Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Январь
2018

Новости за 30.01.2018

“Рейтерс” агенттиги Олимпиаданын ачылышына киргизилбейт

Azattyk.org 

Эл аралык олимпиада комитети "Рейтерс" агенттигин Түштүк Кореяда башталчу кышкы оюндардын ачылыш аземине катыштырбайт. Бул тууралуу түштүк кореялык "Рёнхап" агенттиги билдирди. Мындай чечим "Рейтерс" агенттиги 28-январдагы Олимпиаданын отун жандырууга даярдык көргөн иш-чарадан сүрөттөрдү жарыялап жиберген соң кабыл алынган. Агенттик эл аралык комитеттин эскертүүсүнөн кийин дароо сүрөттөрдү өчүргөн.   Оюндун уюштуруу комитети Түштүк Кореянын маалымат каражаттарына кайрылып, Пченхчандагы оюндардын... Читать дальше...

Казакстан "экстремизмге каршы күрөшкө" миллиондогон доллар жумшайт

Azattyk.org 

Казак бийлиги жакынкы беш жылда "Диний экстремизмге жана терроризмге каршы аракет көрүү" деп аталган мамлекеттик программаны жүзөгө ашыруу үчүн 286 миллиард теңге (888 миллиондон ашуун доллар) жумшайт. Бул тууралуу "Ченемдик-укуктук акттар" деген интернет сайтка жарыяланды. Программага байланыштуу талкуу да ушул сайтта 6-февралга чейин жүргүзүлөт. 2018-2022-жылдарга белгиленген программанын алкагында республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин акчасы жана башка "мыйзам жол берген каражаттын" бардыгы... Читать дальше...

Сотторго 90% эл ишенбейт

Пресс.kg 

КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков 24-январда Сотторду тандоо кеңешинин талапкерлерин тандоо учурунда сотторго элдин 90%ы ишенбей калганын айтып чыкты. Эл өкүлү өз сөзүндө: «Кезинде Аскар Акаев: «Сотторго 80 пайыз эл ишенбейт экен» — деп, чок тебелеген тооктой чочуган. Азыр сотторго карапайым калктын 90 пайызы ишенбейт десем аша чапкандык болбойт. Бизге түшкөн кайрылуулардын 90 пайызы соттун […]



Ызгаардагы ымыркайлар жана кайыккан карылар

Azattyk.org 

Бишкек Жылуулук борборундагы болгон авария шаар тургундарын кооптуу абалда калтырды. Айрыкча оор абалга социалдык объекттер кабылды. Бишкектеги карылар үйү авария болор замат тыштагы очокко отун-сууларды даярдап, тамак-ашты казанга бышырса, балдар үйлөрүнүн бири ымыркайларды калың кийиндирип, дароо электр жылыткычтарды колдоно баштаган. Мейманканалар да кайдыгер калбай, барарга жери жок калгандарга бөлмө сунуштап, бир топ үй-бүлөнү түнөк менен камсыз кылды.

Жоболоңдуу ЖЭБ, жоголгон акча

Azattyk.org 

Бишкектеги жылуулуктун жана ысык суунун үзгүлтүккө учурашына байланыштуу Башкы прокуратура тиешелүү кызмат адамдарына "Шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Камактагы Бектур Асанов "кургак ачкачылык" жарыялады

Azattyk.org 

"Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деген айып менен камакта отурган Бектур Асанов бүгүнтөн тартып үй-бүлөсү, туугандары менен көрүшүүгө уруксат берилбей жатканына каршылык иретинде "кургак ачкачылык" кармай баштады. Ошондой эле саясатчы соттук териштирүү адилетсиз болуп жатат деп эсептейт. Бул тууралуу "Саясий туткундарды коргоо комитети" бейөкмөт уюмунун мүчөсү Зулфия Марат “Азаттыкка” кабарлады. Бул маалыматты Асановдун туугандары да ырасташты. УКМК азырынча бул боюнча комментарий бере элек. Читать дальше...

