Бабановдун ордуна Дюшалиев депутат болот
Мандатынан ажыратылган Өмүрбек Бабановдун ордуна Абдыбек Дюшалиев депутат болот. Бул тууралуу БШКнын шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүм башчысы Айбек Өмүралиев “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, “Республика - Ата-Жрут” партиясынын тизмеси боюнча кезекте Дюшалиев турат. Аталган партиянын шайлоо алдындагы тизмеси боюнча ал 73-орунда болчу.
Абдыбек Дюшалиев 56 жашта. Ал буга чейин Автотранспортторду каттоо депатаментинин директору болум иштеген.
19-январда БШК “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабановду Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажыраткан. Ага чейин Бабанов өз эрки менен мандатынан баш тартуу боюнча арыз жазган эле.
Башкы прокуратура 4-ноябрда "Республика-Ата-Журт" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабановго карата Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренесинин биринчи бөлүгү ("Конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга ачык чакыруу"), 299-берененин биринчи бөлүгү ("Улут аралык, расалык жана диний кастыкты козутуу") боюнча иш козгоп, УКМКга өткөрүп бергенин жарыялаган. Бабанов муну жалган жалаа деп билдирген. Ага чейин Бабановдун чет өлкөгө дарыланганы чыгып кеткени айтылган.
Ал эми жаңы жыл алдында Өмүрбек Бабанов депутаттык мандатын тапшырып, саясаттан кетерин жарыялаган. (UEz)