Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 13-январда саат 14:10дор чамасында Бишкек-Ош унаа жолундагы Чычкан капчыгайында күйүүчү май ташыган унаа менен "Опел-Зафира" үлгүсүндөгү жеңил автомашина кагылышкан. Жол кырсыгынын кесепетинен жеңил автоунаадагы төрт киши каза болуп, үч адам жаракат алган. Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, сөөктөрдү унаадан чыгарууга жана жаракат алгандарга медициналык жардам көрсөткөн. Жабыркагандар Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген, ал эми каза... Читать дальше...
13-январда бир жыл мурун Дача-СУ айылында болгон учак кырсыгынын курмандыктарына арналып, эстелик ачылды.
Наристелеринин сүрөтүн Интернетке байма-бай жарыялап турган ата-энелер. Бешиктен бели чыга элек жатып, социалдык тармактардагы өз баракчаларына жүздөгөн көрүүчүлөрдү топтогон балдар. «Эже-сиңдилер» телепрограммасынын бул жолку темасы - социалдык тармактар жана наристелер.
Орусиянын дагы бир С-400 зениттик ракетасы аннексияланган Крымга жайгашканын орусиялык маалымат каражаттары 13-январда жазып чыгышты. 10-январь күнү Мамдуманын Севастополдон шайланган депутаты Дмитрий Белик отурумда сүйлөгөн сөзүндө жарым аралда абадан коргонууну күчөтүү "украиналык ракета жасоочулар үчүн эскертүү болорун" айткан. Бир жыл мурун Орусия Крымдын Феодосия аймагына С-400 зениттик-ракеталарын жайгаштырган болчу. Ошондой эле жакынкы убакта ФСБнын катышуусу менен аймакта аскерий машыгуулар өтөрү кабарланууда. Читать дальше...
АКШ мамлекеттик катчысынын биринчи орун басары, Түштүк жана Борбор Азия боюнча элчи Элис Уэллс Вашингтондо туруп Бишкектеги АКШ элчилигине чогулган журналисттерге телефон аркылуу маалымат жыйынын өткөрдү. Ал Кыргызстанда акыркы мезгилде массалык маалымат каражаттарынын миллиондогон суммалык доого жыгылуусун сөз эркиндигине түшкөн көлөкө катары сыпаттады. Уэллс Кыргызстан Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен сөз эркиндигинин лидери болуп келгенин, бул макамды жоготуп албоо жана коомдогу ар тараптуу көз... Читать дальше...
Синоптиктердин шашылыш билдирүүсү боюнча, Кыргызстанда 13-16-январда аба ырайы туруксуз болуп, айрым аймактарда кар көп жаайт. Автожолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетет. Абанын температурасы бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -30...-35 градуска чейин төмөндөйт. Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда мал кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Читать дальше...
12-январда АКШ мамлекеттик катчысынын биринчи орун басары, Түштүк жана Борбор Азия боюнча элчи Элис Уэллс басма сөз жыйынын өткөрүп, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин АКШга болчу иш сапары тууралуу айтып берди.
12-январда АКШ мамлекеттик катчысынын биринчи орун басары, Түштүк жана Борбор Азия боюнча элчи Элис Уэллс басма сөз жыйынын өткөрүп, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин АКШга болчу иш сапары тууралуу айтып берди.
Кыргыз эл артисти, комузчу, Ош мамлекеттик университетинин профессору, педагог Фахридин Баяков дүйнө салды. Бул тууралуу Ош мамлекеттик университетинен билдиришти. Белгилүү комузчу жана аткаруучу Фахридин Баяков Ош мамлекеттик универститетинде жана Рыспай Абдыкадыров атындагы филармонияда эмгектенип келген. Ал 1949-жылы Тажикстандын Жерге-Тал районунда төрөлгөн. 1969-жылы Баткен облусунун Кадамжай районундагы Жданов орто мектебин аяктаган. 1979-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтун бүтүрүп... Читать дальше...
Эстеликтин ачылышына президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары, кырсыктын кесепетин жоюу боюнча өкмөттүк комиссиянын төрагасы Мухамбеткалый Абулгазиев баш болгон жогорку кызмат адамдары, өкмөт мүчөлөрү, кырсыкта набыт кеткендердин жакындары, коомчулук өкүлдөрү катышты. Былтыр 16-январда түркиялык "Боинг-747-400" жүк учагы Бишкектин четиндеги Дача-СУ айылына кулаган. Анда жергиликтүү 35 тургун, төрт учкуч каза болуп, бир топ турак жай кыйраган. Маалыматтарга караганда, Гонконг –Бишкек-... Читать дальше...
