Мамдепартамент “Мемориалдын” Чеченстандагы жетекчисин бошотууну талап кылды
Кошмо Штаттар Чеченстанда кармалган укук коргоочу Оюб Титиевдин тагдырына тынчсыздануу менен орус бийликтерин анын укугун бузбай, тезинен бошотууга үндөдү. Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө Титаев камакта калса, өмүрүнө коркунуч жаралышы мүмкүн деген кооптонуу айтылат. «Мемориал» укук коргоо борборунун Чеченстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Оюб Титиев шейшембиде жолдо бараткан жеринен кармалып, Курчаловск райондук милиция бөлүмүнө жеткирилген. Бир нече саат бою ага адвокатын киргизбей коюшкан. Читать дальше...