Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Январь
2018

Новости за 20.01.2018

Сот реформасын эске салган сот чечими

Azattyk.org 

Уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү катары башында 18 жылга соттолгон Чыңгыз Жумагуловдун эки жылга жетпей абактан мөөнөтүнөн мурда чыгарылышы сотторго карата сын пикирлердин жаңы толкунун пайда кылды.

Бишкекте аялдардын укугун коргоого арналган жүрүш өттү

Azattyk.org 

Иш-чараны "Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо кыймылы уюштуруп, ага аталган уюмдун жаш волонтерлору катышты. Жүрүш Бишкектеги Уркуя Салиеванын эстелигинин жанынан башталып,  Ала-Тоо аянтында аяктады. Катышуучулар "Аялдардын укуктары - адам укуктары!", "Биз көп аял алууга каршыбыз!", "Эрте никеге жол жок!" деген чакырыктарды жасашты. Акциянын максаты - эрте никеге, кыз уурдоого, көп аял алууга, педофилияга, үй-бүлөлүк жана сексуалдык зомбулукка, жумуштагы гендердик теңсиздикке, кулчулукка мажбурлоого... Читать дальше...



Жаш лидерлер аялдардын укуктарын коргоп чыкты

Azattyk.org 

Бүгүн "Бир Дүйнө Кыргызстан" кыймылынын жаш ыктыярчы лидерлери Кыргызстандагы аялдардын укуктарын коргоого арналган тынч марш өткөрдү. Бул иш-чара эрте никеге, кыз уурдоого, көп аял алууга, педофилияга, үй-бүлөлүк жана сексуалдык зомбулукка, кулчулукка мажбурлоого жана адамдарды сатуу өңдүү көрүнүштөргө каршы өттү.

Суукта жүрүп калган балдардын энесин укуктан ажыратуу маселеси каралууда

Azattyk.org 

Нарын облусунун Ат-Башы районунда көчөдө жүрүп, үшүп калган наристелердин апасын энелик укуктан ажыратуу маселесин атайын комиссия карап жатат. Бул тууралуу район акиминин орун басары Ажар Дүйшөналиева билдирди.   Анын айтымында, 12-январда кечке жуук бактын арасында үшүп отурган эки баланы милиция кызматкерлери көрүп, аймактык ооруканага алып барышкан. Жети жана беш жаштагы балдар Ат-Башыга жакын жайгашкан Ача-Кайыңды айылынан келген. Алардын ата энеси ажырашып кеткени, апасы таенесинин колуна таштап, Бишкекке иштегени келгени ачыкка чыккан.

Бишкекте таңдайы жок төрөлгөн 350 балага операция жасалды

Azattyk.org 

2017-жылы Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун бет-жаак хирургиясы бөлүмүндө таңдай, ооз кемтиги менен төрөлгөн 350 балага операция жасалган. Аталган бөлүмдүн башкы дарыгери Алтынбек Мамыралиев тубаса жаак жана ооз кемтигине энелердин кош бойлуу кездеги жугуштуу оорулары, начар экология жана оор социалдык шарттар себеп болуп жатканын "Азаттык" радиосуна билдирди. Таңдай, ооз кемтиги менен төрөлгөндөргө медициналык тейлөө акысыз болушу керек. Операция толугу менен мамлекеттин эсебинен жасалат. Читать дальше...

21-январдын аба ырайы

Azattyk.org 

Кыргызстанда 21-январда кар жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын табы:  Чүйдө түнкүсүн -3...-8, күндүз 4...9; Таласта түнкүсүн -3...-8, күндүз 4...9; Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -3...+2, 6...11; Баткенде түнкүсүн -3...+2, күндүз 6...11; Ысык-Көлдө түнкүсүн -2...-7, күндүз 2...7; Нарын облусунда түнкүсүн -14...-19, күндүз -3...-8 градус төмөндөйт. 21-январда Бишкек шаарында күн ачык болот. Абанын табы түнкүсүн 0...2... Читать дальше...

АКШ сенаты бюджет долбоорун беките алган жок

Azattyk.org 

Американын Конгрессинин Жогорку палатасы бюджет тууралуу мыйзам долбоорун бекиткен жок, көптөгөн мамлекеттик мекемелер убактылуу жабылды. Алар расмий түрдө ишембиге караган түнү ишин токтотту жана качан кайра иштей баштаары азырынча белгисиз.  Сенаттын эрежеси боюнча кандай гана каржылык мыйзам долбоору болбосун 60 добушка ээ болушу керек. Ал эми бюджет долбоору 51 гана добуш алды. 44 демократ жана төрт республикачыл сенатор "каршы" добуш беришти.  Демократтар республикачыларды АКШда көбөйүп... Читать дальше...



