Президент саясий элитанын пикирин укту
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчылары жана парламент төрагалары менен жолугушту.
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчылары жана парламент төрагалары менен жолугушту.
20-январда АКШнын Тажикстандагы элчиси Кевин Коверт коңшу өлкөнүн Башкы прокуратурасынын жана Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги менен жолугуп, Хожент шаарындагы түрмөдө чыккан тополоңду талкуулады. Бул тууралуу “Азаттыктын” тажик кызматына АКШнын Дүйшөмбүдөгү элчилигинен билдиришти. Америкалык дипломат жолугушууда түрмөдөгү тополоңду басуу кандай ишке ашканына кызыкты. Ал ошондой эле жабык жайдагы кандуу окуяны иликтөө мыйзам чегинде жүрүшү керектигин баса белгиледи. Элчи АКШнын... Читать дальше...
Буга чейин чет өлкөдөн баш паанек сураганын жарыялаган Кыргызстандын Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан 20-ноябрда өлкөгө кайтып келди. Анын айтымында, эч бир өлкөдөн баш паанек сураган эмес. Кылычбек Султан өлкө башчысына Тышкы иштер министрлигиндеги көйгөйдү жеткирүү үчүн ушундай маалыматтык ыкма колдонгонун “Азаттыкка” айтты: - Жаман оюм менен эмес, жакшы ойдо президентке жеткирбей жаткан маалыматтарды жеткирүүгө аргасыз кылуу үчүн айткам. "Президентке маалымат жетпесин, жетсе дагы башкача жетсин" деген кайсы бир топтор... Читать дальше...
Европа Биримдиги Брексит келишиминин текстин жалпысынан жактырды. АКШнын Кыргызстандагы элчиси Доналд Лу “Азаттык” радиосуна маек курду. Түркияда мигрант келин белгилүү эстрада жылдызын тоноду деп шектелип жатат. Бангладеш менен Мьянма рохинжаларды кайра кайтара баштоону макулдашты. Орусиялык жаш мугалим Владимир Васкевич эч нерсе көрбөйт, бирок өзү тапкан акчасына саякаттап, ондогон өлкөлөрдү кыдырды. Итин булганган абадан коргоп, курортто эс алдырган элита.
Баш калаа Кабулда диний кызматкерлер чогулган жерде жанкечти өзүн жардырып, кеминде кырк киши мүрт кетти. Бул тууралуу өлкөнүн расмий мекемелери билдирди. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Вахиж Мажроох “Азаттыктын” ооган кызматына айтканына караганда, чабуулда 60тай киши жарадар болду. Жанкечти Мухаммед Пайгамбардын туулган күнүндө өтүп жаткан үйлөнүү үлпөтүнө келгендерди бутага алган. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нажиб Даништин маалыматы боюнча жардырууну жанкечти ишке ашырган. Читать дальше...
Бишкектеги үй-бүлөлүк медицина борборлорунун дарыгерлери Саламаттык сактоо министрлигинин реформасына каршы болууда.
"Мегаком" деген соода маркасы катары белгилүү "Альфа-Телеком" акционердик коомунун логистика бөлүмүнүн башчысы болуп Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Алиярбек Абжалиевдин бир тууганы Ихтияр Абжалиев бүгүн, 20-ноябрда дайындалганы белгилүү болгон. Бирок "Азаттыктын" ишенимдүү булактары Ихтияр Абжалиев кызматтан өз арызы менен баш тартканын маалымдады. Алиярбек Абжалиевдин айтымында, бир тууганы бажы кызматынын полковниги, экономист. Буга чейин бул тармакта көп жыл иштеген. Читать дальше...
"Мегаком" деген соода маркасы катары белгилүү "Альфа-Телеком" акционердик коомунун логистика бөлүмүнүн башчысы болуп Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Алиярбек Абжалиевдин бир тууганы Ихтияр Абжалиев бүгүн, 20-ноябрда дайындалганы белгилүү болгон. Бирок "Азаттыктын" ишенимдүү булактары Ихтияр Абжалиев кызматтан өз арызы менен баш тартканын маалымдады. Алиярбек Абжалиевдин айтымында, бир тууганы бажы кызматынын полковниги, экономист. Буга чейин бул тармакта көп жыл иштеген. Читать дальше...
