Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Январь
2018

Новости за 31.01.2018

Спорт соту Орусия боюнча чечимин жарыялайт

Azattyk.org 

Спорт боюнча Арбитраждык сот Орусиянын 39 атлетинин арызына жообун 1-февралда Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарынан жарыялайт.  Сотко 2014-жылы Сочи оюндарында допинг колдонгону үчүн Олимпиададан өмүр боюу четтетилген 43 спортчу кайрылган. Алардын үчөөнүн арызы кийинчерээк каралмакчы. Сот орусиялыктардын арыздарын Женева шаарында 22-январда карай баштаган. Москвадагы допинге каршы лабораториянын мурдагы башчысы, Орусиядан качып кеткен Григорий Родченков жана Дүйнөлүк допингге каршы агенттиктин... Читать дальше...

Рустам Иноятов Мирзиёевдин кеңешчилигине дайындалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча кызматтын башчылыгынан 31-январда бошотулган Рустам Иноятов кайра Шавкат Мирзиёевдин саясий-укуктук  маселелер боюнча мамлекеттик кеңешчилигине дайындалганын өзбек президентинин басма сөз кызматы билдирди. Иноятов атайын кызматтын башчылыгынан кеткенин президент Шавкат Мирзиёев 31-январда өзү жарыялаган. Ал бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча кызматтын жана Башкы прокуратуранын жыйындарында билдирген. Өзбекстандын мамлекеттик УзА агенттигинин кабарына караганда... Читать дальше...

Роухани: Ирандын лидери элдин үнүн угушу керек

Azattyk.org 

Президент Хасан Роухани бул тууралуу 31-январда билдирди. Анын айтымында, тышкы басымга карабай Ирандын эли диний истеблишментти колдоону улантууда, бирок “бийлик адамдарынын баары элдин талаптары менен каалоосун угушу керек”. “Иран эли имам Хомейнинин мурасынан эч убакта баш тарпайт. Адамдар исламды, өз Иранын сүйүп, улуттук биримдигин коргогон учурда эч бир супер держава бул элдин багытын өзгөртө албайт”,- деди Роухани имам Хомейнинин күмбөзүнө барганда. Ал “супер держава” дегенде Кошмо Штаттарды эске алды. Читать дальше...



Роухани: Ирандын лидерлери элдин үнүн угушу керек

Azattyk.org 

Президент Хасан Роухани бул тууралуу 31-январда билдирди. Анын айтымында, тышкы басымга карабай Ирандын эли диний истеблишментти колдоону улантууда, бирок “бийлик адамдарынын баары элдин талаптары менен каалоосун угушу керек”. “Иран эли имам Хомейнинин мурасынан эч убакта баш тарпайт. Адамдар исламды, өз Иранын сүйүп, улуттук биримдигин коргогон учурда эч бир супер держава бул элдин багытын өзгөртө албайт”,- деди Роухани имам Хомейнинин күмбөзүнө барганда. Ал “супер держава” дегенде Кошмо Штаттарды эске алды. Читать дальше...

Шаарды өксүткөн жылуулук

Azattyk.org 

Бишкек жылуулук борборундагы өндүрүштүк кырсыктын айынан шаардыктар 26-январдан тарта бүгүнкү күнгө чейин жылуулуктан өксүп келе жатышат. Өзгөчө суук күндөрү орун алган бул окуя бүгүн парламентте талкууланып, анын себептери боюнча өкмөт коомчулукка так жооп бере алган жок. "Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасы ушул маселени талкуулады. Студиянын бүгүнкү коноктору - “Электр станциялар” ишканасынын жетектөөчү адиси Каныбек Оморов жана Энергетика боюнча эл аралык эксперт Жаныбек Оморов болушту.

Ала-Арча суусу ташып, үч үйдү каптады

Azattyk.org 

Бишкекте 31-январда Ала-Арча дарыясындагы суусу нугунан чыгып, Муратбек Рыскулов көчөсүндөгү үч үйдүн короосун каптаганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги "Азаттык" радиосуна билдирди.

