Назарбаев жылдык кайрылуусунун көрнөгүн жарыялады
Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев «атайын билдирүү менен» мамлекеттик сыналгы каналдардан чыгып сүйлөдү. Тактап айтканда, президент 10-январда расмий маалымат каражаттарына чыга турган жылдык кайрылуусунун кыскача мазмунун алдын-ала көрнөктөдү. Анда Назарбаев өлкөнүн дүйнөнүн алдыңкы 30 мамлекетинин катарына кирүүсү үчүн талап кылынган 10 максатты атады. Мисалы, ал жаңы технологияларды өнүктүрүү, ресурстарды пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу, коррупцияга каршы күрөш өңдүү маселелерди сөз кылды. Читать дальше...