Oxfam: Дүйнөдө жалпы байлыктын 80%ына марыгандар - болгону 1% байлар
Дүйнөдө 2017-жылы жаралган байлыктын ар 5 долларынын 4ү жалпы калктын бир гана пайызын түзгөн "чириген" байлардын капчыгын марытты. Дүйнө калкынын жарымынан көбү былтыр куру жалак калды. Oxfam уюму мындай бүтүмүн Давостогу дүйнөлүк экономикалык форумдун ачылышын утурлай жарыялады.