Журналист Алишер Саиповго Сахаров сыйлыгы ыйгарылды

Azattyk.org 

Маркум журналист Алишер Саиповго Андрей Сахаров атындагы "Эрдик үчүн" ордени ыйгарылды. Сыйлык тапшыруу аземи 31-январда Москвада өттү. 26 жаштагы Алишер Саиповду 2007-жылдын 24-октябрында белгисиз бирөөлөр Ошто атып кетишкен. Кылмыштын бети эмгиче ачыла элек. Алишер Саипов "Voice of Ameriсa", "RFE/RL-Ozodlik", BBC, "Mashhad" радиолору, "Фергана.Ру" маалымат агенттиги менен кызматташып, Фергана өрөөнүндө болуп жаткан саясий, диний, коопсуздук, адам укуктары багытындагы окуяларды талдап, чагылдырган. Читать дальше...



Москвадагы бизнес борборунда ок атылды

Azattyk.org 

Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары билдирүүдө. “Интерфакс” жана РИА агенттиктеринин кабарларына караганда, ок атуу Москванын түштүк-чыгыш бөлүгүндө жайгашкан “Святогор” бизнес борборунда болду. Кабарларда атышуудан бир нече киши жарадар болгону, окуя болгон жерге дарыгерлер, тергөө тобу барганы да айтылууда.  ТАСС агенттиги бизнес борборунда белгисиз адамдар ок атып, ишкерге кол салганын маалымдады. (UE)

Бишкек ЖЭБиндеги кырдаалды депутаттык комиссия иликтейт

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш Бишкек Жылуулук электр борборундагы авариянын себептерин иликтей турган атайын комиссия түздү. 12 депутаттан турган комиссия бир ай ичинде борборду модернизациялоого кеткен 386 млн. доллардын чоо-жайын да иликтейт. Бул топко КСДПдан төрт, “Республика – Ата Журттан” үч, “Кыргызстандан” эки, “Өнүгүү-Прогресс”, “Ата Мекен” менен “Бир болдон” бирден эл өкүлү кирди. - "Комиссияга керектүү шарт түзүп бериш керек, жарандык коомдун өкүлдөрүн кошуш керек, адистерди чакырыш керек" деген талаптар... Читать дальше...

Бишкекте Ала-Арча суусу ташкындап, үч үйдүн короосун каптады

Azattyk.org 

Бишкекте 31-январда Ала-Арча дарыясындагы суунун деңгээли кескин көтөрүлүп, Муратбек Рыскулов көчөсүндөгү үч үйдүн короосун каптаганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги "Азаттык" радиосуна билдирди.  Маалыматка караганда, 28-январда Бишкектин Биринчи май районундагы Абдылас Малдыбаев көчөсүндөгү “Илим” мектебинин тушунда Ала-Арча суусу тоңуп, муз катмары пайда болгон. Натыйжада суу жээктен ашып, жолду каптап кеткен. Ала-Арча суусу менен катар Аламүдүн дарыясын муздан тазалоо иштери уланууда.  Окуяга... Читать дальше...

ЖЭБдеги кырдаалдан улам эки жетекчи иштен алынмай болду

Azattyk.org 

Премьер-министр Сапар Исаков «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун жетекчисинин биринчи орун басары Бердибек Боркоевдин жана Бишкек Жылуулук электр борборунун директору Нурлан Өмүркул уулунун ээлеген кызматына байланышкан маселени карап чыгууну «Улуттук энергохолдинг» компаниясына тапшырды. Бул тууралуу Исаков парламенттин 31-январдагы сессиясында билдирди. Анын айтымында, жылуулукту калыбына келтирүү боюнча ыкчам штабдын демилгеси менен кырдаалдын себептерин иликтеген өкмөттүк комиссия түзүлүп жатат. Читать дальше...

Абактагы үч саясатчы Сегизбаевдин кызматтан кетишин талап кылууда

Azattyk.org 

"Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деп айыпталган саясатчылар Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков жана Кубанычбек Кадыров кыргызстандыктарга жана Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу кабыл алышты. Кайрылууда өлкөдө саясий кризис курчуп жатканы, буга соңку эки жылда оппозициялык саясатчыларды камоо себеп болуп жатканы белгиленген. Мындан сырткары, саясатчылардын кайрылуусунда УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаев “Белизгейт” боюнча далилдерди көрсөтө албаганы, өздөрү да далилсиз соттолуп жатканы айтылган. Читать дальше...