Орус журналисттери президент Владимир Путиндин миллионер-жансакчыларынын сырын ачтык деп жатышат. Хашогжинин өлүмү үчүн Мухаммад бин Салман падыша болбой калышы ыктымал. Аны мураскорлуктан кетирүү демилгеси көтөрүлгөнү кабарланууда.
21-ноябрда Интерполдун Башкы ассамблеясында 192 өлкөнүн башын бириктирген уюмдун жаңы жетекчиси тандалмакчы. "Төрагалыкка орусиялык генерал Александр Прокопчук келиши ыктымал" деген маалыматтар тараганы, бул талапкерге каршы үндөгөн пикирлер күчөдү.
Мамлекеттик салык кызматы тойду тейлеген жүздөн ашуун адам салык мыйзамдарын бузганын аныктап, акт түздү. Мекеменин басма сөз кызматы мындан ары да тойлорго рейддер улантыла берерин билдирди.
Канаданын Калгари шаарынын жетекчилиги 2026-жылы Кышкы Олимпиаданы жана Паралимпиаданы өткөрүү боюнча сунушту колдогон жок. Бул тууралуу "Associated Press" агенттиги кабарлады. Буга чейин референдумга катышкан шаардыктардын 56% Калгариде кышкы оюндарды өткөрүүгө каршы чыккан. Шаар мэри Нахид Ненши референдумдан жыйынтыгына капа болуп турганын билдирди. Анын айтымында, шаар Эл аралык олимпиада комитетине арыз берерден мурун эки жыл катуу даярданган. Ошондой эле Калгари 700 миллион долларлык инвестициядан куру калат. Читать дальше...
Түштүк Кореянын Коргоо министрлиги коңшусу Түндүк Корея чек арадагы күзөт пункттарын жардырып жок кылганын билдирип, видеосун көрсөттү. Маалыматка караганда, дөбө-дөбөлөрдөгү 10 түйүн жок кылынган. Эки Кореянын чек ара сызыгы 248 чакырым. Ортосун эни төрт чакырымдык демилитаризация аймагы бөлүп турат. "Associated Press" агенттиги айрым эсептерге таянып, "чек арага Түштүк Кореянын 60, ал эми Түндүк Кореянын 160 көзөмөл бекети жайгаштырылган" деп билдирди. Сентябрда эки өлкө лидерлери чек арадан адегенде аскерлерди алып чыгып кетип... Читать дальше...
Окулбаган китеп барактарындай болуп, эртең маңдайыңа эмне жазылганы белгисиз. Турмуш шамалы кай тарапка айдап кетери белгисиз.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев чоң саясатта кала турганын, жаш саясатчыларга баш-көз болорун билдирди.
Соңку апталарда экс-президент Алмазбек Атамбаев менен президент Сооронбай Жээнбеков акыркы бир жылдагы алгачкы интервьюларын беришти. Жээнбеков Атамбаевди жетеленме саясатчыга айлантууга аракет кылды деп ачык сындаса, экс-президент учурдагы президентти Бакиевдердин жолуна түштү деп ачык оппозицияга өткөнүн жарыялады. Эки саясатчы ортосундагы ачык тиреш өлкөдөгү саясатка кандай таасирин тийгизет? Бул суроого “Эксперттер талдайт” берүүсүндө жооп издейбиз. Ага Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев, саясий илимдердин доктору Жолборс Жоробеков... Читать дальше...
Президент Сооронбай Жээнбеков менен Жогорку Кеңештин жана өкмөттүн мурдагы башчыларынын жолугушуусунда камактагы саясатчылардын маселеси көтөрүлүп, аларга мунапыс берүү жөнүндө кеп болду. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев айтты: - Камактагылардын маселесин биринчи Медеткан Шеримкулов, андан соң Абдыганы Эркебаев көтөрдү, дагы бир топ адам сүйлөдү. Ага жооп катары "жакында мунапыс чыгат" деп айтылды. Качан экени беймаалым. Бул мамлекеттин кызыкчылыгы жана ынтымагы үчүн. Читать дальше...
Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети бүгүн, 20-ноябрда Аба кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун карап, экинчи окууда жактырды. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мыйзам долбоорун КСДП фракциясынын депутаты Абдывахап Нурбаев баштаган топ өкмөт менен чогуу иштеп чыккан. Нурбаев жыйында документте «Ачык асман» долбоорун ишке ашыруу маселеси камтылганын, ал жарандык авиациянын өнүгүшүнө залака тийгизбей турганын билдирди. Кыргыз... Читать дальше...
Экологдор жылуулук сезону башталары менен шаарды кара түтүн каптап, абадагы булганыч заттардын көлөмү нормадан ашып түшкөнүн айтышууда. Баш калаанын жашоочулары кирдеген аба менен дем алып жатканын сезишеби?
21-ноябрда Дубайда Интерполдун Башкы ассамблеясында 192 өлкөнүн башын бириктирген уюмдун жаңы жетекчиси тандалмакчы. "Төрагалыкка орусиялык генерал Александр Прокопчук келиши ыктымал" деген маалыматтар тараган соң бул талапкерге каршы үндөгөндөр күчөдү. "Москва саясий оппоненттерине каршы күрөштө эл аралык агенттикти пайдаланат" деген дооматтар буга чейин көп айтылып келген. "Орусиянын Ички иштер министрлигинин ардагер кызматкери, Интерполдун вице-президенттеринин бири Александр Прокопчук Эл аралык... Читать дальше...
Баткен облустук прокуратурасынын беш жетекчиси иштен убактылуу четтетилди. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын өкүлү Жаркынай Азиева "Азаттыкка" билдиргендей, мындай чечим Баткен облусунун мурдагы прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнүн чоо-жайын иликтөөгө байланыштуу кабыл алынды. Иликтөө бүткүчө кызматтан убактылуу четтетилгендер - облустук прокурордун эки орун басары, эки бөлүм башчы жана Баткен районунун прокурору. Баткен облусунун мурдагы прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун... Читать дальше...
Тажикстандын атайын кызматы Сирия менен Иракта “Ислам мамлекети” террордук тобуна кошулуп кеткен жарандарынын саны 1900гө жеткенин билдирди. Буга чейин коңшу өлкөнүн бийлиги алардын саны миңден ашуун экенин айтып келген. Коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары Мансуржон Умаров согушка кеткендердин басымдуу бөлүгү мигранттар экенин билдирди. Ал парламентте туруп Сирияга мигранттар Москвадан, Бишкектен, Дубайдан жана Бакудан Түркияга барып, андан ары өтүп жатышканын айтты. Мындан тышкары тажик... Читать дальше...
“Азаттык” радиосунун түркмөн кызматынын кабарчылары кышында сууктан качып бул өлкөнүн аймагына ооп келген бөкөндөр менен канаттууларды “көпкөн мергенчилер” кырып жатышканын билдиришти. Мындай мергенчилердин укук коргоо жана бийлик органдарында таасирдүү байланыштары бар. Балкан облусундагы жергиликтүү адам мергенчилер “беш-алты моторлуу кайыктарга минип алып 500-1000дей жапайы канаттууларды атып кетишкенин” айтып берген. Мергенчилер атып өлтүргөн жаныбарлар менен канаттуулардын эти сатыкка түшөт. Читать дальше...
Экс-президент Алмазбек Атамбаев "Апрель" телеканалындагы акыркы маегинде бийликке болгон таарынычын айтты. Мурдагы премьер-министр Темир Сариев “Азаттыкка” ушундай пикирин билдирди. Анын айтымында, маектин жүрүшүндө буга чейин мамлекетти башкарган адам өлкөнүн багыты, өнүгүшү жана туруктуулугу жөнүндө сөз кылган жок. - Айрым маселелерди сөз ортосунда кошуп кетип жатты, - деди Темир Сариев. - Алар боюнча коомчулукта да көптөгөн суроолор бар. Ал маселелер боюнча бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин 22-ноябрдагы сессиясында президенттик шайлоого кеткен каражаттардын тизмесин талкуулоону күн тартибине киргизүү сунушталат. Бул тууралуу "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, сессияда жалпы эле өлкөдөгү акыркы кырдаалды талкуулоо тууралуу сунуш киргизилет. Ал жерде шайлоо каражаттарынын тизмеси, "Белизгейт", Леонид Маевский, экс-президент менен азыркы президенттин тирешине байланышкан маселе да бар. Укук коргоочу Нурбек... Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.