Путин Вашингтондун "Кремл баяндамасын" сындады

Azattyk.org 

Орусиянын президенти АКШ жарыялаган баяндаманы “достукка жатпаган жана АКШ-Орусия алакаларын татаалдаштырып, жалпы эле эл аралык мамилени буза турган кадам” катары баалады. Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков болсо Кремл “баяндаманы талдап чыккандан кийин кандайдыр тыянак чыгарарын” айтты. Шейшембиде Кошмо Штаттарда “Кремл баяндамасы” деген документ жарыяланды. “Кремл тизмеси” жана “олигархтар тизмеси” деп аталган баяндамада президент Путиндин жакын чөйрөсүндөгү 114 адамдын жана 96 олигархтын аттары аталган. Читать дальше...



Казакстан Олимпиадада жеңгендерди акчалай сыйлайт

Azattyk.org 

Казак бийлиги Олимпиададан ийгиликтүү кайткан атлеттерине 75 миңден 250 миң доллардан сыйакы бермей болду. Өзбекстандын маркум президентинин тун небереси Ислам Британиядан саясий башкалка сурады. Бир ай мурда ал апасы Гүлнара Каримовага байланыштуу чоң окуя болгонун айтып, документтер даяр болсо эле башпаанек сурай турганын Би-Би-Сиге билдирген. АКШ “Кремль тизмесин” жарыялады. Ага президент Путиндин эң жакынкы чөйрөсүндөгү адамдар жана олигархтар, жалпы 200дөн ашуун адам кирген. Эми Вашингтон аларга санкция салышы да мүмкүн.

Казакстан Олимпиаданы жеңгендерди акчалай сыйлайт

Azattyk.org 

Казак бийлиги Олимпиададан ийгиликтүү кайткан атлеттерине 75 миңден 250 миң доллардан сыйакы бермей болду. Өзбекстандын маркум президентинин тун небереси Ислам Британиядан саясий башкалка сурады. Бир ай мурда ал апасы Гүлнара Каримовага байланыштуу чоң окуя болгонун айтып, документтер даяр болсо эле башпаанек сурай турганын Би-Би-Сиге билдирген. АКШ “Кремль тизмесин” жарыялады. Ага президент Путиндин эң жакынкы чөйрөсүндөгү адамдар жана олигархтар, жалпы 200дөн ашуун адам кирген. Эми Вашингтон аларга санкция салышы да мүмкүн.

Орусиялык спортчу кышкы Олимпиадага катышуудан баш тартты

Azattyk.org 

Ольга Граф Түштүк Кореядагы оюндарга катышууга чакыруу алса да мелдештерге барбайт. Ал мындай чечимге Эл аралык Олимпиада комитети орусиялык коньки тебүүчүлөрдүн командасын оюндардан четтетип салгандан кийин келген. "Мен Эл аралык Олимпиада комитетинин "Орусиянын спортчулары бейтарап желек алдында чыксын" деген чечимине каршымын. Анын үстүнө мен өз өлкөмдүн намысын коргоого даяр болчумун" деп айтылат Графтын билдирүүсүндө. Анын пикиринде спорт "саясий оюндардын куралына айланды". 2014-жылы Сочиде... Читать дальше...

Бир койго сатылган Азамат...

Azattyk.org 

Өзүн Азамат деп тааныштырган жигит Жети-Өгүз районунун Саруу айылында жашайт. Анын тек-жайын тастыктаган эч кандай документи жок. Жашы болжол менен 28-29 жаштарда. Өзүнүн айтымында бир койго сатылып, дээрлик 25 жылдан бери ар кимдин колунда малай болуп келет...

Элвира Сурабалдиева: ЖЭБди эмнеге кытайлар башкарып жатат?

