Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2018

Новости за 30.11.2018

Буэнос-Айресте “Чоң жыйырманын” саммити ачылды

Azattyk.org 

Жума күнү Аргентинада “Чоң жыйырманын” жыйыны расмий ачылды. Эки күндүк саммитте дүйнөлүк экономиканын абалы талкууланат. “Чоң жыйырманын” түзүлгөндүгүнүн он жылдыгына туура келген саммит дүйнөнүн эң ири экономикасы Кытай менен АКШнын соода тиреши күчөп, бири-бирине миллиарддаган долларга тарифтерди көтөргөн шартта өтүп жатат. Эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусу ишембиге белгиленген. “Чоң жыйырманын” саммитиндеги эки тараптуу жолугушууларда саясий суроолор да талкууланары күтүлүп жатат. Британиянын... Читать дальше...

Тажикстан төрөттү азайтууну чечти

Azattyk.org 

Жапония өкмөтү Тажикстанга балдардын төрөлүшүн жакшыраак пландоого жардам берет. Буга чейин эл аралык эксперттер Тажикстандагы жакырчылыктын негизги себеби катары ыкчам демографиялык өсүштү мисалга тартышкан. Ал эми Казакстанда мектептерде бекер презерватив таркатуу сунушталып жатат.

АКШ, Мексика жана Канада жаңы соода келишимине кол койду

Azattyk.org 

Жаңы келишимге үч өлкө Аргентинанын борбору Буэнос-Айресте “Чоң жыйырманын" саммити башталар алдында кол койду. Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо, Мексиканын президенти Энрике Пенья Ньето жана Кошмо Штаттардын лидери Дональд Трамп 30-ноябрда кол койгон келишим Түндүк Америкадагы эркин соода жүгүртүү боюнча үч тараптуу келишимди (НАФТА) алмаштырат. Документ дароо күчүнө кирбейт, аны улуттук парламенттер ратификациялашы керек. Канада, АКШ жана Мексиканын ортосундагы үч тараптуу эркин соода келишими (НАФТА) 1994-жылы күчүнө кирген. Читать дальше...



“Чоң жетинин” министрлери Орусияны украин аскерлерин бошотууга чакырды

Azattyk.org 

“Чоң жетинин” тышкы иштер министрлери Орусияны аннекцияланган Крым жарым аралындагы Кара деңизде Украинанын үч кемесин жана 24 деңиз аскерин кармап кеткени үчүн айыптады. Канаданын, Франциянын, АКШнын, Улуу Британиянын, Германиянын, Жапониянын жана Италиянын тышкы иштер министрлери тараткан билдирүүдө Орусиянын украин кемелерине каршы "аскер күчүн" пайдалануусу такыр актоого болбой турган кадам. Министрлер тараптарды сабырдуулукка жана карама-каршылыкты күчөтпөөгө чакырган. Ошондой эле Москваны... Читать дальше...

Украинага орусиялык эркектер киргизилбейт

Azattyk.org 

Кытайлык казактар Шинжаңдагы тарбия лагерлеринде кармалып турган жакындарын бошотууну суранып Астанага дагы бир ирет кайрылышты. АКШ Ирандын Йемендеги жарандык согушка аралашуусунун жаңы далилдерин жарыялады. Керч кысыгындагы кырдаалдан улам Украина орусиялык эркектердин өлкөгө кирүүсүнө тыюу салды.

Жатаканадагы жалындуу жаштык

Azattyk.org 

Нан жана майонез, китеп менен Интернет, сууга бышкан кесме... Мунун баары студенттердин жашоосу. "Азаттык плюстун" командасы бул ирет алардын жатаканадагы өмүрүнүн бир үзүмүн чагылдырды.

БУУ Ирандагы укук коргоочулардын абалына кабатыр

Azattyk.org 

БУУнун адам укуктары боюнча эксперттери Иранды аялдарды хижаб кийүүгө милдеттендирген мыйзамга каршы чыккан укук коргоочуларды жана адвокаттарды тезинен бошотууга чакырды.   29-ноябрдагы билдирүүдө алар июнь айында аялдарга башты жана денени жаап жүрүүгө милдеттендирген мыйзамга каршы чыгып, кармалган дарыгер активист Фархад Мейсаминин саламаттыгына тынчсыздануусун билдиришкен. Ачкачылык кармаган Фархад Мейсами азыр ооруканада экени, ага күчтөп дары куюп, азыктандырып жатышканы айтылууда. БУУнун... Читать дальше...



