Даниянын борбору Копенгагендеги "Café 33" барынын кожоюну өз коллекциясындагы баасы 1,3 миллион доллар турган бир шише орус арагы уурдалганын билдирди. Копенгагендин полициясы ууру барга кирип, "Русско-Балтийский" аттуу арактын шишесин алып кеткенин 3-январда тастыктады. "Мен аны Орусиядагы эң кымбат автоунаалар менен арак чыгарган "Дартз" ишканасынан алгам. Ал алты айдан бери менин коллекциямда болчу", деп билдирди "TV2/Lorry" телеканалына бардын кожоюну Браян Ингберг. Маалыматка ылайык, кожоюн... Читать дальше...
Даниянын борбору Копенгагендеги Café 33 барынын кожоюну өзүнүн коллекциясындагы баасы 1,3 миллион доллар турган орус арагынын бөтөлкөсү (водка) уурдалганын билдирди. Копенгагендин полициясы ууру барга кирип, "Русско-Балтийский" аттуу арактын бөтөлкөсүн алып кеткенин 3-январда тастыктады. "Мен аны Орусиядагы эң кымбат автоунаалар менен арак чыгарган "Дартз" ишканасынан алгам. Ал алты айдан бери менин коллекциямда болчу",-деп билдирди TV2/Lorry телеканалына бардын кожоюну Браян Ингберг. Маалыматка ылайык... Читать дальше...
АКШ президенти Доналд Трамп Ирандагы өкмөткө каршы чыккан демонстранттарга кайрадан колдоо көрсөттү. Ал Иранда "коррупциялашкан өкмөткө" каршылык билдиргендерди сыйлай турганын 3-январда "Твиттерге" жазды. "Ылайыктуу учурда силер АКШдан чоң колдоо көрөсүңөр",-деп кошумчалады Трамп. Ак үй Ирандагы митингчилерге колдоо көрсөтүү максатында Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешин жыйынга чакырып жатат. "Биз Иран элинин үнүн угуузуга жардам бергибиз келет",-деди 2-январда АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли. Читать дальше...
Польшалык сүрөтчү Якуб Щепански Кыргызстанга башында чыгармачылык дем издеп келген. Бирок ал кийин Кыргызстанда биротоло отурукташып калууну чечкен. Сүрөтчүнүн чыгармачылыгы, Кыргызстандагы турмушу тууралуу баян.
АКШнын президенттик администрациясы Пакистанга карата 48 саат ичинде "өзгөчө чараларын" жарыяларын 2-январда эскертти. Вашингтон өзүнүн бул кадамын "Исламабад терроризмге каршы жетиштүү күрөшпөй жаткандыгы" менен түшүндүрүүдө.
3-январда Ирандын бир катар шаарларында өкмөттү колдогон акциялар өттү. 28-декабрдан бери өлкөнүн ондогон шаар-кыштактарында өкмөткө каршы демонстрацияларда эки киши каза болуп, 450дөй киши кармалган. Европа жана АКШ лидерлери Иран бийлигин көчөдөгү элге каршы зомбулуктан алыс болууга чакырып келет.
Чүйдүн Москва районундагы кандуу кол салуу боюнча шектүү үч жаран кармалды. Алар турак жайды каракташ үчүн кирип, эки адамды атып кеткен деп айыпталууда. Мунун алдында эле Токмок менен Бишкекте жеке үйдү карактагандар үй ээлерин өлтүрүп салышкан эле. Ушундан улам жарандар жеке коопсуздугуна кепилдик жоктугуна кабатырланса, адистер турак жайларга көзөмөлдү күчөтүү зарылчылыгы бышып жетилгенин эскертишүүдө.
Ирандын Тбилисидеги элчилигинин алдына Грузияда бозгунда жүргөн ондогон ирандыктар нааразылык акциясына чыгышып, президент Хасан Роуханинин кызматтан кетишин талап кылышты. 3-январдагы митингдин катышуучулары Ирандын бийлигин демократиялык реформаларды жүргүзүүгө жана дин эркиндигин камсыз кылууга үндөштү. Грузияда жашаган ирандыктардын көбү христиан динин карманышаарын, алар Иранда "Революция сакчылары кеңеши" тарабынан куугунтукталгандыктан чет өлкөгө чыгып кетүүгө аргасыз болушканын айтышат. Читать дальше...
