Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2018

Новости за 23.11.2018

Ооган президенти мечиттеги жардырууну “исламга каршы” деп атады

Azattyk.org 

Өлкөнүн чыгышындагы Хост провинциясында, аскерий базанын ичиндеги мечитте, жума намаз учурунда болгон жарылуудан ондогон киши мерт болду жана жаракат алды. Аймактан түшкөн соңку маалыматтарга караганда, жарылуудан кеминде он эки кишинин өмүрү кыйылды. Хост провинциясынын губернаторунун басма сөз катчысы Талиб Мангалдын “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун ооган кызматына билдиргендей, жарылуудан дагы 33 киши жаракат алган. Башында айрым маалымат агенттиктери ооган расмий өкүлдөрүнө шилтеме жасап... Читать дальше...

АКШда Black Friday башталды

Azattyk.org 

АКШнын Чекене соода боюнча улуттук федерациясынын эсебинде, ушул жума күнү өлкө боюнча 116 миллион адам дүкөнгө барганы жатат. Ал эми келерки дүйшөмбүгө чейин дүкөндөргө 164 миллион адам келери күтүлүүдө. Black Friday деп аталган күнү салт боюнча соода түйүндөрү товар бааларын бир нече эсе арзандатышат. АКШнын тургундары ушул бейшемби-жума күндөрү Thanksgiving (Ыраазычылык күнү) майрамын белгилөөдө.  Reuters агенттиги кабарлагандай, сурамжылоолор америкалык керектөөчүлөрдүн 38% Black Friday күнү дүкөнгө барарын... Читать дальше...

Мунай баасы бир жылдан ашуун мезгилден берки эң төмөнкү чегине түштү

Azattyk.org 

Кара майдын Brent сортунун бир баррелинин баасы 23-ноябрда Лондон биржасындагы соодада 59,26 долларга бааланды. Бул - 2017-жылдын октябрь айынан берки эң төмөнкү баа.  Өзү мунай баасы дүйнөлүк биржаларда акыркы жети аптадан бери төмөндөөдө жана ноябрь айында эле 20% арзандады.  Мындан улам кара май өндүрүүчүлөрдүн ОПЕК уюму 6-декабрдагы олтурумунда өндүрүш көлөмүн кыскартуу маселесин талкуулайт деп күтүлүүдө. Кара май өндүрүүчүлөрдүн ОПЕК уюмуна он беш мамлекет мүчө. Ири өндүрүүчүлөрдүн бири болгон Орусия ага кирбейт... Читать дальше...



Тажик өкмөтү Рогун ГЭСине 2019-жылы 222 миллион доллар бөлөт

Azattyk.org 

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун тажик кызматы кабарлагандай, Тажикстандын парламенти 23-ноябрда өлкөнүн 2019-жылкы бюджетин бекитти.  Каржы министри Файзиддин Каххорзоданын парламентте билдиргенине караганда, Рогун ГЭСинин курулушуна 2019-жылы бюджеттен 2 млрд. 100 млн. сомони же 222 млн. доллар бөлүнгөн. Бул ГЭС курулушуна бюджеттен быйыл ажыратылган акчадан 100 миллион cомониге көп. Рогун ГЭСинин биринчи агрегаты быйыл 16-ноябрда пайдаланууга берилди. Президент Эмомали Рахмон ошол азем учурунда жарыялагандай... Читать дальше...

АКШ өнөктөштөрүн Huawei компаниясынын жабдуусунан баш тартууга чакырды

Azattyk.org 

Кошмо Штаттардын администрациясы дүйнө боюнча өнөктөш өлкөлөрдү Кытайдын Huawei телекоммуникациялык компаниясынын жабдууларын колдонууну токтотууга чакырды. Вашингтон бул компанияны Кытай бийлигинин пайдасына жашыруун тыңчылык кылат деп шек санайт. Бул тууралуу америкалык Wall Street Journal басылмасы жазып чыкты. АКШ бийлиги өз чакырыгын Германия, Италия, Жапония жана башка өлкөлөрдүн бийликтерине, аларда интернет кызматын көргөзгөн компанияларга багыттады. Быйыл жыл башында АКШнын чалгын... Читать дальше...

Сулуулардын кыялы...

Azattyk.org 

"Кыргызстан сулуусу - 2018" сынагы он күндүн ичинде удаа-удаа өтүп, ноябрь айынын биринчи бөлүгүндө эле эки сулуу тандалды. Кыргызстанда мындан башка да сулуулук сынактары байма-бай өтүп келет. Каалаган киши уюштура бергени үчүнбү же башка себептери барбы, айтор, дээрлик көбү чыр менен аяктайт. "Азаттык+" бул жолу Кыргызстанда өткөн сулуулук сынактарынын деңгээлин талкуулайт.

Кытайда кыргыздар да камалды

Azattyk.org 

Пакистанда Кытай консулдугуна чабуул койгон жанкечтилер жок кылынды. Кытайдын катаал тарбия лагерлеринде жакындарыбыз камакта деп кыргыздар да чыгышты. Тажикстан АКШда "кара тизмеге" илинди. Өзбекстанда аялды чечиндирип, кордогон милиционер 6,5 жылга кесилди.



