Трамп: санкциялар Түндүк Кореяга күчтүү таасирин тийгизе баштады
АКШ президенти Дональд Трамп бүгүн мындай пикирин "Твиттердеги" баракчасы аркылуу билдирди. Трамптын 2-январда жазгандарына караганда, “санкциялар жана башка басымдар Түндүк Кореяга күчтүү таасирин тийгизе баштады. "Ракета киши" биринчи ирет Түштүк Корея менен сүйлөшүүнү каалап жатат. Балким бул жакшы жаңылык, балким андай эмес”. Америкалык президенттин бул сөздөрү алдында Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын 1-январдагы жаңы жылдык кайрылуусунда өз өлкөсүнүн делегациясын Кышкы Олимпиадага жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн ишара кылган эле. Читать дальше...