Тереза Мэй: Brexit боюнча кайра референдум өтпөйт

Azattyk.org 

Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Евросоюздан чыгуу аракетинен баш тартуу тууралуу сунуштарды четке какты. Мэй 20-январда германиялык Bild гезитине чыккан маегинде Brexit боюнча экинчи референдум болбой турганын билдирди.  Анын айтымында, Британиянын парламенти бул маселени жарандардын тандоосуна коюп, эл өзү чечим кабыл алды.  Ошол эле маалда британ премьери өз өлкөсү коргоо, коопсуздук жана башка тармактарда Европа менен кызматташтыкты улантарын кошумчалады.  - Биз Евросоюздан чыгып жатабыз, бирок Европадан эмес, - деди ал. Читать дальше...

Кайыпов: Түркия Жумгалга эт комбинатын курат

Azattyk.org 

Түркиянын каржылоосу менен Нарын облусунун Жумгал районуна көмүрдү брикеттөө, этти кайра иштетүү комбинаттарын, кымызды экспорттоо жана жүндү кайра иштетүү ишканаларын куруу пландалууда. Бул тууралуу өкмөттүн Нарындагы өкүлү Аманбай Кайыпов билдирди. Ал 11-январда Түркиянын Кастамону жана Анкара шаарынын Этимесгут райондоруна иш сапары менен барып, бийлик өкүлдөрү, ишкерлер менен экономикалык-социалдык багытта кызматташуу боюнча сүйлөшүп келген. Түркия тарап аталган ишканаларды ачууга кызыкдарлыгын маалымдап... Читать дальше...

Миллион сомдук даараткана иштебей турат

Azattyk.org 

Талас шаарынын борбордук паркында бир миллион сомдон ашык каражатка курулган даараткананын эшиги эки жылдан бери ачылбай турат. Шаар башчысынын айтымында, ага эс алуучулардын жакын арада кириши да күмөн.

Карашев: Парламент мөөнөтүнөн мурда тарабаш керек

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөтүнүн аягына чейин ишин алпарышы керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясынан депутат Аалы Карашев “Азаттыкка” маегинде билдирди. Маектин жүрүшүндө парламенттин жана өкмөттүн ишмердиги, эл өкүлүнүн дарегине айтылган сын-пикирлер, жарандардын пенсияга чыгышын жеңилдетүү боюнча Аалы Карашев иштеп чыккан мыйзам долбоор боюнча сөз болду.

Чүйдө 42 жаштагы аял төрөттөн кийин эсине келбей каза болду

Azattyk.org 

Чүй облустук төрөт үйүндө операция жолу менен төрөгөндөн кийин абалы оорлоп кеткен аял эсине келбей каза тапты.  Саламаттык сактоо министрлигинен "Азаттык" радиосуна билдиришкендей, 20-январдагы аялдын өлүмүнүн себеби териштириле баштады.   Маалыматка караганда, Токмок шаарынын 42 жаштагы тургуну Роза Жусубалиеванын абалы оор деген дарыгерлер аны 15-январда операция жолу менен төрөтүшкөн. Бирок төрөт маалында келин анафилаксия абалына түшүп, эсине келбей жатып көз жумган. Ымыркай 2 килограмм 800 грамм салмакта төрөлгөн... Читать дальше...

Орусиядан уурдалган кымбат баалуу 45 машине Кыргызстандан табылды

Azattyk.org 

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстандан табылган кымбат баалуу 45 автоунаа Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттерден жоголгон.   Арасында Lexus, Toyota, Mercedes-Benz үлгүсүндөгү жол тандабастар, кроссоверлер, Toyota, Mercedes-Benz, Volkswagen үлгүсүндөгү седан кузову менен чыгарылган машинелер бар. Алардын 82 пайызынын  VIN-коду өзгөртүлгөнү аныкталды.  ИИМ автоунаалар качан кармалганын тактаган жок. Машине уурдоо жана аларды Кыргызстанда легалдаштыруу боюнча... Читать дальше...

"Лейлек булбулу" Абдирайим Шама: "Байлоодо канатым жок, башым туткун"

Azattyk.org 

Сталинизм доорунда жазыксыз куугунтукталгандар жөнүндөгү түрмөктүн кезектеги чыгарылышы 1933-45-жж. ак жерден абакта кармалган кыргыздын насаатчы акыны жана агартуучусу, "лейлек булбулу" атыккан Абдырайим Шама уулу (Шаматов; 1892–1953) тууралуу болмокчу.

Түркияда бааланган кыргыз окутуучулары

Azattyk.org 

Түркияда жалпысынан 183 университетте үч миңге жакын чет өлкөлүк агартуучу эмгектенет. Алардын арасында кыргызстандык 46 улук окутуучу түрк жогорку окуу жайларында сабак берет. Илимдин эки профессору, беш доцент жана ондогон илимий кызматкерлер гуманитардык, инженердик жана медициналык факультеттердин мугалимдик курамын түзүүгө көмөк көрсөтүп келишет.

"Таза суу" долбоорунда алешемдиктерге жол бергендер жоопко тартылган эмес

Azattyk.org 

Кыргызстандагы айылдарды ичүүчү суу  менен камсыздоо боюнча "Таза суу" долбоорунда кемчиликтерди кетирген бир да ишкана, мекеме же жаран жоопко тартыла элек. Бул тууралуу Архитектура, курулуш, турак жай, коммуналдык чарба агенттигине караштуу Таза суу менен камсыздоо департаментинин башчысы Аскарбек Токтошев "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, аталган долбоордун ​биринчи этабында долбоорчулардан, курулушчулардан баштап кетирилген кемчиликтер көп болду. - Жерине барбай туруп долбоор чийип койгон... Читать дальше...