Кумтөр: Кытайды оозанган кызыкчылык

Azattyk.org 

Кумтөр кенин иштеткен канадалык "Центерра Голд" компаниясы кендеги үлүштөрдү сатып алууга кытайлык компаниялар кызыгып келгенин расмий ырастады.

"Акнеттеги" үлүш талаш ишти аксатты

Azattyk.org 

"Акнет" ишканасына карата кылмыш ишинин козголушунун арты менен жүздөгөн абоненттер телевидение жана Интернет начар иштеп жатканына нааразы боло баштады.

Бишкекте теолог студенттер Айтматовдун чыгармасын сахналаштырды

Azattyk.org 

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине караштуу Теология коллежинин студенттери Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата жазуучунун “Кылым карытар бир күн” романын сахналаштырышты. Бул тууралуу иш-чараны уюштурган Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия кабарлады. Студенттер Айтматовдун чыгармаларындагы түрдүү баалуулуктар боюнча баяндамаларын, изилдөөлөрүн жарыялашты. Андан кийин жазуучунун чыгармаларынын айланасында талкуу болду. Иш-чарага Чыңгыз Айтматовдун уулу Элдар Айтматов... Читать дальше...

Депутаттардын тартиби талкууга түштү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 22-ноябрдагы түштөн кийинки отуруму кворумдун жоктугуна байланыштуу 40 мүнөткө кеч башталды. Жыйынга убагында келбеген депутаттар сынга кабылып, алардын ишке болгон мамилеси талкуу жаратты.

Ооганстанда мечиттеги жардыруудан 26 киши курман болду

Azattyk.org 

Жарылуу бүгүн Ооганстандын чыгышындагы Хост провинциясында, аскердик базанын ичиндеги мечитте, жума намаз учурунда болгон. Андан кеминде 26 кишинин өмүрү кыйылып, дагы 50дөй адам жарадар болду.  Хост провинциясынын өкмөт өкүлү Абдел Ахмад Зия билдиргендей, курмандыктардын саны мындан да көп болушу мүмкүн. Жарылуу кандайча болгону, аны ким кылганы азырынча беймаалым. Кол салуу үчүн эч бир топ жоопкерчилик ала элек. “Талибан” кыймылы буга чейин диний жайлардагы кол салууларды айыптап келген.... Читать дальше...

Прокурордун өлүмүнө шектүү кыйноого кабылганына даттанды

Azattyk.org 

Баткен облусунун мурдагы прокурору Анарбай Мамажакыповду өлтүрүү боюнча шектүү катары кармалган облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кыйноого алынганы тууралуу даттанып чыкты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыйноого каршы улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов билдирди. - Айыпталуучу "кыйноого кабылдым" деп өзү айтып, арыз жазып берди. Арызында ал “мени кармагандан кийин Баткен облустук милиция башкармалыгына алып келишип, прокурорлор жана милиция кызматкерлери кыйноого алышты” деп жазып жатат. Читать дальше...

Бурулайдын соту: шектүүнүн бири сурак берди

Azattyk.org 

Свердлов райондук сотунда милиция бөлүмүндө киши колдуу болгон Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча ишти кароо уланууда. Учурда күбөлөрдүн көбү суралып бүттү. Бул жолку соттук отурумда айыпталуучу Марс Бөдөшевдин досу, экинчи айыпталуучу Акмат Сейитов көрсөтмө берди. Ал эми Бөдөшев өзү даяр эмес экенин, кийин сурак бере турган айтты. Сот отурумунан кийин Бурулай Турдаалы кызынын жана анын өлүмү боюнча айыпталып жаткан Марс Бөдөшевдин ата-энелери, туугандары айтышып, уруша кетишти.

Ала качуу: солуган гүлдүн элеси

Azattyk.org 

Ала качууга туш болуп милиция бөлүмүнөн ажал тапкан Бурулайдын сүрөтү өзү окуган коллеждин жатаканасынын дубалына тартылды. Бурулайдын дубалдагы образы - аялдарга жана кыздарга карата жасалган зомбулук менен күрөшүп, кыздарды ала качып, зордоп никеге тургузууну жоюуга чакырат.

Таластагы театр үчүн Атамбаев бөлгөн акча мыйзамсыз иштетилгени кабарланды

Azattyk.org 

Талас облустук музыкалык драма театрынын курулушуна мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин фондунан бөлүнгөн 45 миллион сом максатсыз жумшалган. Бул тууралуу "Азаттыкка" Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгында юрист болуп иштеп кеткен Аскар Исабеков билдирди:  - Дегеле бул имараттын курулушунда ачыктан-ачык мыйзам бузуу болгон. Бул боюнча капиталдык курулуш башкармалыгынын ошол кездеги жетекчиси, азыркы учурдагы өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев менен талаш-тартыштар болгон. Читать дальше...

