"Жамийланы" окуган жигит ала качууга барбайт
Жамийла, Курманжан Датка жана Бурулай тууралуу ой толгоо.
Жамийла, Курманжан Датка жана Бурулай тууралуу ой толгоо.
Адам укуктарына арналган “Бир дүйнө – Кыргызстан” кинофестивалынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Калыстар тандалып алынган 25 тасманын ичинен эң мыкты делген 10 эмгекке байгелүү орундарды тапшырды. Арасында “Азаттыктын” иликтөөчү журналисти, маркум Уланбек Эгизбаев көзү тирүү кезинде тарткан “Бөтөн жашоо” фильми да бар. Андан сырткары быйыл биринчи жолу фестивалдын алкагында Уланбек Эгизбаевдин урматына “Уланбек уланат” атайын сыйлыгы берилди.
Башкы прокуратурага бекитилген бюджеттен сырткары каражат бөлүнүп берилгени сынга кабылды.
Нуржан Мелисбек уулу мыкты көкбөрүчүлөрдүн катарын толуктайт. Чоң мелдештерге Таластын "Ынтымак" командасы менен аттанып, Кыргызстандын курама командасында дагы өлкө намысын коргоп келет.
Абакта жаткан саясатчы Өмүрбек Текебаевдин жактоочуларынын бири Таалайкүл Токтакунова Орусияда Леонид Маевский камалганы боюнча юристтердин мындан кийинки кадамдарын кеңешип жатканын “Азаттыкка” билдирди. - Күбөнүн туура же туура эмес айтып жатканына баа берилиши керек. Бүгүн биздин “ал шектүү” адам деп айтканыбыз далилденип баштады. Азыр кеңешип жатабыз. Биринчи күнү Өмүрбек Чиркешовичке барып сүйлөшүп, кандай кадамдарга барарыбыз чечилет. Бирок буга сөзсүз түрдө саясий дагы баа берилиши керек. Читать дальше...
Президент Сооронбай Жээнбеков “Кыргызстандын жарандары Тажикстандын аймагында жүрүү тартиби боюнча макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамына кол койду. Эми мыйзам кол коюлгандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Ага ылайык, эки өлкөнүн жарандары бири-биринин аймагында алтымыш күн каттоосуз жүрө алат. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Тажикстанга барган кыргызстандыктардын бул өлкөдө каттоосуз жүрүү мөөнөтүн үч күндөн 60 күнгө чейин узартуу маселесин 11-сентябрда карап... Читать дальше...
17-ноябрь, студенттердин эл аралык күнүнө карата "Азаттык" Бишкектеги Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик жана Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университеттеринин жатаканаларына саякат жасады.
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата 12-ноябрдан 17-ноябрга чейин өткөн "Айтматов жана театр" эл аралык фестивалы соңуна чыкты. Баш байгеге Чынгыз Айтматов атындагы Улуттук орус драма театрынын "Талаа" спектакли татыктуу болду. Ал эми 1-орунду "Чыңгызхан" спектакли менен Астана жаштар театры алды. Экинчи орунга "Саманчынын жолу" драмасы менен Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык улуттук театры ээ болду. 3-орунга "Лувр өрдөгү" спектакли менен Каракалпак... Читать дальше...
18-ноябрда Кыргызстандын аймактарында жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүп, жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -6...-11, күндүз 2...7; Таласта түнкүсүн -4...-9, күндүз 4...9; Баткенде түнкүсүн -2...+3, күндүз 8...13; Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -3...2, күндүз 10...15; Ысык-Көлдө түнкүсүн -3...-8, күндүз 3...8, Нарында түнкүсүн -12...-17, күндүз 0...5 градус болот. Читать дальше...
Бул тууралуу жазуучу Султан Раев маалымдады. Анын айтымында, Кавказ тоолорундагы залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун аты ыйгарылган чокуга кыргыз байрагы жана жазуучунун аты жазылган такта орнотулду. Чокуга чыгуу үчүн кыргыз альпинисттери 13-ноябрда Кыргызстандан кетишкен. Бул иш-чараны мамлекет колдоого алып, каражат бөлүндү. Чыңгыз Айтматов көзү тирүү болгондо быйыл 12-декабрда 90 жашка чыкмак. Анын мааракесин Кыргызстанда жана эл аралык деңгээлде белгилөө боюнча былтыр президенттин жарлыгы чыккан. Читать дальше...
Журналист Жамал Хашогги Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммад бин Салмандын буйругу менен өлтүрүлгөн. Бул тууралуу америкалык массалык маалымат каражаттары ЦРУнун адистерине таянып жазып жатышат. Аты аталбаган америкалык расмий өкүл Wall Street Journal гезитине чалгын кызматынын буйрук берди деген далил буюму жок экенин, ЦРУнун эксперттери Сауд Арабиясындагы түзүлгөн системадагы түшүнүктөрдөн улам ушундай чечимге келгенин билдирген. Wall Street Journalдын ишенимдүү булагы ханзаада... Читать дальше...
17-ноябрь - Кыргыз киносунун күнү. "Азаттык" улуттук майрамга айланган бул күнү "Кыргыз кереметинин" альбомун бир сыйра барактап чыкты.
