Керч кысыгындагы жаңжал
Орусиянын чек арачылары Украинын аскердик кемелерин аткылаганы кабарланды. Киев Азов деңизиндеги тирешти "агрессиялык акт" деп атады. Орус тарап болсо украиндерди чагымчыл кадамдарга барды деп айыптоодо.
Орусиянын чек арачылары Украинын аскердик кемелерин аткылаганы кабарланды. Киев Азов деңизиндеги тирешти "агрессиялык акт" деп атады. Орус тарап болсо украиндерди чагымчыл кадамдарга барды деп айыптоодо.
Франциянын президенти Эммануэл Макрон күйүүчү майдын баасынын көтөрүлүшүнө каршы көчөгө чыгып, полиция кызматкерлери менен кагылыша кеткен демонстранттарды сынга алды. "Коопсуздук күчтөрүнө чабуул койгондорго уят. Башка жарандарга жана журналисттерге күч колдонгондорго уят",-деп жазды Макрон 25-ноябрда "Твиттердеги" барагына. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, ишемби күнү Франциянын 1600дөй аймагында митингдер өтүп, ага 100 миңден ашык киши катышты. Кара май баасынын өсүп жатканына... Читать дальше...
Орусия Кара деңиз менен Азов деңизин байланыштырган Керч кысыгын жарандык кемелер үчүн жапты. Интернетке жарыяланган сүрөттөрдөн Керч көпүрөсүнүн алдында өтмөктү атайын кеме тосуп турганын көрүүгө болот. Бул кысык Орусия Украинанын үч аскердик кемесин Керч көпүрөсүнүн жанындагы деңиздин орус тарапка таандык бөлүгүнө кирди деп айыптагандан кийин жабылды. Украинанын Аскердик-деңиз күчтөрү, тескерисинче, Орусияны Кара деңизде жүргөн украин кемелерине каршы агрессияга жата турган кадамдарга барды деп айыптап жатат. Читать дальше...
Сириянын Алеппо шаарынын айланасындагы куралдуу оппозициячыл күчтөргө жекшемби күнү абадан сокку урулду. Бул тууралуу "Reuters" жаңылыктар агенттиги баш кеңсеси Британияда жайгашкан Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясына шилтеме кылып кабарлады. Укук коргоо уюмунун маалыматына ылайык, бул Орусия менен Түркиянын ортосундагы сентябрь айында кабыл алынган келишимден кийинки алгачкы чабуул болуп калды. Аба соккулары Орусиянын Коргоо министрлиги Сириянын оппозициясын Алеппонун калк жашаган аймагына... Читать дальше...
Жыйырма айдан бери уланып жаткан сүйлөшүүлөрдөн кийин Евробиримдик Британиянын уюмдан чыгуусу боюнча эки негизги документти жактырды. Мындай чечим уюмдун 27 өлкөсүнүн лидерлеринин Брюсселде 25-ноябрда өткөн жыйынында кабыл алынды. Лидерлер жактырган 585 беттен турган келишимде Британия 2019-жылдын 29-мартында Евробиримдиктен кандай шарттар менен чыгары жазылган. Ошондой эле Лондон менен Брюсселдин келечектеги кызматташуусу тууралуу саясий декларация да колдоо тапты. Негизги келишимди Британиянын парламенти ратификациялашы керек. Читать дальше...
Жалал-Абад шаарында 22 млн. сомдук жол куруу иштери соцтармактардын колдонуучуларынын сынына кабылды.
