123ru.net
World News in Kyrgyz
Январь
2018

Новости за 18.01.2018

Өзбекстанда Казакстандагы кырсык боюнча өкмөттүк комиссия түзүлдү

Azattyk.org 

Өзбекстандын Чукул кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы президент Шавкат Мирзиеевдин буйругу менен Казакстандагы кырсыкты иликтөө үчүн өкмөттүк комиссия түзүлгөнүн кабарлады. Өкмөт башчы Абдулла Арипов жетектеген топко кошуна өлкөнүн өкүлдөрү менен бирге Чымкенттен Самарага бараткан автобустун өрттөнүшүнүн себептерин иликтөө жана маркумдардын тек жайын аныктоо чараларын көрүү милдети жүктөлөт. Комиссияга тышкы иштер, чукул кырдаалдар, ички иштер, саламаттыкты сактоо министрликтеринин жана башка мекемелердин өкүлдөрү киришти. Читать дальше...

Пакистанда балдарды эмдөө ишине тартылган эки аялды атып кетишти

Azattyk.org 

Пакистандын Кветта шаарында эмдөө иштерине тартылган эки киши – бир аял менен кызы ок жеп каза болушту. Полициянны өкүлү Насибулла Хан 50 жаштагы Сакина Биби жана 20 жаштагы кызы Ализахты балдарга шал оорусуна каршы дары берип жаткан маалда куралчан кишилер атып кетишкенин билдирди. Кол салуунун артында ким турганы азырынча белгисиз. Пакистанда буга чейин да эмдөө иштери менен алектенген кишилерди жана аларды кайтарган полициячыларды өлтүргөн учурлар көп болгон. Согушкерлер Батыш шпиондору вакцинацияга... Читать дальше...

Косоводо атылган сербиялык саясатчы жерге берилди

Azattyk.org 

Косоводогу сербиялык саясатчы Оливер Иванович 18-январда жерге берилди. Анын Белграддагы зыйнатына жүздөгөн киши, анын ичинде Сербиянын премьер-министри Ана Брнабич катышты. Ивановичти эки күн мурда Косовонун түндүгүндөгү Митровица шаарында атып кетишкен. Анын өлтүрүлүшү Балкандагы чыңалууну күчөттү. Эки өлкө ортосунда Евробиримдиктин ортомчулугу менен жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн убактылуу токтошуна алып келди. Сербиянын президенти Александр Вучич саясатчынын киши колдуу болушун "теракт" деп атады. Читать дальше...



Жаңы Улуу Жибек жолундагы жомоктор

Azattyk.org 

Кытай жарыялаган Жаңы жибек жолу долбоорунун бюджети жүздөгөн миллиарддаган долларга бааланып, бул жол Батыш базарларына Борбор Азия аркылуу өткөн ири дүйнөлүк соода жана инвестиция коридору болору пландалган. Казакстан бул долбоордогу чечүүчү түйүнгө айланып, Бээжин менен Астана болуп көрбөгөндөй кызматташтыкка бел байлашты. Кытай менен Казакстанга бирдей дем берген бул ири соода долбоору бирок, коррупция, бюрократия жана эскиден калган ички ишенбестик өндүү тоскоолдуктарга да туш болуп жаткан чак.

VIP-шаарчадагы чырдын төркүнү

Azattyk.org 

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат Бишкек шаарынын “Ала-Арча” турак жай комплексиндеги каржылык мыйзам бузуу фактыларын териштирүүгө киришти. Бир күн мурда “Ала-Арча” турак жай комплексинин жашоочуларынын бир тобу өз кошуналары, мурдагы премьер-министр Феликс Кулов менен экс-депутат Акматбек Келдибековдун жубайлары комплекс башкармалыгынын иштешине жолтоо кылып жатканын билдирип чыгышкан.