Кыргызстанда эки күндө он бир өрт катталды

Azattyk.org 

Өткөн эки сутка ичинде Кыргызстанда он бир өрт кырсыгы болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Бишкек шаарында, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында экиден, Ош шаарында, Ош жана Нарын облустарында бирден өрт катталды. Чүй облусунун Камышановка айылында өрттөнүп кеткен үйдөн анын ээсинин сөөгү табылды.   Сокулук районунун Төмөнкү Чүй айылында бала бакчанын экинчи кабатынан өрт чыккан. Азыр тилсиз жоонун себептери такталууда.


Музыкальные новости
Сергей Шнуров

Mash: лидер «Ленинграда» Шнуров задолжал налоговой больше 4,5 млн рублей





Персональные новости
Арцах

Звезды спорта. Кто они такие и почему их так называют?





Кыргызстан бир жылда 19 миң килограммдан ашык алтын экспорттоду 

Azattyk.org 

Кыргызстан 2017-жылы 19 миң 853 килограмм алтын экспорттоду. Каржы министрлигине караштуу Баалуу таштар департаменти билдиргендей, былтыр күмүштүн экспорту 17 тоннадан ашты. Кыргызстандын алтынын негизинен Швейцария сатып алат жана ал өлкөнүн башкы соода өнөктөштөрүнүн арасында төртүнчү орунда турат.    Өткөн жылдын он айынын жыйынтыгы боюнча эки мамлекеттин ортосундагы товар жүгүртүү 490 миллион долларга жеткен. Анын негизги бөлүгүн Кыргызстанда өндүрүлгөн алтын экспорту түзгөн. Кыргызстандагы... Читать дальше...

Москва Жогорку Рада кабыл алган мыйзамга нааразы

Azattyk.org 

Кремль Украина парламенти кабыл алган жаңы мыйзам Донбасстагы кырдаалды жөнгө салууга багытталган Минск келишимдерин биротоло жок кылды, кошуна өлкө согушка даярданууда деп сындады. Бейшембиде Жогорку Рада көпчүлүк добуш менен жактырган Донбасстын реинтеграциясы жөнүндө мыйзамда Орусия "агрессор", ал эми москвачыл жикчилдер ээлеп алган жерлер “убактылуу оккупацияланган аймактар” деп аталган.

Конституциялык сот Навальныйдын арызын кароодон баш тартты

Azattyk.org 

Орусиянын Конституциялык соту оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын доо арызын кароодон баш тартты. Бул тууралуу маалымат 18-январда Конституциялык соттун сайтына жарыяланды. Навальный буга чейинки инстанциялар өзүнүн президенттик шайлоого катышуусуна тыюу салынгандан кийин Конституциялык сотко кайрылган. Чечим  арыз берилгенден кийин үч күндүн ичинде кабыл алынды. Навальныйдын Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун юристи Иван Жданов буга чейин президент Владимир Путин Крымды Орусиянын курамына кошуу боюнча кайрылганда... Читать дальше...

"Таза суунун" ордуна "Ала-Тоо булагы"

Azattyk.org 

Кыргызстанда "Таза суу" долбоорунун ордуна "Ала-Тоо булагы" деп аталган жаңы долбоор ишке кирди. Өкмөттүн билдиришинче, долбоордун алкагында ондогон айылдар ичүүчү суу менен камсыздалат.

Милиция кызматкеринин өлүмүнө шектүүнүн жубайы бийликке кайрылды

Azattyk.org 

Ошто "милиция кызматкерин өлтүрдү" деп шектелген Дамир Шабыралиевдин жубайы Наргиза Ражапова укук коргоо органдарынан өзү жана үй-бүлөсү кыйноо көргөнүн айтып чыкты. Ал өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн укуктарын коргоп берүү өтүнүчү менен президентке, башкы прокурорго, Жогорку Кеңештин спикерине кайрылуу жиберди. ​Ражапова "Азаттык" радиосуна үй-бүлөсү милиционердин өлүмүнө тиешеси жок экенин, кыйноо жөнүндө ачык айтып чыкканы үчүн өзүнө ар кандай жалаа жабуу аракети көрүлүп жатканын билдирди: - Былтыркы... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Брянские парапланеристы завоевали три медали на чемпионате ЦФО


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Даниил Медведев

Без защиты: как Медведев и Хачанов проиграли свои матчи в Риме


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Клиенты Инго Экосистемы стали больше путешествовать за ингорубли





Путин в России и мире
Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о госполитике в области исторического просвещения


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Джиган

Улитки на обед, номер за полмиллиона с видом на Эйфелеву башню: отпуск мечты Самойловой и Джигана в Париже



Москва

​Еда не приходит одна. ТОП кафе и ресторанов, которые планируется открыть в Перми

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net