123ru.net
World News in Kyrgyz
Январь
2018

Новости за 17.01.2018

“Ала-Арчадагы” коңшулардын чыры

Azattyk.org 

“Ала-Арча” турак жай комплексинин айрым тургундары мурдагы премьер-министр Феликс Кулов менен экс-депутат Акматбек Келдибековду айыптап чыгышты. Конуштун тургундары саясатчылардын жубайлары шаарчанын башкармалыгынын имаратын ээлеп алганын айтып чыгышты. Экинчи тарап муну четке кагууда. VIP шаарча Ала-Арча резиденциясына жакын жерде жайгашкан. Анда 90го жакын үй бар.

Бостеридеги “Осьминог” ресторанынын ээси мамлекеттик коргоого алынды

Azattyk.org 

Бостеридеги өрттөнгөн “Осьминог” ресторанынын ээси Асанкадыр Аскат үй-бүлөсү менен мамлекеттик коргоого алынды. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын башчысы Нурлан Таштан уулу кабарлады. - Жабырлануучу Асанкадыр Аскатты үй-бүлөсү менен мамлекеттин коргоосуна алуу боюнча тергөөнүн токтому чыкты. ИИМде Мамлекеттик коргоо боюнча өзүнчө башкармалык бар. Коргоонун ар кандай методдору бар, ошого ылайык чаралар көрүлөт. 7-январда эртең менен Ысык-Көл... Читать дальше...

"Дөө Чыңгыз" деген каймана аты бар Жумагулов эркиндикке чыкты

Azattyk.org 

Кылмыш дүйнөсүндө “Дөө” деген каймана атка ээ, ИИМдин базасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары катталган Чыңгыз Жумагулов бүгүн, 17-январда эркиндикке чыкты. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын башчысы Нурлан Таштан уулу кабарлады. Анын айтымында, Жумагуловду сот мөөнөтүнөн мурда, шарттуу бошоткон. Чыңгыз Жумагулов киши өлтүрүүгө катышкан, бийлик өкүлүнө күч колдонгон, ээнбаштык кылган жана кылмыш тобун түзгөн деген айып менен 18-жылга соттолгон. Читать дальше...



Бизнести бандиттер көзөмөлдөйбү?

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү апта башында өлкөдөгү криминогендик абалды талкуулады. Уюшкан кылмыштуулук Жогорку Кеңештин трибунасында да көтөрүлүп, укук коргоо органдары сынга алынды. "Каралар" маселесинин күн тартибине чыгышына акыркы учурда катталган чуулгандуу окуя-фактылар, анын ичинде Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы бир ресторандын күйүп кетиши себеп болду.

Косоволуктар киши колдуу болгон серб саясатчысы менен коштошту

Azattyk.org 

17-январда Косовонун түндүгүндөгү Митровице шаарынын тургундары маркум Оливер Иванович менен коштошту. Анын сөөгү Сербиянын борбору Белградда жерге берилмей болду.  Косоводогу этникалык сербдердин лидерин 16-январда иш кеңсесинин алдында атып кетишкен. Жоктогондор ал жерде да шам жагып, аза күтүштү.  Ивановичтин өлтүрүлүшүнөн улам Балкандагы чыңалуу күчөп, Сербия менен Косовонун алакаларды жакшыртууга багытталган, бир жылдан кийин уланган сүйлөшүүлөрү токтоду.  Косово президенти Хашим Тачи күч түзүмдөрүн кылмышты болушунча тез ачып... Читать дальше...

Каталон парламенти Пучдемонду кайра шайлоону көздөөдө

Azattyk.org 

Испаниянын Каталония автономиясында жаңы шайланган парламент мүчөлөрү алгачкы жыйынга чогулушту. 17-январда алар солчул республикачылардын өкүлү Рожже Турренди спикерликке шайлашты.  Бир ай мурда өткөн кезексиз шайлоодо чөлкөмдүн Испаниядан бөлүнүүсүн жактаган партиялар добуштардын көбүн алган. Алар "Каталония үчүн бирдикте" коалициясын курап, автономиянын мурдагы президенти Карлес Пучдемондун кайра бийликке келишин жактап жатышат.  Испания сотунун өлкө аймагында аны камоо ордери дале алына элек. Читать дальше...

Эки Корея Олимпиадада командаларын бириктирүүнү көздөп жатат

Azattyk.org 

Түндүк жана Түштүк Корея кышкы Олимп оюндары учурунда командаларын бириктирүүнү макулдашты. Бул тууралуу эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн 17-январдагы кезектеги жолугушуусунда белгилүү болду.  - Биздин өкмөттүн мүдөөсү - Пхенчханда Олимпиаданы тынч өткөрүү жана андай аракеттердин бири катары Олимпиаданы жарашуунун жана фестивалдын жайына айлантуу. "Түштүк-Түндүк" биргелешкен командасын түзүүгө байланыштуу элибиздин тынчсыздануусун түшүнүп турабыз. Мындай маселелер талкуу жаратпашы үчүн жакшылап даярданабыз... Читать дальше...