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Элвира Сурабалдиева Бишкек Жылуулук электр борборун Кытайдын жарандары башкарып жатканына нааразы болду. Бул тууралуу ал парламенттин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетинин 30-январда Бишкек жылуулук борборунда өткөн көчмө жыйынында билдирди. Ал бул тууралуу сөзүн "Facebook" социалдык тармагындагы өзүнүн барагына да жазып чыкты. Сурабалдиева ЖЭБде иштеген кытайлык адистер Кыргызстандын бюджетинен айлык аларын маалымдады.... Читать дальше...

ЖЭБдеги кырдаал парламентте талкууланат

Azattyk.org 

Парламенттин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу комитети Бишкек жылуулук борборундагы соңку кырдаал менен таанышып, жеринде көчмө жыйын өткөрдү. Анда депутаттар аталган ишканадагы кырдаалды талкуулап, бул багытта депутаттык комиссия түзүү, маселени Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында кароо чечимине келишти. Жыйынга биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев катышып, түзүлгөн кырдаал үчүн бишкектиктерден кечирим сурады. Шадиевдин айтымында, кырдаалды иликтеген өкмөттүк комиссия ишин жыйынтыктаса... Читать дальше...

Жер көчкүдөн коркпогон ортоктуктар

Azattyk.org 

Сузак районунда орун алган жер көчкүдөн улам Орток айылындагы 112 бала окуган мектеп жабылып, 150дөн ашык адам коопсуз жайларга көчүрүлүп жатат. Бирок жергиликтүү бийликтин көчүрүү талабына баш ийбеген тургундар аймакта кала берүүдө. Айылдыктар болсо кыш чилдеде көчүүнү каалабай, мектепти убактылуу ачып берүүнү талап кылышууда.

Орусия АКШнын "Кремл баяндамасына" жооп кайтарды

Azattyk.org 

Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кремл “баяндаманы талдап чыккандан кийин кандайдыр тыянак чыгарарын” айтты. Ал өзүнүн да Вашингтондун тизмесине кирип калганына маани бербей турганын, ага түшкөндөрдүн баары “АКШнын душмандары” аталганын кошумчалады. Орусиянын Федерациялар Кеңеши болсо “Кремл баяндамасын” орус элитасын “мүдүрүлтүү аракети” деп баалады. Вице-премьер-министр Аркадий Дворкович Ак үйдүн “тизмесине кантип түшпөй калмак элем” деп, америкалыктардын баяндамасы “Орусиянын... Читать дальше...

Жакупова менен Айыптын мүлкү боюнча жараян 14-февралда болот

Azattyk.org 

Бишкектин Октябрь райондук соту  Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупованын жана журналист Нарын Айыптын камакка алынган мүлкүнө байланыштуу ишти кароону 14-февралга калтырды. Нарын Айып "Азаттык" радиосуна билдиргендей, бүгүнкү жараянда судьялар шаардык сотто апелляциялык арыз каралганга чейин ишти токтото туруу боюнча айыпталуучулардын өтүнүчүн канааттандырды: - Бүгүн Чолпон Жакуповага жана мага байланышкан иштер боюнча эки сот болду. Эки сот тең 14-февралга калды. Читать дальше...


Музыкальные новости
Михаил Кутушов

Токсиколог Кутушов рассказал почему возникает похмелье





Персональные новости
Сбер

Сбер подарил Орлу умный фонтан





31-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

Кыргызстанда 31-январда күн ачык болот. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорун туман каптайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -15...-20, күндүз -4...1; Таласта түнкүсүн -15...-20, күндүз -4...-9; Ош жана Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -4...-9, күндүз -3...2; Баткенде түнкүсүн -4...-9, күндүз -3...2; Ысык-Көлдө түнкүсүн -8...-13, күндүз 0...-5; Нарын облусунда түнкүсүн -17...-22... Читать дальше...

