Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2018

Новости за 11.11.2018

Ооганстан: Газни провинциясында 15 карапайым киши жана 10 аскер өлдү

Azattyk.org 

Ооганстандын Газни провинциясында бир нече күндөн бери куралдуу кармаш уланып жатат. Расмий өкүлдөр 15 карапайым киши жана тандалма күчтөрдүн 10 аскери өлгөнүн билдиришти. Атышуу хазарлар байырлаган Жагхори районунда 7-ноябрда талип жоочулар аймакка кол салганда тутанган. Борбордук өкмөт жергиликтүү кошуундарга жардамга атайын бөлүктөрдү жөнөткөн. Полициянын маалымат катчысы Ахмад Хан Сираттын айтымында, 11-ноябрда алты коопсуздук аскери жарадар болду. Хазарлардын көбү шиийлер. 1996-2001-жылдары... Читать дальше...

Пакистандык христиан Асия Биби Германияга кетүүнү каалайт

Azattyk.org 

Жакында Жогорку сот тарабынан акталган пакистандык христиан аял Асия Биби Германияга кетүүнү туура көрөт. Бул жөнүнө 11-ноябрда немис гезитинде жарык көргөн комментарийде анын адвокаты Сайфул Малук айтты. Адвокат Биби “үй-бүлөсү менен кошо Германияга бара алса, кубанычта болмок”, - деди. Германиядан тышкары бир нече европалык өлкө аларды кабыл алууга даярдыгын билдиришкен. Басылма ошондой эле немис Тышкы иштер министрлигинин өкүлүнө шилтеме менен Германия жана Пакистан өкмөттөрү маселени талкуулап жатышканын жазды. Читать дальше...



Иранда ишембидеги футбол матчына аялдар да бара алды

Azattyk.org 

Тегеранда Азия Чемпиондор Лигасынын финалына жүздөгөн кыз-келин ышкыбоздорго да барууга уруксат берилди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты. 10-ноябрда Иран баш калаасынын “Персеполис” жана жапониялык “Кашима Антлерс” клубдарынын беттешүүсү өткөн “Азади” стадионуна негизинен оюнчулардын жакындары, аялдар командасынын мүчөлөрү, футбол федерациясынын кызматкерлери барышты. Матч 0-0 эсебинде аяктады, бирок биринчи оюнда жапониялыктар уткандыктан, чемпиондук наам аларга тийди. Реформачыл... Читать дальше...

Парижде Биринчи Дүйнөлүк согуштун аякташынын 100 жылдыгы белгиленди

Azattyk.org 

Парижде дүйнөнүн 70 чакты өлкөсүнөн келген жетекчилер Биринчи Дүйнөлүк согуштун аякташынын 100 жылдык мааракесине катышышты. 1918-жылдын 11-ноябрында бери дегенде 10 миллион кишинин өмүрүн алып кеткен төрт жылдык урушка чекит коюлган. Белгисиз жоокер коюлган жерге, Триумфалдык арканын жанында өткөн салтанатка Орусиянын, АКШнын, Түркиянын президенттери, Германиянын канцлери жана башка лидерлер чогулушту. Француз мамлекет башчысы Эммануэл Макрон дүйнө лидерлерин “тынчтык үчүн биргелешип күрөшүүгө” чакырды. Читать дальше...

Жарандык үчүн АКШда төрөгөн кыргыз аялдары

Azattyk.org 

Жыл сайын орточо эсеп менен 450 түрк аял Америка Кошмо Штаттарына барып көз жарат. Алар АКШдагы "төрөт туризмине" 16 миллион доллар коротот. Түрк энелер ымыркайларына АКШ жарандыгын алып берүү үчүн ушундай чечим кабыл алышканын айтышат.

Биринчи Дүйнөлүк согуш, 100 жылдык маараке

Azattyk.org 

Парижде дүйнөнүн 70 чакты өлкөсүнөн келген жетекчилер Биринчи Дүйнөлүк согуштун аякташынын 100 жылдык мааракесине катышышты. 1918-жылдын 11-ноябрында бери дегенде 10 миллион кишинин өмүрүн алып кеткен төрт жылдык урушка чекит коюлган. Белгисиз жоокер коюлган жерге, Триумфалдык арканын жанында өткөн салтанатка Орусиянын, АКШнын, Түркиянын президенттери, Германиянын канцлери жана башка лидерлер чогулушту.



Журналисттердин кесиптик этикасын жайылткан флешмоб өтүүдө

Azattyk.org 

Кыргызстанда журналисттердин кесиптик этикасын жайылткан флешмоб өтүп жатат. Аны Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн даттанууларды караган комиссия 7-ноябрь – Басма сөз жана маалымат күнүнө карата уюштурду. Максаты - кесипкөй журналистиканы өнүктүрүү жана сөз эркиндигинин сакталышына салым кошуу. Эстафета форматындагы флешмобдо журналисттер этикалык кодекстин бир беренесин айтып, аны видеого түшүрүп, “Фейсбуктагы” баракчасына коёт жана кезекти башка кесиптешине узатат. Кийинки катышуучу андан ары улантышы керек. Читать дальше...

