Рим Папасы Сирия, Корея, Иерусалим боюнча кайрылуу жасады
Рим Папасы Франциск жылдык кайрылуусунда дүйнө өлкөлөрүн Корей жарым аралында жана Сирияда ишенимди калыбына келтирүү үчүн бирдиктүү аракеттерди жасоого чакырды. "Учурдагы талаштарды чечүү жолун таап, эки тараптуу ишенимди өнүктүрүп, корей жана дүйнө элинин тынч келечегин камсыздоо үчүн Корей жарым аралындагы кандай гана сүйлөшүү аракеттери болбосун колдоо өтө маанилүү", деди понтифик 180 өлкөнүн элчилеринин алдында сүйлөгөн сөзүндө. Түндүк Кореянын өзөктүк жана баллистикалык сыноолорунан улам өткөн жылы аймакта абал өзгөчө чыңалды. Читать дальше...