Орусия украин деңиз аскерлерин эки айга камады
Батыш мамлекеттери Орусияны 25-ноябрда кармалган украин деңиз аскерлерин тезинен бошотууга чакырды.
Батыш мамлекеттери Орусияны 25-ноябрда кармалган украин деңиз аскерлерин тезинен бошотууга чакырды.
Аннексияланган Крымдын соту Керч кысыгында кармалган бир нече украин аскер кызматкерлерин камакка алуу чечимин чыгарды. Батыш мамлекеттери Орусияны Украинанын үч кемесин жана кармап кеткен ондогон морякты тезинен бошотууга үндөштү. Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гуттериш Керч кысыгындагы окуяга "өтө тынчсызданып турганын" айтып, "эки тарапты тең сабырдуулукка, тирешүүнү токтотуу үчүн болгон аракетти көрүүгө" чакырды. Бул тууралуу баш катчынын басма сөз өкүлү билдирди. Франциянын тышкы иштер... Читать дальше...
Американын атайын комиссиясы Тажикстанда диний ишеним боюнча куугунтуктоо бар деген бүтүм чыгарды, аялдарды мазактаган өзбекстандык милиционер алты жылга эркинен ажырады, Испаниядагы Галиция шаарынын бийлиги семиз тургундарын арыктаткан жатат, казакстандык жарандык активисттер бюджеттик каражатты эсептеген электрондук оюн ойлоп табышты, эл аралык уюм Өзбекстанды туристтер үчүн коопсуз өлкө деп атады, Орусияда майыптардын фестивалы болду жана жапон балыкчы “Амалар” азайып баратат.
Батыш мамлекеттери Орусияны Украинанын үч кемесин жана 23 деңиз аскерин кармап кеткени үчүн айыптап, аларды тезинен бошотууга үндөдү. Кошмо Штаттарда атайын прокурор Роберт Мюллер президент Дональд Трамптын мурдагы шайлоо штабынын экс-башчысы Пол Манафортту калп айтканы үчүн айыптап жатат. Москва соту Кыргызстанда туулуп-өскөн Атабек Рустамовту WhatsApp аркылуу борборазиялыктарды террорчу топтордун катарына үгүттөп турган деп айыптап, жети жылга эркинен ажыратты.
Батыш мамлекеттери Орусияны 25-ноябрда кармалган украин моряктарын тезинен бошотууга чакырды.
2016-жылы Дональд Трамптын шайлоо штабында тышкы саясат боюнча кеңешчи болгон Жорж Пападопулос 14 күндүк жазасын өтөөгө түрмөгө 26-ноябрда жөнөтүлдү. Сот анын буга чейин берген апелляциялык арызын четке какты. Пападопулос – Трамптын штабы менен орусиялыктардын байланышы бар-жогун иликтеген иштин алкагында жазага кириптер болгон биринчи кызматкер. Анын президенттик шайлоо өнөктүгүндөгү орусиялыктар жана алардын ортомчулары менен байланыштары Орусиянын АКШдагы шайлоого кийлигишүүсүн иликтөөгө түрткү берген. Читать дальше...
Тажикстанда соңку тогуз ай ичинде "Ислам мамлекети", "Ансоруллох" радикал топторуна кошулуп кеткен 160 адам мекенине кайтып келди. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирди. Министрдин кеңешчиси Кудратулло Гуломов "мекеме жүргүзгөн агартуучулук иштердин натыйжасында акылдан адашкан журтташтар кайтып келди" деп эсептейт. Гуломов ошондой эле тогуз ай ичинде чет жактардагы диний окуу жайларында билим алып жүргөн 68 окуучу да кайтканын кошумчалады. Бийликтин өкүлү четтеги радикал топтордун... Читать дальше...
Кошмо Штаттарда атайын прокурор Роберт Мюллер президент Дональд Трамптын шайлоо штабынын мурдагы башчысы Пол Манафортту "тергөө менен кызматташуу боюнча макулдашууну бузган жана калп айткан" деп айыптоодо.