Өзүнөн улуу атаандаштарын жеңген шахматчы. Гениалдуу кыздын баяны

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Бир топ жыл мурун агасы кенедей Диананы тамашалагысы келип, тактага шахматтык фигураларды тизип, андан соң дароо аларды колу менен шыпырып салат. "Эми кайталачы!" — дейт ал. Кибиреген кыз фигураларды эч бир катасыз тизгенинде агасынын келмеси оозунан түшөт...

"Тайсон" тажик атаандашын баш көтөртпөй жеңип алды. Беттештин видеосу

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Канат Келдибеков башында россиялык Зоур Касумов менен беттешери айтылган, бирок каршылашы белгисиз себептерден улам келбей калгандыктан, тажикстандык мушкер менен кармашты.

Токтомушев: Диний окуу жайлардагы билим берүү сапатын жакшыртуу керек

Azattyk.org 

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тараткан маалыматка караганда, өлкө аймагындагы диний окуу жайлардын мүдүрлөрү үчүн “Диний билим берүүнүн коомдогу орду” деген аталган окуу семинары башталды. Ага муфтий Максатбек Токтомушев, анын орун басары Жоробай Шергазыев, “Бүткүл дүйнөлүк куран жана сүннөт” уюмунун өкүлү, доктор Ахмад Сайфуддин Туркистаний катышты. Муфтий диний окуу жайлардын мүдүрлөрүнө билим берүү сапатын жогорулатуу, бирдиктүү окуу программасынын негизинде иштөө, студенттердин... Читать дальше...

“ЛНР” менен “ДНРде” шайлоо өтүп жатат

Azattyk.org 

Өздөрүн “Луганск элдик жумурияты” жана “Донеск элдик жумурияты” деп атап алган аймакта башчыларды жана Элдик кеңешти шайлоо өтүп жатат. Шайлоо белгиленген убагында башталып, бардык добушканалар ачылды. Бул тууралуу маалымат жыйынында “ЛНР” Борбордук шайлоо комиссиясынын катчысы Екатерина Терещенко билдирди. Жалпысынан Луганскта 316 добушкана ачылды. Бул аймакта шайлоочулар активдүү катышып жатканы кабарланууда. Добуш берүүнүн жүрүшүнө Абхазия, Бельгия, Бразилия, Венгрия, Германия, Греция, Йемен... Читать дальше...

Трамп менен Эрдоган Хашогжинин өлүмүн талкуулады

Azattyk.org 

АКШ менен Түркиянын президенттери Дональд Трамп жана Режеп Тайып Эрдоган Парижде кечки тамактануу учурунда саудиялык журналист Жамал Хашогжинин өлүмүнүн себептерин иликтөөнүн жүрүштөрү тууралуу талкуулашты. Бул тууралуу жекшемби күнү “Дейли мейл” гезити жазды. Жолугушуу Франция президенти Эммануэль Макрондун чет элдик коноктор үчүн уюштурган кечки тамактануу учурунда болгон. Эки лидердин сүйлөшкөнү боюнча сүрөттөр Эрдогандын расмий сайтына жарыяланды. Ал эми амеркалык президенттин пресс-катчысы... Читать дальше...

Быйыл 380 миңден ашуун чет элдик жаран каттоого алынды

Azattyk.org 

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына караганда, быйыл тогуз айда Кыргызстанда 380 781 чет элдик жаран каттоого алынган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 160 миңге көп. Каттоого алынгандардын ичинен 18 354ү - Кытайдын жарандары. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев өлкөдө мыйзамсыз иштеп жаткандардын саны 100 миңден ашканын, Кыргызстандын мыйзамдарында сырттан келген мигранттардын жана туристтердин жоопкерчилигин караган нормалар жетишсиз экенин айтып чыккан. Мамлекеттик каттоо... Читать дальше...

"Үйсүз" депутаттар, Атамбаевдин миллиондору

Azattyk.org 

Cалык кызматы мамлекеттик кызматкерлердин жана алардын жакындарынын 2017-жылдагы кирешеси менен чыгашасы тууралуу декларацияларын жарыялап жатат. Айрым жогорку кызматтагы адамдар декларациясында кандай мал-мүлкүн көрсөтүшкөн? "Азаттыктын" түшүндүрмө видеосунан көрүңүз.

Декларация: "Үйсүз" депутаттар, Атамбаевдин миллиондору

Azattyk.org 

Cалык кызматы мамлекеттик кызматкерлердин жана алардын жакындарынын 2017-жылдагы кирешеси менен чыгашасы тууралуу декларацияларын жарыялап жатат. Айрым жогорку кызматтагы адамдар декларациясында кандай мал-мүлкүн көрсөтүшкөн? "Азаттыктын" түшүндүрмө видеосунан көрүңүз.