Өзбекстан эртең 26-ноябрда өзүнүн аскерлеринин күжүрмөн даярдыгын текшерет. 25-ноябрда бул тууралуу расмий нота өзбек тараптан Кыргызстанга келип түшкөнүн өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Өзбекстан чыгыш тарабынан Кыргызстандын Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустары менен чектешери маалым. (RK)
Өзбекстан эртең 26-ноябрда өзүнүн аскерлеринин күжүрмөн даярдыгын текшерет. 25-ноябрда бул тууралуу расмий нота өзбек тараптан Кыргызстанга келип түшкөнүн өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Өзбекстан чыгыш тарабынан Кыргызстандын Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустары менен чектешери маалым. (RK)
КСДП партиясынын саясий технологу аталып келген Алексей Василивецкий «Азаттык» радиосуна калп айтканын моюнуна алды. Ал социалдык түйүндөр аркылуу кыргызстандыктарга жолдогон видео кайрылуусун таратып, "Азаттыктын" кабарчысынын "Жээнбековдун штабында иштедиңиз беле?" деген суроосуна "Жок, иштеген эмесмин" деп туура эмес жооп бергенин айтты. Василивецкий орус жараны экенин, былтыркы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековго кеңеш берип иштегенин, бул үчүн акы алганы чын экенин, соңку кезде аңдуулар... Читать дальше...
Украинанын деңиздеги аскер күчтөрүнүн башчылыгы Орусияны Азов деңизинде украиналык аскерлерге карата агрессия жасоодо деп айыптап чыкты. Жекшемби күнү таратылган билдирүүдө Одесса портунан Мариуполго карай сүзүп бараткан украиналык кемеге Орусиянын “Дон” чек ара кемеси чабуул жасап, негизги кыймылдаткычын бузуп кеткени айтылат. Адамдар арасында жабыркагандар жок. "Орусия өзүнүн зордукчулдугун жана эл аралык укук нормаларын таптакыр тоготпогонун дагы бир ирет көрсөттү" – деп айтылат Украинанын билдирүүсүндө. Читать дальше...
26-ноябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -7...-12, күндүз 4...9, Таласта түнкүсүн -5...-10, күндүз 2...7, Ысык-Көлдө түнкүсүн -4...-9, күндүз 2...7, Ошто, Баткенде, Жалал-Абадда түнкүсүн 0...-5, күндүз 5...10, Нарында түнкүсүн -10...-15, күндүз -3...+2 градус болот. Читать дальше...
Россиялык спортчу профессионалдык рингде 15 беттешүүгө чыгып, бардыгын тең жеңип алган.
Кыргызстанда армияда кызмат өтөгүсү келгендердин саны көбөйдү. Бул тууралуу Башкы штабдын жетекчиси Райымберди Дүйшөнбиев "Азаттыктагы" маегинде билдирди. Ал ошондой эле кыргыз армиясындагы жоокер өлүмү, кырсык, зордук-зомбулукка байланышкан чуулгандуу фактылар, өзүнүн аты аталган чырлуу окуялар тууралуу суроолорго жооп берди.
Түркияда орус элчиси Андрей Карловдун өлүмү боюнча кылмыш иши тергелип бүттү. Anadolou мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, прокуратура 28 адамга айып такканы жатат, алардын арасында Фетхулла Гүлен жана анын бир нече тарапкери бар. Элчи Карлов 2016-жылдын 19-декабрында Анкарадагы "Орусия: Калининграддан Камчаткага чейин саякатчынын көзү менен" аттуу фотокөргөзмөдө сүйлөп жатканда окко учкан. Элчини аткан 22 жаштагы полиция кызматкери Мевлүт Алтынташты коопсуздук күчтөрү окуя болгон жерден атып өлтүрүшкөн. Читать дальше...
Тизеге жеткен баткак жолдор, суусу жок, электр жарыгы үлбүлдөп эле күйгөн айылдар. Мындай көрүнүшкө Бишкектен алыс чыкпай эле көзүң түшөт. Баш калаанын тегерек четинде жайгашкан жаңы конуштарда кыш өзүнүн каарын көрсөтүүдө.