АКШ “Кремл баяндамасын” жарыялады

Azattyk.org 

Кошмо Штаттарда “Кремл баяндамасы” деген документ жарыяланды. Расмий эмес “Кремл тизмеси” жана “олигархтар тизмеси” деп аталган баяндамада президент Путиндин эң жакын чөйрөсүндөгү 114 адамдын жана 96 олигархтын ысымдары камтылган. АКШнын Каржы министрлиги түзгөн ал "кара тизмедегилерге" каршы Вашингтон мындан ары санкция киргизиши мүмкүн. Москва АКШнын аракеттерин сынга алды.

Тбилисинин метросунда 14 киши жарадар болду

Azattyk.org 

Грузиянын Ички иштер министрлиги Тбилиси шаарындагы метро станциянын төбөсү түшүп кетип, андан 14 киши жабыркаганын билдирди.    Окуя метрополитендин “Варкетили” деген станциясында 30-январда болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бышыктады. Жарадар болгондордун арасында полиция кызматкери бар. Алардын баары ооруканага жеткирилди. Полиция менен куткаруучулар метрополитенде калган адамдарды чыгарышты.  Тбилисинин шаардык транспорт полициясы окуя боюнча иликтөө баштады. Шаар башчы Каха Каладзе окуя болгон жерге барып... Читать дальше...

Суучул Петрашов Люксембургдагы мелдеште эки алтын медал утту

Azattyk.org 

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Люксембургда өткөн "Euro Meet Luxembourg" эл аралык мелдешинде эки алтын, эки коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын машыктыруучусу  Юрий Захаров "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Маалыматка караганда, Петрашов жаштар арасында 100 жана 200 метрге брасс ыкмасында сүзүп, жеңүүчү аталган. Ушул эле ыкмада ал 50 метрге жарышууда коло байге алган. Ошондой эле чоңдор арасында 100 метрге брасс ыкмасы менен сүзүүдө коло медал тагынып... Читать дальше...

Суучул Петрашов Швейцариядагы эл аралык мелдеште эки алтын утту

Azattyk.org 

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Швейцарияда өткөн Euro Meet Luxembourg эл аралык мелдешинде эки алтын медалга ээ болду. Мындай маалыматты мелдештин расмий сайты жазып чыкты.  Кыргызстандан аталган мелдешке төрт оюнчу катышкан. Эки алтынды уткан Денис Петрашовдон тышкары, Елизавета Рогожникова дагы эки медал - бир күмүш, бир коло медал тагынды.  17 жаштагы Денис Петрашов 2017-жылы брасс ыкмасы менен 100 метрге сууда сүзүү боюнча Азия чемпиону болгон. Ал 2016-жылы Бразилиянын Рио-Де-Жанейро шаарындагы Олимп оюндарына катышып... Читать дальше...

Тажикстандыктар Саданы майрамдашууда

Azattyk.org 

Сада майрамы Ноорузга элүү күн калганда, чилденин мизи кайткан маалда жаздын келишин утурлай өткөрүлөт. Эл чогулган жерде от жагылып, казан асылып, шаң-тамаша менен коштолот. Сада майрамын тажик бийлиги былтыр Нооруз сыяктуу эле улуттук майрамдардын катарына кошкон. Өлкө президенти Эмомали Рахмон бабалардан калган бул майрамды “От жараткан” же “Жарык менен жылуулуктун булагы” деп атады. Ошол эле учурда Саданын осуяттарынын бири жазгы дыйканчылык, багбанчылык иштерге даярдануу экенин эске салды. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

В Москве завершился Кубок России по спортивному программированию


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Мария стала соперницей Азаренко на турнире WTA в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

АО «Транснефть – Прикамье» провело свыше 3 тыс. экологических исследований в I квартале 2024 года





Путин в России и мире
Москва

Мария Захарова раскритиковала высказывание Нэнси Пелоси о Путине и протестах в США


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире
Москва

Дух разделения в Святой Руси, или Можно ли лишиться сана за отпевание Навального*



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Анастасия Ивлеева

Блогер Ивлеева не явилась в суд на заседание по делу о дискредитации ВС России



Москва

В центре Москвы поймали змею необычного окраса

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net