Жаңы конушка маркум депутат Улан Чолпонбаевдин ысымы берилди

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарындагы жаңы конуштардын бирине Жогорку Кеңештин депутаты, маркум Улан Чолпонбаевдин ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна шаардык кеңештин депутаты Азамат Айтбаев билдирди. Анын айтымында, Карасаев жана Элебаев көчөлөрүндө жайгашкан жаңы конушка Улан Чолпонбаевдин ысымын берүү демилгесин жергиликтүү тургундар көтөрүшкөн. Депутаттар быйыл жайында демилгени бир добуштан колдоп беришкен. 10-ноябрда маркумдун аты жазылган белгилер орнотулуп, Чолпонбаевдин... Читать дальше...


Музыкальные новости
Анастасия Ивлеева

Блогера Ивлееву оштрафовали на 50 тыс рублей за дискредитацию российской армии





Персональные новости
Анастасия Ивлеева

Суд рассмотрит 25 апреля протокол на Ивлееву за дискредитацию ВС России





Пентагон саудиялык учактарга абада май куюуну токтотту

Azattyk.org 

АКШ Йемендеги саудиялык аскерий учактарга абада май куюуну токтотту. Сауд Арабия АКШ муну Эр-Рияддын өтүнүчү менен токтотконун, анткени сауд аскерлери учактарга абада май куюуну өз күчтөрү менен аткара ала турганын билдирген. Пентагондун башчысы Жеймс Мэттис АКШ бул чечимди колдой турганын билдирди. Бул өзгөрүүлөр суадиялык журналист Жамал Хашогжинин өлүмүнө байланыштуу жаңжал курчуган учурга туш келүүдө. Буга чейин АКШ Конгрессиндеги эки партиянын өкүлдөрү тең абада май куюуну токтотуу менен коркутуп келген. Читать дальше...

Эрдоган: Хашогжинин өлүмүнө байланыштуу аудиолор АКШга берилди

Azattyk.org 

Анкара саудиялык журналист Жамал Хашогжинин өлүмүнө байланыштуу бардык аудио жазууларды АКШга, Франция, Германия, Британияга өткөрүп берди. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган “алардын баары бул аудио жазуулар тууралуу билерин, угуп чыгышканын” айтты. Муну менен Түркия Сауд Арабиясынын Стамбулдагы консулдугунда журналисттин өлүмүнө байланыштуу далил бар экенин алгачкы ирет расмий тааныды. Бул тууралуу буга чейин маалымат каражаттарында гана айтылып келген. Аудио Борбордук чалгын башкармалыгынын башчысы Жин Хеспелге да берилди. Читать дальше...

Кыргыз экономикасы: өсүүгө үмүт барбы?

Azattyk.org 

Өкмөттүн маалыматына караганда “Кумтөр” ишканасы 2018-жылы алтынды былтыркыдан аз өндүрөт деп күтүлүүдө. Мунай иштеткен “Жунда” заводу, “Макмал” алтын комбинаты ишин токтотту.

Жыл башынан бери 52 балага кант диабети диагнозу коюлду

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук кеңешинин мүчөсү Нурхан Жумабаеванын “Азаттыкка” берген маалыматы боюнча, жыл башынан бери 52 балага кант диабети диагнозу коюлду. Өлкөдө 400дөй бала бул оору менен каттоодо турат. Балдардын эндокринолог-педиатр адистигиндеги дарыгерлери жетишсиз. Жумабаева бул багытта онго жетпеген дарыгер иштей турганын белгиледи. Чоң кишилер арасында 54 миңден ашуун адам кант оорусу менен каттоодо турат. Бирок "Глобалдык кант диабет картасы" уюму бул сан 200 миңге чукул болушу мүмкүн экенин аныктаган. Читать дальше...

Москвада Айтматовдун чыгармаларынан жаралган тасмалар көрсөтүлө баштады

Azattyk.org 

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата анын чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалар Москвадагы кинотеатрларда көрсөтүлүп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин өкүлү Гүлбарчын Байымбетова кабарлады. Анын айтымында, Т.Океев атындагы "Кыргызфильм" киностудиясынын жана Орусиянын Маданият министрлигинин колдоосу менен Айтматовго арналган иш-чаралардын экинчи бөлүгү башталды. Москва шаарынын “Звезда”, “Факел”, “Юность” кинотеатрларында кыргыз кино тасмаларын көрсөткөн кинодекада өтүп жатат. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Кыргызстанцы завоевали медали на международном турнире по танцам в Москве


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Вторая ракетка Казахстана опустилась в чемпионской гонке WTA


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Компания ICDMC стала победителем престижной премии в сфере ЗОЖ – Green Awards 2023/24





Путин в России и мире
Москва

Строители мостов и дорог удостоены государственных наград


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко заявил, что не собирается проводить в Белоруссии мобилизацию




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Захарова: встречи по продвижению "формулы Зеленского" дают Киеву чувство вседозволенности


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Певица

Певица Юлия Паршута стала новой гостьей шоу “Утро. ТНТ”



Москва

В Москве открылись сезонные ярмарки выходного дня — Собянин

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net