Түндүк Кореянын лидери 1-январда элге болгон кайрылуусу учурунда өлкөнүн спортчулары кышкы олимпиадага катышуусу мүмкүндүгүн айткан
Тажикстандын атайын кызматы Дүйшөмбүнүн түрмөлөрүнөн тажик-ооган чек арасы аркылуу баңгизат транзитин көзөмөлдөгөн соттолгон кишилердин тобун аныктады. Иликтөө менен тааныш расмий өкүлдөр "Азаттыктын" тажик кызматына билдиришкендей, эки тажик, бир ооган жаранынан турган бул топ өткөн айда Тажикстандын чек арачылары менен кагылышкан ооган аткезчилери менен байланышта болушкан. Аларга жаңы кылмыш иши козголду. Куралдуу кагылышуу 2-декабрда Шамсиддин Шохин районунун тоолуу Навобод аймагында болгон. Читать дальше...
Тажикстандын атайын кызматы Душанбе түрмөлөрүнөн тажик-ооган чек арасы аркылуу маңзат транзитин көзөмөлдөгөн соттолгон кишилердин тобун аныктады. Иликтөө менен тааныш расмий өкүлдөр "Азаттыктын" тажик кызматына билдиришкендей, эки тажик, бир ооган жаранынан турган бул топ өткөн айда Тажикстандын чек арачылары менен кагылышкан ооган аткезчилери менен байланышта болушкан. Аларга жаңы кылмыш иши козголду. Куралдуу кагылышуу 2-декабрда Шамсиддин Шохин районунун тоолуу Навобод аймагында болгон. Он... Читать дальше...
Кыргызстанда Мамлекеттик ипотекалык компания быйылтан тартып бюджеттен каржыланбаган мекеме-ишканалардын кызматкерлерине да турак жай алганга насыя бере баштайт.
Грузиянын мурдагы президенти, Украинадагы "Жаңы күчтөр кыймылынын" лидери Михаил Саакашвили Киевдеги сотто ага каршы колдонулган далилдерди даярдап чыгууга катышкан деп Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматын (ФСБ) күнөөлөдү. Ал мындай оюн 3-январда Киевде өткөн соттук териштирүүдөн кийин журналисттерге билдирди. Шаршембиде прокурорлор Саакашвилини Украинанын коопсуздук кызматынын суроолоруна жооп берүүдөн баш тартканы үчүн үй камагына алууну соттон өтүнүштү. Судьялар бул өтүнүч боюнча кандайдыр... Читать дальше...
Кыргызстанда чакан насыясын төлөй албай жүргөндөрдүн карызы 12 миллиард сомго жетти. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, былтыркы жылдын 1-октябрына карата карыз акчанын жалпы суммасы 11 миллиард 896 миллион сомду түздү. Эң көп карыз Бишкек шаарында (25,2%), Ош (18,7%), Чүй (16,1%) жана Жалал-Абад (11,1%) облустарында. Ал арада өлкөдө чакан насыя алган жарандар көбөйүп жатканы да белгилүү болду. Маселен, былтыр насыя алуучулар мурдагы жылга салыштырганда 38 миң адамга көп катталды. Читать дальше...
Сирияда Орусиянын аскердик тик учагы кыйрап, ичиндеги эки учкучу тең мерт болду. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги 3-январда кабарлады. Маалыматка караганда, Ми-24 тик учагы 31-декабрда Хама шаарындагы Хама аскердик аба базасына учуп бара жатканда "техникалык мүчүлүштүктөн" улам кырсыкка учураган. Министрлик тик учак Сириядагы оппозициялык күчтөрдүн же исламчыл жоочулардын чабуулуна кабылбаганын белгиледи. Ми-24 - аскердик операцияларда көп максатта колдонулган эки моторлуу тик учак. Читать дальше...
Ирандын бир катар шаарларында өкмөттү колдогон миңдеген адамдар көчө жүрүшүнө чыгышты. Өлкөнүн англис тилинде берүүлөрдү чыгарган "Пресс ТВ" мамлекеттик телеканалы 3-январда Ирандын желегин жана өкмөттү жактаган плакаттарды көтөргөн демонстранттардын жүрүшүн түз алып көрсөттү. Мындай акциялар Ахвас, Керманшах жана Горган шаарларында да өткөнү белгилүү болду. Өкмөттү колдогон бул митингдер Ирандын бир катар аймактарындагы бийликти сындаган нааразылык акцияларынын алтынчы күнүндө өтүп жатат. 28-декабрда... Читать дальше...