Ооганстан: талибдердин өз ара кармашынан 30га жакын согушкер өлдү

Azattyk.org 

Ооганстандын расмий адамдарынын кабарлашынча, “Талибандын” бири бирине каршы эки тобунун кагылышынан ондогон согушкер набыт болду. Герат провинциясынын губернаторунун өкүлү Жилан Фархад 30-ноябрда Шиндон аймагындагы кагылышта 28 согушкер өлүп, 25и жаракат алганын маалымдады. Кабарларга караганда, кармаш “Талибандын” азыркы жетекчилигин колдогон Хайбатулле Ахундзаде Молдонун кошууну менен ага каршы Расул Молдонун желдеттеринин ортосунда болгон. Расул молдо “Талибанды” ичинен бөлүү үчүн ооган атайын... Читать дальше...

Казакстанда активист төрт жылга соттолду

Azattyk.org 

30-ноябрда Казакстанда тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылына мүчө болгон деп айыпталган активист Асат Абишев төрт жылга соттолду. Абишевди Алматынын Алмалы райондук сотуна өкүмдү угузуу үчүн күч менен алып келишти. Ал эртең менен сот отурумуна катышуудан баш тарткан. Активист сотко келер менен аны алдап алып келишкенин журналисттерге маалымдады. Судья Ернар Касымбеков өкүмдү окуп жаткан кезде активисттин адвокаты Гүлнара Жуаспаева да болгон жок. Соттогу акыркы сөзүндө Асат Абишев "эл жакыр... Читать дальше...

АКШ Сенаты Керч жаңжалы үчүн Орусияны айыптаган резолюция кабыл алды

Azattyk.org 

АКШ Сенаты бейшемби күнү кабыл алган резолюцияда Украинанын үч кемесин жана 24 деңиз аскерин кармап кеткенине байланыштуу Орусияны "чагымчыл аракеттерге барды” деп айыптаган. Республикачы Рон Жонсон жана демократ Крис Мерфи сунуштаган резолюцияны сенаторлор бир добуштан колдоду. Жонсондун айтымында, орус президенти Владимир Путин "Батышты сынап жатат". Ал сенаторлордун резолюцияны бир добуштан колдогону “биз украин элин, украин өкмөтүн жана Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдорубузду көрсөтөт” деди. Читать дальше...

Кытайга мыйзамсыз сурма саткан ишканага кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынан “Азаттыкка” кабарлашты. Ага ылайык, аталган кызматтын Ош облусундагы Кара-Суу, Алай жана Чоң-Алай райондору боюнча бөлүмү “У.Т и К.” деп аталган фирма Кытайда жайгашкан “Б” аттуу ишканага 2017-жылдан быйыл июль айына чейин курамында сурма бар 1764 тонна тоо-тек жана кошулманы мыйзамсыз сатканын аныктаган. Мындан 6 миллион сомдон ашык пайда көргөн, бирок салык документтеринде өтө аз суммадагы акча жазылган. Ошондой... Читать дальше...

Үй-бүлөдөгү зомбулукка кабылгандардын 97% аялдар

Azattyk.org 

Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка кабылгандардын 97 пайызын аялдар түзөт. Бул тууралуу Бишкекте 30-ноябрда зомбулуктан коргонуу жана коргоого арналган тегерек үстөлдө айтылды. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына караганда, ар кандай изилдөө жана сурамжылоолор зордук-зомбулукка үй-бүлөдөгү аялуу катмар эсептелген балдар, аялдар, кары-картаңдар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар кабыларын аныктаган. Иликтөө балдардын 30% үй-бүлөдө уруп-сабаларын, улгайган адамдардын 71% зомбулукка кабыларын көрсөткөн. Читать дальше...

Аба ырайы: кар жаайт

Azattyk.org 

Чукул билдирүү 1-2-декабрларда абанын температурасы кескин төмөндөйт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 18-23 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…-7; Суусамыр өрөөнүндө 17…-22, күндүз -8…-13; Таласта түнкүсүн -7…-12... Читать дальше...

Дүйнөлүк саундтректтер кыргыз сахнасында

Azattyk.org 

Кыргыз Улуттук филармониясынын камералык оркестри музыка сүйүүчүлөргө атактуу кинофильмдердин музыкаларынан турган концерт тартуулады. Залда Голливудда жаралган “Терминатор”, “Гладиатор”, “Шерлок Холмс”, “Форрест Гамп”, “Гарри Потер”, “Кариб деңизинин каракчылары” сыяктуу көркөм тасмаларды жана балдардын жан дүйнөсүн багындырган мультфильмдерди коштогон түрдүү саундтректери жаңырып, аны угуу үчүн карылар да, жаштар да көп чогулду. Филармонияда 2008-жылдан бери жылына бир жолу өткөрүлүп келе жаткан... Читать дальше...


