Өмүрзаков Ош прокуратурасынан Баткенге которулду
Ош облустук прокуратурасында бөлүм башчы болуп иштеген Улук Өмүрзаков Баткен облустук прокуратурасына которулду. Бул кезектеги ротация экенин Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 26-ноябрда "Азаттык" радиосуна билдирди.
Улук Өмүрзаков - ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун бир тууган иниси, "Мухаммед Умар" спорт клубунун ээси. Аталган клубда машыккан жигиттердин өкүмзорлугу тууралуу кийинки жылдары бир катар маалыматтар чыккан. Өмүрзаков аны куру доомат катары баалап жүрөт.
Улук Өмүрзаков Баткен облустук прокуратурасына кандай кызматка барганы айтылган жок.