Өзбек чек арачылары аткан октон жараланган жаран Кыргызстанга өткөрүлдү

Azattyk.org 

Өзбекстандын чек арачылары аткан октон жарадар болгон жаран Кыргызстанга өткөрүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун тургуну ​Асан Үсөнбаевди чек арачылар, туугандары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү 31-январда Кара-Суу районундагы “Достук” бекетинен өткөрүп алышты. Ал дароо эле Ош облустук ооруканасына жеткирилди, жакындарынын чечими менен бүгүн Бишкекке келет. Чек ара кызматынын маалыматына караганда, анын абалы канааттандырарлык. Читать дальше...

Мамыров: Көп өлкөлөр ЖЭБден баш тартууда

Azattyk.org 

60 жыл мурун курулган Бишкек ЖЭБинин эскилиги жетти. Учурда дүйнөдө борборлоштурулган жылуулук системасы колдонуудан чыгып, үйлөр жекече жылытууга өтүп жаткан чагы. Кыргызстан да калкты жылуулук менен камсыз кылуунун өлкө шартына ылайык заманбап ыкмаларын иштеп чыгышы зарыл. Бул тууралуу “Азаттыкка” энергетика жана жылуулук боюнча серепчи Райымбек Мамыров айтып берди.

Ооганстан: жер титирөөнүн курмандыктарынын саны такталууда

Azattyk.org 

АКШнын Геологиялык кызматы билдиргендей, Ооганстандын Гиндукуш тоо кыркаларында болгон жер титирөөнүн күчү кеминде 6,1 балл болду. Анын күчү Кабул, Душанбе, Исламабад, Нью-Дели шаарларында да сезилди. Жергиликтүү бийликтердин соңку маалыматына караганда, Ооганстандын өзүнүн Бадахшан провинциясында кеминде үч киши жаракат алган. Ал эми Пакистандын түштүк-батышындагы Балучистан провинциясындагы бир кыштакта турак үй кыйрап, бир адам каза таап, сегиз киши жарадар болду. Пешевар шаарында төрт окуучу жаракат алды. Читать дальше...

Бейөкмөт уюм абактагы ачкачылык боюнча Акыйкатчыга кайрылды

Azattyk.org 

"Саясий туткундарды коргоо комитети" бейөкмөт уюму 31-январда акыйкатчы Кубат Оторбаевге, Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчисине кайрылуу жиберди. Анда ачкачылык жарыялаган камактагы оппозициячылардын укуктарын коргоого чакырык ташталган. Ошондой эле 30-январдан тартып камактагылар УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевди кызматтан кетирүү талабы менен "кургак ачкачылык" жарыялашканы маалымдалган. "Бизге жеткен маалыматтарга караганда 30-январь күнү саат 10дон тартып Бектур Асанов... Читать дальше...


Музыкальные новости
Михаил Кутушов

Токсиколог Кутушов рассказал почему возникает похмелье





Персональные новости
Спартак

«Спартак» набрал больше всех очков в играх с командами из верхней половины таблицы РПЛ





Исаков: ЖЭБдин ишин жөнгө салууга эки жумадай убакыт керек

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жалпы сессиясында Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырдаал талкууга алынды. Жыйындын жүрүшүндө "Бир бол" фракциясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаев өкмөттн жетекчисине жана тиешелүү ишканалардын башчыларына: "Башкалаада ЖЭБдин иши качан толук калыбына келтирилип, иштей баштайт?" деп суроо узатты. "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директору Узак Кыдырбаев  "азыр башкы максат - эки чоң от казанды ишке киргизишибиз керек. Бизге кеминде эки күн талап кылынат" деген жооп кайтарды. Читать дальше...