Өрттөнүп кеткен автобустун эшиги тосулуп калган

Azattyk.org 

Актөбөдө өрттөнүп кеткен автобустун капталындагы эшик торолуп калган экен. Курман болгондордун көптүгү ушуну менен түшүндүрүлөт. Бул тууралуу Казакстандын Чукул кырдаалдар департаментинин өкүлү билдирди. "Алдын ала маалыматка караганда электрозым күйө баштаган. Албетте, паника болгон. Элестетсеңер, эки этаж автобус болсо, эшиктери кууш, бирөө тороп калды, үстүнө башкасы жыгылды. Терезелерди талкалоо эч кимдин оюна келбептир", - деди департаменттин Актөбө облусу боюнча бөлүмүнүн өкүлү Виталий Синев. Читать дальше...

Ош: Милициянын бөлүм башчысы пара менен кармалды

Azattyk.org 

Ош облусунун Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн Тепе-Коргон милиция бөлүмүнүн башчысы, К.К. аттуу майор пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 17-январда ички иштер органдарына 22 жаштагы жаран кайрылып, милиция кызматкери андан 200 доллар талап кылып, болбосо дүкөнүн жабуу менен коркутуп жатканын айткан. Бүгүн, 18-январда милиция кызматкери 7 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган. Бул факт боюнча Ош... Читать дальше...

Жол кырсыгына аралашкан майор иштен алынды

Azattyk.org 

Бишкекте жол кырсыгын жараткан милициянын майору Төлөн Камчыбек уулу кызматтан алынды. ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитовдун “Азаттык” радиосуна кабарлаганы боюнча, териштирүүдө анын мас абалында машине айдаганы далилденген. - Бул боюнча тиешелүү иликтөөлөрдү жүргүзгөнбүз. Анын жыйынтыгында ошол милициянын майору ички иштер органдарынан биротоло айдалды. Ал эми окуя болгон жерде жүргөн, жол кырсыгынан кийин ошол жерге барган милиция кызматкери дагы ээлеген кызматынан бошотулду. Жол кырсыгы боюнча атайын протокол түзүлүп... Читать дальше...



Актөбөдө мигранттар бараткан автобус өрттөндү

Azattyk.org 

Казакстандын Актөбө облусундагы Самара-Чымкент автожолунда жүргүнчү ташыган автобус өрттөнүп, кеминде 52 киши каза тапты, алар Өзбекстандын жарандары экени кабарланууда. Америкалык аскерлер Сирияда чектелбеген убакытка кала берет. Ингушетиянын баш калаасында “Мемориал” укук коргоо уюмунун кеңсеси өрттөлгөнү боюнча кылмыш иши козголду.

АКШнын күчтөрү Сирияда кала берет

Azattyk.org 

Америкалык аскерлер Сирияда чектелбеген убакытка кала берет. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон шаршембиде билдирди. Ал арада Түркия Вашингтондун Сирияда 30 миң кишиден турган коопсуздук кошуундарын түзүү планына каршы чара көрүүгө камынып жатканы белгилүү болду.

Депутаттар Интернетти тескегиси келет

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү Интернет мейкиндигин жөнгө салуучу мыйзам долбоорун даярдап жатат. Депутаттар социалдык түйүндөрдү көзөмөлгө алууга мезгил жеткенин билдиришүүдө.

Депутат соцтармактарды тескөөнү сунуштады

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү Интернет мейкиндигин жөнгө салуучу мыйзам долбоорун даярдап жатат. Депутаттар социалдык түйүндөрдү көзөмөлгө алууга мезгил жеткенин билдиришүүдө.

Стрессти жеңген бачата

Azattyk.org 

Кыргызстанда Латын Америкасынан чыккан социалдык бийлерге кызыккандардын катары калың. Учурда Бишкекте ушул багытта иштеп жаткан бир нече бий студиялары бар. Аларга күн сайын он беш жаштан жетимиш жашка чейинки ондогон жарандар келип машыгып турушат. Адистер социалдык бийлер улутуна, курагына жана даярдык деңгээлине карабастан бардыгына жеткиликтүү болгондуктан анын күйөрмандары көп экенин айтышат.

