрда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын басма сөз кызматы маалымдады.  Тараптар жолугушууда диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат, дин тутуу эркиндиги, адам укуктары, экстремизм менен радикализмдин алдын алуу боюнча баарлашты. Читать дальше...

Трамп Путин менен Аргентинада жолукпай коюшу мүмкүн

Azattyk.org 

Бул тууралуу АКШнын президенти өзү билдирди. Дональд Трамптын айтымында, Орусия Украинанын моряктарын деңизден кармап кеткенинен улам ал президент Путин менен Аргентинада, "Чоң жыйырманын" саммити учурунда мерчемделген жолугушуусун токтотууну караштырып жатат. Трамп “The Washington Post” гезитиндеги маегинде белгилегендей, ал азыр улуттук коопсуздук боюнча топтун 25-ноябрдагы окуя боюнча толук баяндамасын күтүп жатат. “Бул чечүүчү жагдай болот. Мен балким жолукпайм (Путин менен). Мага бул агрессия жаккан жок”... Читать дальше...


Музыкальные новости
Певица

Певица Ольга Бузова прошла плановый осмотр в больнице





Персональные новости
Николай Патрушев

Патрушев заявил, что нелегальная миграция связана с угрозами терроризма





Кытайда химиялык заводдун жанындагы жарылуудан 23 киши өлдү

Azattyk.org 

Бул тууралуу “Associated Press”, “Reuters” агенттиктери кабарлашты. Маалыматты жергиликтүү бийлик да ырастады. Жарылуу Кытайдын чыгышында, Чжанцзякоу шаарында жайгашкан химиялык заводдун жанында болгон. Андан кеминде 23 адамдын өмүрү кыйылып, 20дан ашуун киши жарадар болгон.  Мамлкеттик «Синьхуа» агенттигинин кабарына караганда, жарылуудан кийинки өрттөн 50дөй автоунаа жок болгон. Учурда кырсыкты себептери иликтенүүдө. Борбор Бээжинден 156 чакырым алыстыктагы Чжанцзякоу - Кытайдын 2022-жылкы Кышкы олимпиаданы тосо турган шаарларынын бири. Читать дальше...

Өмүркулов: Атамбаевдин байлыгы текшерилиши керек (видео)

Azattyk.org 

Парламенттеги КСДП фракциясынын жетекчиси Иса Өмүркулов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин байлыгын текшериш керек деп эсептейт. Ал мындай пикирин “Азаттык” радиосунун суроолоруна жооп бери жатып айтты: - Ар бир аткаминер мыйзам боюнча декларация тапшырышы керек. Анда алган кирешесин, баарын так жазыш керек. Ал мамлекет тарабынан текшерилиши керек. Эгерде туура эмес маалыматтар жазылган болсо, аны толтурган адам жооп бериши керек болот. Канча көлөмдөгү киреше, эмненин негизинде? Эгерде ишкана болсо... Читать дальше...

Украинанын президенттик шайлоосу 2019-жылдын 31-мартына белгиленди

Azattyk.org 

Бул үчүн парламенттин төрагасы Андрей Парубий кол койгон токтом 28-ноябрда Жогорку Раданын расмий баракчасына жарыяланды. Президенттик шайлоонун мөөнөтү расмий белгиленерде Украинанын он аймагында 30 күндүк мөөнөт менен аскердик абал киргизилген. Аскердик абал Украинанын Орусия менен деңизден жана кургактан чектешкен, ошондой эле Молдованын Орусия колдогон Приднестровье аймагы менен чектеш облустарында да киргизилди. Мындай чечим Орусия Керч кысыгында, Кара деңиз жана Азов деңизи чектешкен... Читать дальше...

Саясий технолог өз атынан Атамбаевге жазылган катты төгүндөдү

Azattyk.org 

Интернет айдыңында Кыргызстанда сегиз жыл эмгектенген орусиялык саясий технолог Алексей Василивецкийге таандык экени айтылган, мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевге жазылган кат тарады. Анда Василивецкий өлкөдөн кеткендиги үчүн Атамбаевден кечирим сурап, шайлоого кеткен чыгымдар тууралуу маалыматты ачыкка чыгаруу эртерээк болгондугун жана Атамбаев мындай иш-аракети менен өзүнүн да, Василивецкийдин да аброюн түшүргөнү жазылган. "Шайлоого кеткен чыгымдарды ачыкка жарыялоо эртелик кыларын айткам. Читать дальше...

Кытай кыргыздарынын кыжаалат кылган абалы

Azattyk.org 

Кытайдагы кыргыздардын Кыргызстандагы өкүлдөрү Бээжиндин “саясий тарбиялоочу борборунда” кармалып турган туугандарынын чоо-жайын билүүгө жардам берүүнү өтүнүп, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышты.

Назарбаев: кичине күнөө кылгандарды акча менен жазалаш керек

Azattyk.org 

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун казак кызматы кабарлагандай, президент Нурсултан Назарбаев бүгүнкү жарандык форумда күнөө же кылмыш кылгандар үчүн түрмөгө кесүүнү азайтуу зарыл экенин билдирди. Казак президентинин айтымында, оор эмес кылмыш кылгандарды түрмөгө олтургузбастан, акча менен жазалаш керек. “Бир аз күнөө кылгандарды акча менен жазалаш керек. Биз мыйзамды өзгөрттүк, бул түрмөдөгүлөрдү азайтты. Бул ишти улантыш керек”, - деген Назарбаев абактарда “экстремисттер менен террорчуларды”... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Команда подмосковного главка Росгвардии заняла призовое место на чемпионате Центрального округа по стрельбе из боевого ручного стрелкового оружия


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Дарья Касаткина

Теннисистка Касаткина заявила, что скучает по России, но пока не может приехать


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Жёсткие экологические требования решат инновационные энерготехнологии





Путин в России и мире
Москва

Петербургский автопром вышел из кризиса, заявил Беглов


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



The Beatles

«Если прищуриться, мы похожи на The Beatles» // Евгений Цыганов о своей карьере музыканта



Москва

Дождь с песком из Сахары пройдёт в Челябинской области

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net