Чет жактарга чыгып эс алган кыргызстандыктардын саны өсүүдө. Бул тууралуу бүгүн "Азаттык” радиосуна Кыргызстандын Туризм ассоциациясынын жетекчилер кеңешинин төрагасы Талант Токталиев билдирди. Анын айтымында, соңку бир жыл ичинде чет өлкөгө барып эс алып келгендердин саны 20-30% көбөйдү. Негизинен Египет, Түркия, Араб өлкөлөрүнө, Таиландга жана Европа мамлекеттерине, жада калса алыскы аралдарга каттагандар да бар: - Доминикана, Сейшелге барышат. Мальдив аралдарына, Шри-Ланкага да каттап жатышат, - дейт Токталиев. Читать дальше...
Чет өлкөлөргө чыгып эс алган кыргызстандыктар көбөйүүдө. Бул тууралуу бүгүн "Азаттык” радиосуна Кыргызстандын Туризм ассоциациясынын жетекчилер кеңешинин төрагасы Талант Токталиев билдирди. Анын айтымында, соңку бир жыл ичинде чет өлкөгө барып эс алып келгендер 20-30% арбыды. Негизинен Египетке, Түркияга, араб өлкөлөрүнө, Таиландга жана Европа мамлекеттерине, жада калса алыскы аралдарга каттагандар да бар: - Доминикана, Сейшелге барышат. Мальдив аралдарына, Шри-Ланкага да каттап жатышат, - дейт Токталиев. Читать дальше...
Ашхабад аэропортунда бажы кызматкерлери жүргүнчүлөрдүн кол баштыктарын мажбурлап текшерип, дары-дармектерин алып коюуда. "Кышкы эс алууга Беларустан келе жатканда Ашхабад аэропортунда мени бажы кызматкерлери чакырып, баштыгымды аңтарышты. Анда апамдын жүрөк оорусу үчүн «Корвалол», «Валидол», баш оору үчүн «Цитрамон» менен «Парацетамол» бар болчу. Дарыкананын чеги дагы бар эле. Ага карабай, протокол түзүп, айыппул салабыз деп коркутуп, дарыларды алып коюшту", – деди Беларустагы жогорку окуу жайлардын биринде окуган студент. Читать дальше...
"Ыйман, адеп жана маданият жылы" деп жарыяланган 2017-жылдын жыйынтыгы кандай болду? “Азаттык” узаган жылда маданият тармагындагы маанилүү окуялардын топтомун сунуш кылат.
АКШ президенти Доналд Трамп өлкөнүн өзөктүк баскычы Түндүк Кореяныкынан «кыйла чоң жана кубаттуу» деп билдирди. Ал бул тууралуу Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын өзөктүк курал жөнүндөгү билдирүүсүнө жооп кылып, Твиттер баракчасына жазды. «Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын «өзөктүк баскыч дайыма үстөлүнүн үстүндө" экенин билдирди. Анын ачарчылык каптаган режиминдеги бирөө-жарым менде дагы өзөктүк баскыч бар экенин, бирок ал кыйла чоң жана кубаттуу экенин ага билдирип коё алабы", -деп жазды Трамп. Читать дальше...
Европа лидерлери Ирандагы жыйырмадан ашык демонстранттын өмүрүн алган окуяларды айыптап, Тегеранды тынч митингчилерге өз нааразылыгын эркин билдирүүсүнө уруксат берүүгө үндөдү. Француз президенти Эммануэл Макрон 2-январда Ирандын президенти Хасан Роуханиге телефон чалып, митингдерде адам өмүрү кыйылып жатканына тынчсыздануусун билдиргенин анын кеңсеси кабарлады. Ирандын президенттик администрациясы билдиргендей, Роухани бул сүйлөшүүдө Макронду баш кеңсеси Парижде жайгашкан "Мужахедин е-Халк"... Читать дальше...
Жаш акын Максат Жангазиев “Адабияттагы мыкты чыгарма” номинациясы боюнча Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгына ээ болду. Бул жолу сынактын катышуучулары 11 номинация боюнча ат салышкан. Эки жылда бир жолу өтө турган сынакка 35 жашка чейинки чыгармачыл адамдар катыша алат. Жеңүүчүлөр диплом, төш белги жана 100 миң сом менен сыйланат.
Түндүк Корея эки жылдан кийин коңшусу Түштүк Корея менен демилитаризация аймагындагы жабык байланыш каналын кайра ачты. Расмий Пхеньян Пханмунджом айылындагы коммуникация каналын калыбына келтирүү боюнча чечимди Түштүк Корея Түндүк Кореяга жогорку деңгээлдеги сүйлөшүү өткөрүүнү сунуш кылгандан кийин кабыл алды. 2-январда расмий Сеул Түндүк Кореянын февраль айында Түштүк Кореяда өтүүчү кышкы Олимпиадага катышуусу боюнча сүйлөшүүнү сунуш кылган. Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өз өлкөсү кышкы... Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.