Эстеликтин ачылышына президенттик аппараттын биринчи орун басары, кырсыктын кесепетин жоюу боюнча өкмөттүк комиссиянын төрагасы Мухамбеткалый Абулгазиев баш болгон жогорку кызмат адамдары, өкмөт мүчөлөрү, кырсыкта набыт кеткендердин жакындары, коомчулук өкүлдөрү катышты. Былтыр 16-январда түркиялык "Боинг-747-400" жүк учагы Бишкектин четиндеги Дача-СУ айылына кулаган. Анда жергиликтүү 35 тургун, төрт учкуч каза болуп, бир топ турак жай кыйраган. Маалыматтарга караганда, Гонконг –Бишкек- Стамбул багытында... Читать дальше...
Казакстандын Астана шаарында өткөн Art premium аталышындагы I эл аралык музыкалык сынакта кыргызстандык Шахжохан Маманазаров менен Шайырбек Абдурашит уулу 1-орунду ээледи. Бул тууралуу "Азаттыкка" Шахжохан Маманазаров билдирди. Анын айтуусунда, сынак 4-7-январ күндөрү өтүп, ага Казакстан, Орусия, Кыргызстан, Өзбекстан жана Өзбекстандын курамындагы Каракалпакстан Республикасынан 84 өкүл катышты. Жеңүүчүлөр 10 жанрда ар кайсы жаш куракта өз-өзүнчө аныкталган. Шахжохан Маманазаров домра-прима аспабында... Читать дальше...
Улакчы жигит Куттубек Ташыбековдун чилдеде сууга түшүп кеткен улакты алып чыккан окуясы Интернетте кызуу талкууга алынууда. Окуя 11-январда Бишкектин четиндеги көк бөрү оюну учурунда болгон. Интернет колдонуучулардын айрымдары муну эрдик катары бааласа, башкалары анын ден соолугуна кабатырланышууда. Улакчы Куттубек Ташыбеков окуя кандайча болгонун "Азаттык" үналгысына өзү айтып берди.
Түштүк Кореянын биримдик иштери боюнча министрлигинин ишембиде билдиргенине караганда, Түндүк Корея жумушчу деңгээлдеги сүйлөшүүлөр учурунда Пхёнчханда боло турган Кышкы Олимпиада оюндарына артисттерин жиберүүнү сунуштаган. Бул тууралуу "Рейтер" агенттиги жазды. Министрликтин билдирүүсүндө Түндүк Корея бул демилгени талкуулоо үчүн 15-январда өз тарабындагы Панмунж кыштагында жолугушууну да сунуштаган. Маалыматка ылайык, Пхеньян Кышкы Олимпиада оюндарына катышуу үчүн дагы бир сүйлөшүү күнүн сунуштоо жөнүндө каалоосун да билдирген. Читать дальше...
Өткөн жылы 16-январда 39 кишинин өмүрүн алган учак кырсыгына күнөөлүү тарап так аныктала элек. Бул иш боюнча жүрүп жаткан тергөөнүн алдын ала божомолу боюнча, кырсыкка учкучтар күнөөлүү деп табылган. Бул тууралуу президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары, кырсыктын кесепетин жоюу боюнча өкмөттүк комиссиянын төрагасы Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн Дача-СУ айылындагы эстеликтин ачылышында билдирди. Абулгазиев “Азаттыктын” айрым суроолоруна жооп берди.
Бул маалыматты "Интерфакс" агенттиги Орусиянын аскер-техникалык кызматташтык тармагында иштеген булагына таянып таратты. Өткөн жылы декабрдын аягында Орусия президентинин аскерий-техникалык багыт боюнча жардамчысы Владимир Кожин батыш киргизген санкцияларга карабай, 2017-жылы Орусияда жаңы өнөктөштөр - "буга чейин эч качан курал сурап Орусияга кайрылбаган" мамлекеттер пайда болгонун маалымдаган. Былтыр августтун аягында аскер-техникалык кызматташтык боюнча федералдык кызматтын башчысы Дмитрий... Читать дальше...