Дүйнө чемпиону Нуралы: каражат тапсам Азия оюндарына жолдомо алат элем

Sputnik Кыргызстан (sport) 

21 жаштагы Нуралы Карыбаев өзүн толугу менен спорт тармагына арнагандардын бири. Жаштайынан бери спорттун күрөш, таэквандо, аралаш мушташ, тай жана бирма боксу менен машыгып келет.

Ишенбек: Алты баламды кор кылбайм

Azattyk.org 

Ат-Башы районундагы Кара-Суу айылынын тургуну Ишенбек Акматов алты баласын өзү жалгыз багып жатат. Балдардын улуусу он экиде, кичүүсү үч жашта. Эркек кишиге балдарды багып, тарбиялоо түйшүгү оор экени анын жашоосунан көрүнүп турат. Бирок жалгыз бой ата баарына чыдап, алты чүрпөсүн татыктуу чоңойтууга бел байлаган.

Улан Саляновдун өлүмү боюнча дагы бир шектүү кармалды

Azattyk.org 

“Ата Мекен” партиясынын депутаты Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча дагы бир шектүү киши Москва шаарынан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирүү таратты. Министрликтин маалымат кызматы кабарлагандай, кармалган 35 жаштагы А.А. аттуу жаран Токмок шаарынын тургуну экени аныкталды. Мурда ал талап-тоноо, каракчылык жана киши өлтүрүү үчүн соттолгон. Шектүүнү кармоого Орусиянын Ички иштер министрлиги да көмөк көрсөткөн. Учурда аны Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси чечилүүдө. Читать дальше...

Актөбө: мигранттар Орусияга жетпей калды

Azattyk.org 

Казакстанда жүргүнчү ташыган автобус өрттөнүп, 52 адам мерт кетти. Жергиликтүү маалымат булактары автобус өзбекстандык мигранттарды Орусияга ташып бара жатканын билдиришүүдө.

Коопсуздук кеңешинин сайты ишке кирди

Azattyk.org 

"Anticorruption.kg" деп аталган сайт аты айтып тургандай, коррупцияга каршы күрөшкө жарандарды тартууну максат кылат. Анда коррупцияга чалдыккан тармактардын, аймактардын интерактивдүү картасы жайгашкан. Бул карта жарандардын кайрылуусуна жараша улам өзгөрүп, жаңыланып турат.  Мындан тышкары, порталда бардык тармактардагы коррупциялык иштер тууралуу анонимдүү маалыматтарды да калтырууга болот.  Сайтта коррупция менен күрөшүүчү бардык мамлекеттик органдар тууралуу маалыматтар жайгаштырылган. Ошондой... Читать дальше...


Музыкальные новости
Диана Арбенина

Певица Диана Арбенина опубликовала редкое фото сына





Персональные новости
Светлана Светличная

Сын Светличной рассказал, что не знает подробностей о состоянии матери





Украинада Донбасстын реинтеграциясы тууралуу мыйзам кабыл алынды

Azattyk.org 

Украинанын Жогорку Радасы Донбасстын реинтеграциясы тууралуу мыйзам долбоорун жактырды. Орусиячыл жикчилдердин колундагы аймактардагы мамлекеттик саясатты аныктаган документти парламенттеги 450 депутаттын 280и колдоду. Эми долбоор президент Петро Порошенкого кол коюуга жөнөтүлмөкчү. Документте Орусия “агрессор жана окупант”, ал эми Донецк жана Луганск облустарынын (Донбасстын) жикчилдер ээлеп алган бөлүктөрү “убактылуу окупацияланган аймактар” деп аталат. Орусия 2014-жылы басып алган Крым жарым аралы да буга чейин ушундай эле сыпатталган. Читать дальше...