Трамп: Түндүк Кореяга максималдуу басым көрсөтүп жатабыз

Azattyk.org 

АКШ президенти Конгресстеги жылдык кайрылуусу учурунда Түндүк Кореяга киргизилген санкцияларга токтолду: - Бир дагы режим өз жарандарын Түндүк Кореяда орун алган диктатурадай толук жана катаал эзген эмес. Түндүк Кореянын акылсыздык менен учурулган ракеталары жакынкы убакытта мекенибизге да коркунуч жаратышы мүмкүн. Биз муну болтурбаш үчүн Түндүк Кореяга максималдуу басым жасап жатабыз. Тажрыйба бизди өзүнө өзү корстон болуу жана чегинүү агрессия менен чагымга гана шыкак берерин үйрөттү. Мен мурдагы... Читать дальше...

Кыргызстанда кылмыштуу топтон 19 килограммдай спайс табылды

Azattyk.org 

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматы 30-январда Бишкектин четиндеги Орто-Сай айылында мыйзамсыз синтетикалык баңгизаттарды даярдоо, ташуу, таратуу менен алектенген уюшкан кылмыштуу топту кармады. Анын мүчөлөрүнөн 18 килограмм 925 грамм спайс табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, кармалган кылмыштуу топтун мүчөлөрү Кыргызстандын жана коңшулаш Казакстандын аймагында баңгизаттарды таратып жүрүшкөн. Алардан алынган... Читать дальше...

Өзбекстандын атайын кызматынын башчысы Иноятов кызматтан алынды

Azattyk.org 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Улуттук коопсуздук боюнча кызматтын башчысы Рустам Иноятовду иштен алганын “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна өз атын атагысы келбеген эки өкмөт өкүлү ырастады. Алардын айтымында, президент бул тууралуу Башкы прокуратура менен Улуттук коопсуздук боюнча кызматтын 31-январындагы жыйынында билдирип, атайын кызматтын башчылыгына Ихтиёр Абдуллаев дайындалганын кошумчалаган. 73 жаштагы генерал-полковник Иноятов Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматын 23 жылдан бери башкарып келди. Читать дальше...

Ош базарында чыккан өрттүн чыгымы жана себеби тактала элек

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын Ош базарында өрттүн эмнеден улам чыкканы жана андан келтирилген материалдык чыгымдар такталып жатат, бирок азырынча эсептелип бүтө элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, тилсиз жоодон Ош базарында жайгашкан “Сейтек” жана “Берекет плюс” соода комплекстери зыян тарткан.  “Сейтекте” 108, “Берекет плюста” он соода түйүнү күйүп кетти. Өрттүн жалпы аянты 3500 чарчы метрди түзгөн. 30-январда эртең менен саат 09:40та Киев жана Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишинде... Читать дальше...

АКШ президенти Конгрессти Иран келишимин оңдоого чакырды

Azattyk.org 

Доналд Трамп Конгресттеги кайрылуусунда америкалык мыйзам чыгаруучулардан Ирандын өзөктүк программасы боюнча 2015-жылы түзүлгөн келишимди оңдоодо жардам берүүнү суранды: - Биз бүткүл дүйнө боюнча достугубузду чыңдоо менен катар каршылаштарыбызга карата да аныктыкты калыбына келтирип жатабыз. Ирандын эли өзүнүн коррупцияланышкан диктатурасына каршы көтөрүлгөндө мен үн катпай койгон жокмун. Америка Иран элинин эркиндик үчүн каармандык күрөшүндө алар менен бирге. Мен Конгрессти Ирандын өзөктүк программасы... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Учитель из Бутово стала «Гуру физкультуры»


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Ига Свёнтек

Свёнтек: я чувствую, что с каждым годом получаю всё большую поддержку


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Huawei представила IDS на 26-м Всемирном энергетическом конгрессе





Путин в России и мире
Москва

Эксперт: корректировка порогов крупного и особо крупного ущерба по экономическим статьям оправдана и своевременна


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире
Москва

Продюсера Reuters арестовали за публикацию материалов на YouTube-канале «НавальныйLIVE»



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Юрий Лоза

Юрий Лоза объяснил, почему Чулпан Хаматова критикует Россию



Москва

В Новочебоксарске бывший бомж годами помогает алкоголикам и нуждающимся: "Я был не нужным человеком"

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net