Түркиянын АСТ Havayolları компаниясы Гонконг-Бишкек-Стамбул авиакаттамы аркылуу азыр жүк ташыбайт. Бул тууралуу "Азаттыкка" Түркиянын АСТ Airlines компаниясынын башкаруучулар коллегиясынын мүчөсү Хамза Тыглай билдирди. Гонконг-Бишкек-Стамбул авиа жүк каттамынын жадыбалы 2016-жылдын 18-октябрынан 2017-жылдын 20-мартына чейин бекитилген. Бирок кырсыктан кийин түрк компания бул каттамда рейстерин токтоткон. Былтыр 16-январда Түркиянын АСТ Havayolları компаниясына таандык "Боинг-747-400" жүк учагы Бишкектин четиндеги Дача-СУ айылына кулаган. Читать дальше...
12-январь күнү саат 13.00 чамасында Астана-Караганда жолундагы автоунаа жол четинде бараткан жөө адамды коюп кеткен. Кырсыктан машине сүзүп кеткен адам каза тапкан. Маркум Казакстан аркылуу Орусияга бара жаткан Ош облусунун Кара-Суу районунун 45 жаштагы тургуну экени аныкталды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Автоунааны казакстандык Ерлан аттуу жаран башкарып бара жаткан. Ал катуу бороондон улам жолдо бара жаткан жөө кишини байкаганын билдирген. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Читать дальше...
Премьер-министр Сапар Исаковдун 12-январда Таласка жасаган сапарынын алкагында студенттер менен жолугушуусу болбой калганына жергиликтүү активисттер нааразы. Талас мамлекеттик университетинин 4-курсунун студенти Кубаныч Маряпов 100дөн ашык студент менен окуу жайдын эмгек жамааты өкмөт башчыны үч сааттан ашык күткөнүн "Азаттыкка" билдирди: - Негизи биз каникулда болчубуз, премьер-министр келет деп баарыбызды 12-январда саат бирге чакырган. Анан үчкө жылды дешти. Кийинчирек жолугушуу 40 мүнөттөн кийин башталат дешти. Читать дальше...
“Айкын багыт” коомдук фонду үй-бүлөдө зордук-зомбулук көргөн аялдар жана алардын балдары үчүн Бишкекте жаңы жылдык балаты майрамын уюштурду. Муну менен алар кыз-келиндердин өзүнө жана келечегине болгон ишенимин жаратууну көздөшкөн.
Кыргыз өкмөтү быйыл экономикалык өсүштү камсыз кылууга убада берүүдө. Өкмөттүн маалыматы боюнча, жыл аягына чейин ички дүң өндүрүмдүн анык өсүшү былтыркыдан жогорулап, баалар туруктуу кармалышы керек. Бирок былтыркы жылдын аягында экономиканын өнүгүшү солгундаган жайы бар.
Өткөн жылы 16-январда 39 кишинин өмүрүн алган учак кырсыгына күнөөлүү тарап так аныктала элек. Бул иш боюнча жүрүп жаткан тергөөнүн алдын ала божомолу боюнча, кырсыкка учкучтар күнөөлүү деп табылган. Бул тууралуу президенттик аппараттын биринчи орун басары, кырсыктын кесепетин жоюу боюнча өкмөттүк комиссиянын төрагасы Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн Дача-СУ айылындагы эстеликтин ачылышында билдирди. Анын айтуусунда, бул акыркы тыянак эмес, эл аралык комиссия кырсыктын себептерин дале иликтөөдө. ... Читать дальше...
Эстеликтин ачылышына президенттик аппараттын биринчи орун басары, кырсыктын кесепетин жоюу боюнча өкмөттүк комиссиянын төрагасы Мухамбеткалый Абулгазиев баш болгон жогорку кызмат адамдары, өкмөт мүчөлөрү, кырсыкта набыт кеткендердин жакындары, коомчулук өкүлдөрү катышууда. Каза болгондорду кайтарып алууга мүмкүн эместигин айткан Абулгазиев, кырсыктан жабыркагандарга, набыт кеткендердин жакындарына жалпы өлкө жарандары чогулткан каражат толук берилгенин, ошондой эле кырсыкка кабылган учактын ээси... Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.