Өзбекстандык келин учактын ичинде көз жарды. "Азаттык" радиосунун өзбек кызматы кабарлагандай, окуя ишемби күнү Кытайдын борбору Бээжинден Ташкентти көздөй багыт алган учакта болгон. China Southern Airlines авиакомпаниясынын каттамына билет алган Наргиза Касымова толгоосу эрте келип, ымыркайын учактын ичинде төрөдү. Бул анын бешинчи баласы экени кабарланды. Күтүүсүз жагдайдан улам лайнер кайра аэропортко келип конуп, натыйжада каттамдын жүргүнчүлөрү Ташкентке беш саат кеч конушту. Ал эми төрөгөн... Читать дальше...
Бейиш куштарынын ургаачылары түгөйлөрүн ырдатып, бийлетип тандайт. Булчуңдарды күчтүү кыла турган көнүгүү жүрөккө пайдалуу. Дүйнөдөгү эң кубаттуу супер компьютерлер АКШ жана Кытайга таандык. Байыркы майялардын Тикал шаарында 10 миллионго чамалуу эл жашаган.
Жээнбеков октябрдын башында карьерасына карап үй-бүлөсү менен Америкага көчүп кеткен.
Казакстандан мыйзамсыз кара май ташып келе жаткан үч кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, чек арачылар "Чоң-Капка" бекетинде үч автомашинаны токтотуп текшергенде ичинен жалпысынан 1,5 тонна бензин куюлган желим челектер табылган. Документи жок жүктү алып өтүүгө аракет жасагандар милиция органдарына өткөрүлүп берилди. Кыргызстанда күйүүчү май кескин кымбаттады. Айдоочулар мындай өзгөрүү алардын капчыгын кагып жатканын айтышууда. Ал эми... Читать дальше...
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү тез жардам кызматынын төрт бөлмөлүү чакан имаратын эки жылдан бери куруп бүтө албай келет.
Кардын жаашы жана техниканын жетишсиздиги жолду убагында тазалап, себүү иштерин толук жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бербей жатат. Бул тууралуу транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов өкмөттө өткөн кеңешмеде билдирди. "Бирок жолчулар Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте жер-жерлерде унаа жолдорун тейлөө боюнча гана эмес, жол кыймылын жөнгө салуу жана айдоочуларга жардам берүү иштерин дагы аткарууда" деди министр. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, премьер-министр Мухаммедкалый... Читать дальше...
Орусия Сириянын Алеппо шаарына химик адистерин жөнөттү. Бул тууралуу жекшемби күнү Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенков билдирди. Аскер кызматкерлери жергиликтүү мамлекеттик телеканалдар аркылуу бул шаарда ууландыруучу снаряддар атылып, адамдар жабыркаганы тууралуу маалымат тараганына байланыштуу жөнөтүлдү. "Сирияда жайгашкан байкоочу бекеттердин радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу жаатында адистешкен кызматкерлери атайын жабдыктары менен окуя болгон жерге дароо жетип барышты. Читать дальше...
Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй британ элине ачык кайрылуу жолдоду. Европа Биримдигинин Брюсселде өтө турган кезексиз саммитине аттанар алдында ал элге кайрылып, Брекзит өлкөнүн тарыхында жаңы баракча ачарын айтты. "Бул биздин улуттун жана элдин кызыкчылыктарына жооп бере тургандай келишим болот. Европа Биримдигинен чыгуу сунушун колдогондор үчүн да, каршы болгондор үчүн да бирдей иштейт” деди Мэй. Буга чейин Евробиримдик менен Лондон Брекзиттен кийинки кызматташтык тууралуу саясий декларациянын долбоорун макулдашкан. Читать дальше...
Бишкек-Ош автожолундагы чектөөлөр алынды, жол толугу бойдон ачык. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өкүлү Тилек Оторов билдирди. Оторовдун айтымында, ашууда кар жааган жок, буга чейин пайда болгон тыгын тарады. Автотрассанын 121-125-чакырымдары кар көчкү түшкөнүнө байланыштуу ишемби күнү убактылуу жабылган. (RK)
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.