Lactalis бактериядан кооптонуп балдар продукциясын сатыктан алды
Франциялык Lactalis компаниясы чыгарган балдар үчүн продукцияда сальмонелланын бактериясы табылгандан кийин кургак сүттүн 12 миллиондон ашуун кутусу 83 өлкөдө сатыктан алынды. Бактерия былтыр жыл этегинде Франциядагы заводдордун биринде аныкталган. Бир нече ата-эне балдары өздөрүн жаман сезгенден кийин компанияга каршы арыз беришти. Lactalis – дүйнөдөгү эң ири өндүрүүчүлөрдүн бири, сооданын көлөмү жылына 17 миллиард еврону түзөт. Сальмонелла өзгөчө ымыркайлар үчүн кооптуу болушу мүмкүн. Компаниянын... Читать дальше...