Сауд Арабиясы Кыргызстандан ажыга барчулардын квотасын көбөйттү

Azattyk.org 

Сауд Арабиясы быйыл ажыга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн 5400 орун бөлдү. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кабарлады. Муфтият билдиргендей, ажылыкка барчулар электрондук тизме менен кабыл алынат жана биометрикалык паспорт алгандарга гана Мекеге барууга уруксат берилет. Буга чейин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы быйылкы ажылык сапарына зыяратчыларды ташуу үчүн 12-февралга чейин авиакомпаниялар арасында сынак жарыялаган. Ага Кыргызстанга жана Сауд Арабиясына таандык фирмалар катыша алат. Читать дальше...

Кырсыкка байланыштуу Жээнбеков Өзбекстандын башчысына көңүл айтты

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Актөбө облусундагы трагедиялуу окуяда Өзбекстандын жарандары каза болгондугуна байланыштуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик аппарат кабарлады. Кыргызстандын мамлекет башчысы жөнөткөн телеграммада бул окуя орду толгус жоготуу экени, кыргыз эли каза болгондордун туугандарынын жана жакындарынын кайгысын тең бөлүшөөрү жазылган. Бүгүн эртең менен Казакстандын Актөбө облусундагы Самара-Чимкент автожолунда жүргүнчү ташыган ”Икарус” автобусу өрттөнүп... Читать дальше...

Аба ырайы: Күн жылыйт

Azattyk.org 

Синоптиктердин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 19-январда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз айрым аймактарда бир аз кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с жетет. Абанын температурасы: Чүй жана Талас областтарында түнкүсүн -5...-10, күндүз -1...4 градуска жылыйт.  Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 0...-5 градус суук, күндүз 2...7 градус жылуу болот.  Ысык-Көл областында түнкүсүн -4...-9, күндүз 1...6 градус жылуу, ал эми Нарында түнкүсүн -12...-17... Читать дальше...

Түркиянын танктары Сириянын Африн шаарына кирип барууга даярданууда

Azattyk.org 

Түркия Сириянын күрттөр көзөмөлдөгөн Африн жана Манбиж шаарларына аскерлерин киргизүүгө даярданууда. Анкара муну АКШ колдогон күрт кошуундары жараткан “коркунучка” жооп катары мүнөздөйт. 18-январда түрк тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу "Орусия Африндеги операцияга каршы болбоого тийиш, Анкара ал жактагы аба рейддерин Москва жана Тегеран менен координациялап турат" деп билдирди. Мурунку күнү АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон түрк тышкы иштер мекемесинин жетекчиси менен жолугушууда Вашингтондун... Читать дальше...

Быйыл ипотекалык насыянын үстөгү 7% түшөт

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков 18-январда каржы министри Адылбек Касымалиевди жана Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Бактыбек Шамкеевди кабыл алып, "Арзан турак жай 2015-2020" мамлекеттик программасынын иши менен таанышты. Жолугушууда элди жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу маселеси, социалдык турак жай куруу жана ипотекалык насыяларды өнүктүрүү боюнча маселелөр жана сунуштар талкууланды. Жээнбеков мамлекет элди арзан турак жай менен камсыз кылыш үчүн тиешелүү шарттарды түзүүгө милдеттүү экенин белгилеп... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

GeekVape в сотрудничестве с Absolute Racing выиграла чемпионат в категории GT3


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Чесноков оценил шансы Александровой в борьбе за выход в финал турнира WTA в Майами


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Татьяна Марчук выпустила альбом «Экопесенки» на лейбле Riki Music





Путин в России и мире
Москва

Путин оценил перспективы строительства ВСМ «Москва — Санкт-Петербург»


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Киев признал стагнацию ВСУ по всей линии фронта


Навальный в России и мире
Москва

«С какой целью вы пришли почтить память? Он вам родственник?» В Москве осудили девушку, которая пришла возложить цветы в память о Навальном



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Дима Билан

Дима Билан стал «Мистером Х» в проекте “Новая битва экстрасенсов” на ТНТ



Москва

Больше, чем игры: выручку от 22-го тура РПЛ направят семьям пострадавших в «Крокусе»

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net