Кошмо Штаттарда атайын прокурор Роберт Мюллер президент Дональд Трамптын шайлоо штабынын мурдагы башчысы Пол Манафортту "тергөө менен кызматташуу боюнча макулдашууну бузган жана калп айткан" деп айыптоодо.
Калининградда мигрант келиндин баласынын өлүмүнө себепкер болду деп айыпталып жаткан доктур Елена Белая үй камагына чыгарылды.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Бишкектеги "Акнет" телекоммуникациялык компаниясынын баш кеңсесиндеги ыкчам тергөө иштери боюнча түшүндүрмө жарыялады. Анда ишкананы текшерүү “Акнеттин” ишине жана кызматтардын сапатына таасирин тийгизбей турганы айтылган. “Акнет" компаниясынын Бишкектеги кеңсесинин кызматкерлери 23-ноябрда митингге чыгып, ишканага байланыштуу текшерүүлөргө нааразы болушкан. Алар соңку жагдайлар жумушка терс таасир этип, айлык төлөөдө кыйынчылык жаралышы мүмкүн экенин айтышкан.
Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекция Бишкек шаарындагы автоунаалардан чыккан түтүндүн зыяндуулугун аныктоо боюнча рейд жүргүзүүдө. Инспекторлор рейддин жыйынтыгында абаны булгап жаткан автоунаалардын айдоочуларына айыппул салынып, эскертүү берилди.
Башкы прокуратура Улук Өмүрзаковдун кызматка дайындалышы тууралуу соңку маалыматтарды четке кагып жатат.
28-ноябрда Кыргызстанда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын айрым аймактарында жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4...-9, күндүз 3...8, Талас жергесинде түнкүсүн -4...-9, күндүз 2...7, Баткен облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз -1...-4, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1...-6, күндүз 3...8, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0...5, күндүз 3...8, Нарын облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...5... Читать дальше...
Бишкек шаарындагы Улуттук компьютердик гимназиянын үч окуучусу мектепте жүрүп жаткан ремонт учурунда газга ууланганын, бирок учурда абалы жакшы экенин "Азаттыкка" гимназиянын директору Мурат Касымбеков кабарлады. - Мамлекеттик бюджеттен жылуулук системаларын оңдоого акча кеч бөлүнүп, тендердин жол-жобосу бүткүчөктү ремонт иштери 16-ноябрда башталды. Биз негизги трассалардагы жылуулук түтүкчөлөрүн алмаштырганда класстарды окутпай жылдырып атканбыз. Кичинекей балдарга кызык болуп, алар ширетип жаткан... Читать дальше...
Тунисте Сауд Арабиясынын ханзаадасы, тактынын мураскери Мухамед бин Салмандын сапарын утурлай, анын өлкөгө келишине каршы нааразылык акциялары өттү. 26-ноябрдын кечинде ондогон укук коргоочулар жана журналисттер Стамбулдагы Саудиянын консулдугунда киши колдуу болгон журналист Жамал Хашогжинин (Хашогги) өлүмү үчүн айыптап демонстрацияга чыгышты. Алар журналист ханзааданын буйругу менен өлтүрүлгөн деген ишенимде экенин билдиришти. Маскарапоздун кийимин кийген демонстранттар ханзааданы жана анын жан-жөкөрлөрүн туурап, оюн уюштурушту. Читать дальше...
Прокуратура кызматкерлерине байланыштуу соңку окуялар боюнча жумушчу топ түзүлөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Кеңештин депутаты, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин мүчөсү Мирлан Жээнчороев билдирди. - Эң акыркы жагдайлар, прокуратура органдарынын жалпы иши, анын ичинде өлүм менен коштолгон окуялар, кызмат которуу боюнча нааразылык болуп жатат, - деди ал. - Биздин комитет менен балким Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш,... Читать дальше...