Музыкальные новости
Анастасия Ивлеева

Блогер Ивлеева не явилась в суд на заседание по делу о дискредитации ВС России





Персональные новости
Сергей Шойгу

Шойгу заявил, что у России нет никаких интересов нападать на страны НАТО





Кыргыз күрөшүн ЮНЕСКОго каттатуу демилгеленди

Azattyk.org 

Кыргыз күрөшүн ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине каттатуу демилгеси көтөрүлүп жатат. Бул тууралуу 30-ноябрда парламенттин төрагасы Дастанбек Жумабеков Кыргыз күрөшү федерациясынын президенти Рыскелди Шамиев менен башкы машыктыруучу Туратбек Тойчубековду кабыл алган учурда айтылды. Шамиевдин айтымында, сентябрь айында өткөн 3-Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргыз күрөшү боюнча мелдеште аталган федерациянын балбандары жети алтын медалды камсыз кылышкан. Ошол эле маалда... Читать дальше...

Киберкоопсуздук боюнча стратегия иштелип чыкты

Azattyk.org 

Кыргызстан маалыматтык коопсуздук концепциясын жана Киберкоопсуздук боюнча стратегияны иштеп чыкты. Учурда ал мамлекеттик органдар менен макулдашуудан өтүп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын 30-ноябрдагы жыйынында айтылды. Депутат Айнура Осмонова Кыргызстандын маалыматтык коопсуздугу концепция деңгээлинде эмес, улуттук доктрина болушу керектигин баса белгиледи. Депутат Дастан Бекешев кандайдыр бир Интернет сайтты, баракчаны же аккаунтту жабуу боюнча соттун чечими чыкса, аны... Читать дальше...

Өмүркулов: Өлкөдө маалымат айдыңы кароосуз калды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов өкмөттүн маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы ишин жетишсиз деп баалап, сынга алды. Ал өлкөдө маалымат айдыңы кароосуз калып, тышкы социалдык түйүндөр балдардын аң-сезимине чейин таасир берип жатканын кошумчалады. - Буга өтө олуттуу мамиле кылуу керек. Окумуштууларыбызды илимий жактан көмөктөшүүгө тартуу, тиешелүү кызматкерлердин айлык акысын көтөрүү, теле-радио аркылуу каршы аракеттерди көрүү, заманбап жабдууларды сатып алуу... Читать дальше...

Дыйканбаев: Карамушкина популизм менен алектенип жатат

Azattyk.org 

Президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушканын “Жээнбеков кабыл албай жатат” деп айтканы боюнча "Азаттыкка" комментарий берди. Ал “Карамушкина акыркы кезде популизм менен алектенип, баарын саясатташтырып жатат” деп айтты.  - Карамушкина акыркы кезде микрафонду пайдаланып, популизм менен алектенип жатат. Депутат кайрылганда сөзсүз ал кишинин үнүн жеткиребиз, ал жакта жардамчылары бар. Протоколго ылайык алар президенттин күн тартибин, графигин карашат. Читать дальше...

Орусия ВИЧ илдети боюнча баяндамадагы маалыматтарды четке какты

Azattyk.org 

Москва Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму да авторлош болгон баяндамадагы былтыркы жылы Европа мамлекеттеринин ичинен Орусияда ВИЧ илдетин жуктуруп алгандар эң көп катталган деген маалыматты төгүндөп жатат. Орусиянын саламаттык сактоо министри Вероника Скворцованын 29-ноябрда журналисттерге маалымдашынча, өткөн жылы ВИЧ илдетин жаңы жуктуруп алгандардын саны баяндамада айтылгандай, 104 000 эмес, 85 миң 802 адам болгон. Саламаттык сактоо министрлиги жана Роспотребнадзор мекемеси баяндамадагы маалыматтар бурмаланган деп эсептейт. Читать дальше...

Аргентинада “Чоң жыйырманын” саммити ачылганы турат

Azattyk.org 

Эки күндүк жыйында дүйнөлүк экономиканын абалы көтөрүлөт. Андан тышкары бир катар эки тараптуу жолугушууларда саясий да суроолор талкууланары күтүлүп жатат. Өзгөчө көңүл Керч кысыгындагы кырдаалга бурулары айтылууда. Саммиттин ачылышына Германиянын канцлери Ангела Меркел катыша албай калды. Буга немис өкмөт башчысынын учагынын бузулуп калышы себеп болду. Бейшембиде Буэнос-Айреске багыт алган өкмөттүк учакта мүчүлүштүктөр байкалып, Көлн аэропортуна конууга аргасыз болгон. Ангела Меркел Аргентинага... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Шествие трубачей и уроки танцев: что ждет посетителей парков Москвы в майские праздники


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Новак Джокович

Кто отец Дианы Джокович?


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Опыт проведения Всероссийской акции «Вода России» представлен на межведомственном заседании в Ташкенте





Путин в России и мире
Москва

Путин поручил сократить время пути поездов от Москвы до Черноморья до 16 часов


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Александр Барыкин

«Летели с девятого этажа»: Александр Барыкин чуть не погиб при падении лифта



Москва

С 1 мая в Московской области начинается речная навигация

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net