Орусия жеке маалыматты коргоону күчөтөт

Azattyk.org 

Орус өкмөтү коомдук талкууга чыгарган мыйзам долбоорунда расмий булактарда жайгаштырылган жеке маалыматтарды атайын уруксаты жок адамдардын жайгаштырышына тыюу салынат.  Мыйзамдын жоболору ошондой эле мамлекеттик мекеме-уюмдарды жеке маалыматтарды коргоо боюнча система түзүүдө өлкөнүн атайын кызматы ФСБ менен кеңешүүгө милдеттендирет. Расмий маалыматка караганда, бул боюнча мыйзам долбоорлору президент Владимир Путиндин былтыркы тапшырмасына ылайык иштелип чыккан.  Британияда быйыл мартта орусиялык... Читать дальше...


Музыкальные новости
Александр Розенбаум

Александр Розенбаум рассказал о дополнительном источнике дохода: "Не бомжовые заведения"





Персональные новости
Арцах

По запросу Баку в Москве незаконно был задержан известный российский политолог Михаил Александров





24-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

Кыргыз гидрометеорология агенттиги чукул билдирүү таратып, 24-25-ноябрда аба ырайы туруксуз болорун эскертти. Бул күндөрү абанын температурасы кескин төмөндөп, Ысык-Көл менен Нарындан башка аймактарда кар жаайт. Жаан-чачын катуу болушу ыктымал. Көп жерлерде туман түшөт.  Мындай аба ырайы энергетикалык, коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо мал багууну кыйынчылыкка учуратат. Тоолуу райондордогу автоунаа жолдору тайгак, тоңголок тартып, кар күрткүлөрү пайда болот. Электр зымдарына суу кар жабышып, алар үзүлүп кетиши да ыктымал. Читать дальше...

Тажикстанда башкы түрмөчү алмаштырылды

Azattyk.org 

Тажикстанда юстиция министринин орун басары, Жаза аткаруу боюнча башкы башкармалыктын башчысы Изатулло Шарифзода кызматынан кетти. Президент Эмомали Рахмондун 23-ноябрдагы жардыгында Шарифзода кызматтан “пенсияга чыкканына байланыштуу” бошотулганы айтылган. Анын ордуна Жаза аткаруу боюнча башкы башкармалыктын жетекчилигине эми Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Мансуржон Умаров дайындалды. Тажикстандын башкы түрмөчүсү Хожент шаарындагы абакта болгон тополоңдон эки жумадан кийин алмаштырылды. Читать дальше...

Бурулай окуган коллежге анын сүрөтү тартылды

Azattyk.org 

Бишкек шаарындагы медициналык коллеждин жатаканасына ала качуу учурунда милиция бөлүмчөсүндө өлтүрүлгөн Бурулай Турдаалы кызынын сүрөтү тартылган стрит-артынын ачылышы болду. Бул тууралуу "Аялдарга жардам көрсөтүү борбору" өкмөттүк эмес уюму кабарлады. Анын ачылышына өкмөттүн кызматкерлери, парламент депутаттары, эл аралык уюмдардын жана БУУнун өкүлдөрү, окуу жайдын студенттери жана окутуучулары катышты. Бурулай өзү ушул окуу жайда билим алчу. Иш-чара "Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк жигердүүлүк"... Читать дальше...

qqq

Azattyk.org 

qqq

Кара-Сууда менчик үйдөн күйдүргүнүн калдыктары көмүлгөн жер табылды

Azattyk.org 

"Укук бузуунун алдын алуу боюнча бирдиктүү аракет" деп аталган рейддин алкагында Кара-Суу шаарында жергиликтүү тургундун үйүнүн короосунда күйдүргүнүн (Сибирь жарасынын) калдыктары көмүлгөн жер табылды. Бул тууралуу рейдге көз салып жүргөн “Азаттыктын” Оштогу кабарчысы Медер Ниязалиев билдирди. Текшерүү учурунда үйдүн жашоочусу Лола Убайдуллаева комментарий берип, калдыктар көп жыл мурда көмүлгөнүн айтты: - 1947-жылы бул жерде талаа болгон экен. Ошол убакта күйдүргүдөн өлгөн малды көмүшкөн экен. Читать дальше...

Атамбаевдин кирешеси текшерилет

Azattyk.org 

Башкы прокуратура экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Түркиядагы бизнесин сатууга байланыштуу жагдайларды териштирүүнү УКМКнын Коррупцияга каршы кызматына тапшырды.

Спорт в России и мире
Москва

Команда подмосковного главка Росгвардии заняла призовое место на чемпионате Центрального округа по стрельбе из боевого ручного стрелкового оружия


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

WTA озвучила Елене Рыбакиной условия для становления второй ракеткой мира


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

АО «Транснефть – Прикамье» провело свыше 3 тыс. экологических исследований в I квартале 2024 года





Путин в России и мире
Москва

Мария Захарова раскритиковала высказывание Нэнси Пелоси о Путине и протестах в США


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Минск не исключает попыток оппозиции оторвать часть территории Белоруссии в пользу НАТО




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Елена Волкова

ПРОЕКТ «КЛАССИКА: ИСТОРИЯ И СОВРЕМЕННОСТЬ»



Москва

Булыкин назвал претендента на чемпионство в РПЛ

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net