Бул тууралуу 27-ноябрда жергиликтүү "Milliyet" гезити жазган. Кабарда Түркиянын Адана шаарында кыргыз келин диний нике менен жашаган күйөөсүнүн зордук-зомбулугуна кабылганы жана үйдөн качып мечитте баш калкалаганы маалымдалат. Адана шаарындагы Баглар райондук полиция участогунун кызматкерлери "Азаттыкка" бул окуяны кат түрүндө ырасташты. Катта 34 жаштагы кыргызстандык Д.А. Адана шаарындагы Бозкурт мечитинен полиция кызматкерлерине кайрылып, үйүндө күйөөсүнөн таяк жегенин билдиргени жазылган. Окуя 26-ноябрда кеч курун болгон. Читать дальше...
Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) штабынын эсепчиси кайтып келип, ички иштер органдарына кайрылса анын коопсуздугу сакталат жана экс-президент Алмазбек Атамбаев "Апрель" телеканалындагы интервьюсунда айткан маалыматтар калыс иликтенет. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан кабарда айтылат. Анда арыз жазган адамдын ким экендигине, кайсы кызматта отурганына карабай, жеке коопсуздугуна коркунуч келген учурда ИИМ өз убагында көңүл бурууга милдеттүү экени белгиленген. Читать дальше...
АКШнын Космос агенттиги - НАСА Марска "Инсайт" аппаратын ийгиликтүү кондурду. Калифорниядагы "Ванденберге" аба базасынан учурулган аппарат "Кызыл планетага" 26-ноябрда жетип конду. Бул америкалыктардын Марстагы тогузунчу миссиясы. Буга чейинки бир нече аракет майнапсыз болгон. "Инсайт" Марстын ички түзүлүшүн жана курамын изилдейт. Аппарат планетага конору менен сүрөтүн жиберди. "Инсайт" Элизий жанар тоосунун түштүк тарабына конду. Аппарат Марста эки жыл жүрөт. Америкалык окумуштуулардын бул миссиядан үмүтү чоң. Читать дальше...
Москванын аймактык аскер соту кыргызстандык Атабек Рустамовду "WhatsApp" мессенжери аркылуу борбор азиялыктарды "террордук топтордун катарына үгүттөп турган" деп айыптап, жети жылга эркинен ажыратты. 26-ноябрда чыккан соттун өкүмүнө ылайык, Рустамов социалдык тармакта атайын топ түзүп, “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун ишмердүүлүгүн жактап, башкаларды ага кошуулууга үндөгөн. Тергөөнүн версиясына караганда, Рустамовдун тобунда беш киши болгон, алар - Рустамовдун иниси Азизбек, өзбекстандык эки жаран жана кыргызстандык Айжигит Айтматов. Читать дальше...
Казакстандын Тараз шаардык соту мурдагы банкир жана оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязовду сыртынан өмүр бою эркинен ажыратты. Сот Аблязовду 2004-жылы "Туран Алем" банкынын башкы менежери Ержан Татишевди өлтүрүүнү уюштурган деп тапты. 22-ноябрда чыккан соттун чечими дүйшөмбүдө гана жарыяланды. Тергөөнүн версиясы боюнча Аблязов банктын активдерин ээлеп алуу максатында ишкер Муратхан Токмадинин жардамы менен Татишевдин көзүн тазалаган. 2009-жылдан бери чет жакта жашаган Аблязов социалдык тармактар... Читать дальше...
Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму Аргентина бийлигине кайрылып, Сауд Аравиянын мураскер ханзаадасы Мухаммед бен Салман 30-ноябрда Аргентинада баштала турган G20 саммитине катышууга келсе, аны камакка алууну өтүндү.
Дүйшөмбү күнү Брюсселде Иран менен Европа Биримдигинин ортосундагы жогорку даражалуу төртүнчү саясий сүйлөшүүлөрү болуп өттү.
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.