АКШнын Улуттар Уюмундагы элчиси Никки Хейли вице-президент кызматына талапкер болушу мүмкүн. Бул тууралуу The New York Times жазып чыкты. Басылманын ишенимдүү булагынын айтымында, Дональд Трамп азыркы вице-президент Майк Пенстин ишенимдүүлүгүнөн шек санап, алмаштырууну ойлонуп жатат. Басылма Хейли Трамптын кызы Иванка жана анын күйөөсү, Ак үйдөгү кеңешчи - Жаред Кушнер менен жакындыгын белгилейт. Журналисттердин пикиринде, Хейли Трампка аял шайлоочулардын добушун алып берүүгө жардам берет. Бирок... Читать дальше...
Баткендин Лейлек районунун Жаңы-Жер айылдык кеңешинин белгисиз адамдар атып кеткен төрагасы Кубаныч Баянов ооруканада каза болду. Бул тууралуу “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы маалымдады. Лейлек районунун Тажикстанга чектеш төмөнкү аймагындагы Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Кубаныч Баяновду артынан 5-ноябрдан 6-ноябрга өткөн түнү белгисиз адам атып, качып кеткен. Окуя депутаттын үйүнүн жанында болгондуктан, аны туугандары коңшулаш Тажикстандын Гафуров шаарындагы ооруканага жеткирген. Айылдык... Читать дальше...
Студент болгон сыймык. Жатакандагы жашоо андан да кызыктуу. Анткени жаңы дос таап, кызык күндөрдү, уйкусуз түндөрдү баштан өткөрөсүң.
Бишкекте массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлери арасында бильярд боюнча мелдеш өтүп жатат. Ага жетимишке жакын кыргызстандык журналисттер катышууда. Турнир КТРКнын 60 жылдыгына карата уюштурулуп, кыз-эркектер аралаш өтүп жатат. Мелдештин жеңүүчүлөрү акчалай сыйлыктан тышкары, кубок, диплом менен сыйланат. Ошондой эле эртен ЖМКлар арасында футбол жана шахмат боюнча мелдештер өтмөкчү. (SDz)
Кыргызстандын ЕАЭБге киришине байланыштуу парламенттеги "Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов менен мурдагы өкмөт башчы Темир Сариевдин талашы кайым айтышууга чейин жетти.
Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева президент Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады. Отунбаева куттуктоо катында Жээнбековдун саясий ишмердүүлүгүн эгемендиктин 27 жыл ичиндеги оор сыноолору, өткөөл мезгилдери такшалтканын белгилейт. “Сиздин жетекчилик менен көйгөйлүү реформалар аягына жеткирилип, өлкөбүздө парламенттик демократия биротоло бекемделип, коомдо акыйкаттык орноп, адам укуктары менен эркиндиктери толук камсыз болот деп ишенем”, – деп жазылат Отунбаевнын куттуктоосунда. Читать дальше...
Бүгүн, ишемби күнү Ирандын борбор калаасында Түштүк Азиядагы эл аралык гуманитардык укук боюнча аймактык сегизинчи конференция башталат.
Бүгүн, 17-ноябрда кыргыз киносунун күнү белгиленип жатат. Буга байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков кинематографисттерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады. Жээнбеков өз сөзүндө кыргыз киночуларынын жараткан образдары элибиздин рухий кенчине, дүйнө таанымына таасир берип, дүйнөлүк коомчулук учурунда улуттук киного “кыргыз керемети“ деп баа бергенин белгиледи. Президент улуттук кинематографиянын калыптанышы, өнүгүшү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун... Читать дальше...
Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов Мамлекеттик Думанын экс-депутаты Леонид Маевскийдин камакка алынганы боюнча “Азаттыкка” комментарий берди. Шыкмаматовдун пикиринде Маевскийдин камалышы Текебаевдин ишин кайра кароого негиз боло алат. - Маевскийдин кандай адам экени тастыкталды. Бул биздин эки жылдан бери жаңы бийликтен Текебаевдин ишин кайра карап, акыйкат чечим чыгарып бергиле деген талабыбыз туура экенин айгинелеп жатат. Сөзсүз түрдө Текебаевдин ишин кайра карап чыгууга моралдык... Читать дальше...
Асылбек Бабаев “Табылга” саясий партиясынын лидерлигинен өз каалоосу менен кетти. Бул тууралуу партиянын басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, Асылбек Бабаев башка жумушка өткөнүнө байланыштуу партиянын төрагалыгынан бошотулду. Азырынча партияны ким жетектери белгисиз. Жогорку Кеңештин депутаты, маркум Улан Чолпонбаев “Табылга” саясий партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири болгон. Ысык-Көлдө жаңы түптөлгөн партия 2016-жылы жергиликтүү кеңештердин шайлоосунда Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында биринчи орунду алган. Читать дальше...
Түркиянын прокуратурасы Орусиянын Анкарадагы элчиси Андрей Карловдун өлүмү боюнча иликтөө аяктаганын билдирди.
Депутат Аида Исмаилова 16-ноябрдагы парламент жыйынында курулуш компанияларга алдын ала акчасын төлөп, бирок батирге жетпей жүргөн төрт миңдей жаран бар экенин билдирди. Депутат үлүшчүлөрдүн маселесин чечүү үчүн турак үйлөрдү куруу боюнча мыйзам долбоору иштелип жатканын белгилеп, бул көйгөйдү талкуулоого өкмөт мүчөлөрү катышпай жатканын сынга алды. Исмаилова үлүшчүлөрдүн көйгөйү боюнча түзүлгөн мекемелер аралык комиссия эмне иш кылып жатканына кызыкты. Депутатка вице-премьер-министр Замирбек... Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.