Исаковду сындаган ишкер алты жылга кесилди

Azattyk.org 

Көчмөндөр оюндарына карата Чолпон-Атадагы ат майданын курган “Темир канат” ишканасынын башчысы Эркинбек Мергенбаев Бишкек шаардык сотунун чечими менен алты жылга күчөтүлгөн тартипте абакка кесилди. Анын үй-мүлкү мамлекеттин карамагына өткөрүлмөй болду.

Ипподромду жаңылаган ишкер алты жылга кесилди

Azattyk.org 

Көчмөндөр оюндарына карата Чолпон-Атадагы ат майданын курган “Темир канат” ишканасынын башчысы Эркинбек Мергенбаев Бишкек шаардык сотунун чечими менен алты жылга күчөтүлгөн тартипте абакка кесилди. Анын үй-мүлкү мамлекеттин карамагына өткөрүлмөй болду.

Назарбаев: АКШ менен Орусиянын мамилесине коңшулары тынчсызданууда

Azattyk.org 

Нурсултан Назарбаев Доналд Трамп менен жолугушуу учурунда АКШ менен Орусия мамилелерине тынчсызданып турганын, алар бирге иштесе глобалдык маселелерди чече аларын билдирди.  - Түндүк Кореянын маселесин АКШ, Кытай жана Орусия гана чогуу чече алат. Ушуга байланыштуу Кошмо Штаттар менен Орусиянын саясий ымаласы эң төмөнкү чекке жетиши албетте, бизди, коңшуларды тынчсыздандырат, - деди казак президенти америкалык президент менен чогуу өткөргөн маалымат жыйынында.  Казакстан 90-жылдары Советтер Союзунан калган өзөктүк арсеналынан баш тартып... Читать дальше...

Сузакта куралдуу кол салууга байланыштуу шектүүлөр кармалды

Azattyk.org 

Сузак районунда тапанча менен карактоого байланыштуу төрт шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. Окуя 13-январь күнү болгон. Гүлистан айылындагы 47 жаштагы аялдын үйүнө белгисиз бирөөлөр кирип, тапанча, бычак менен коркутушкан. Беткап тагынып алган кылмышкерлер үй ээсинин буту-колун жип менен байлап, акча жана алтын буюмдарын алып кетишкен. Аял үйдө келини, жаш баласы менен кошо болгон. Милиция кызматкерлеринин ыкчам аракеттери менен кылмышка шектүү 41 жаштагы А.Ш.... Читать дальше...

Юнкер: Британия кайра Евробиримдикке кошула алат

Azattyk.org 

Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер Британия Евробиримдиктен 50-беренеге ылайык чыгып жатканы менен 49-беренеге ылайык кайра кошула аларын билдирди. Ал 17-январдагы билдирүүсүндө урмат-сый мамиледе болуп, алыстабай, жакындоону каалап турганын белгиледи.  - Британиянын чыгып кетиши кыйроого тете экенин, биз баарыбыз жоопкер болгон жеңилүү экенин сезип турам. Бирок мунун тамыры тереңде. Премьер-министр Мэй айткандай, Евробиримдиктин курамында британдар өзүн эч качан эркин сезишкен эмес жана кырк... Читать дальше...

Ысык-Көлдө ак кууну аткандар кармалды

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда ак кууну аткан браконьерлер кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаментинин ушул райондогу өкүлү, токойчу Марат Токтогулов билдирди. Токтогуловдун айтымында, анын шериги Марат Шаршеев экөөнө "талаада белгисиз бирөөлөр аңчылык кылып жүрөт" деген кабар келип түшкөн. Текшерүүгө барган учурда мылтык көтөрүп жүргөн бир топ балдар токойчуларды көрүп качып жөнөшкөн. Токойчулар аларды кууп барып кармаган. Ок атылган жерлерди текшерген учурда жараланган ак куу табылган... Читать дальше...

БШК Бабановдун арызын жараткан жок

Azattyk.org 

“Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабановдун Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан баш тартуу жөнүндө арызын Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алган жок.

Гутерриш качкындарга берилчү жардам азайганына тынчсызданды

Azattyk.org 

Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш Кошмо Штаттардын палестиналыктарга берилчү жардамын азайтуу боюнча чечимине өтө тынчсызданып жатканын билдирди.  Баш катчы ал каражат Палестинадагы оккупацияланган аймакта, Йорданияда, Сирияда жана Ливанда жүргөн качкындар үчүн абдан зарыл экенин билдирди. - Бул кызмат ал элдин турмушун жакшыртыш үчүн эле өтө маанилүү эмес. Мында олуттуу гуманитардык маселе бар. Менин пикиримде жана көпчүлүктүн, анын ичинде израилдиктердин ою боюнча бул стабилдүүлүк үчүн маанилүү фактор. Читать дальше...

Таштандыны жолго ыргыткан адат таптык

Azattyk.org 

Ош-Баткен- Исфана унаа жолунун боюндагы таштандылар тазаланбай жатат. Көзгө копсоо көрүнгөн турмуш-тиричилик калдыктары атайын жайда эмес чоң жолдун четине ташталганы адатка айланып баратат. Чоң жолдун боюн таштандыдан арылтууну сөз менен айтып, бирок аракет жасаган адам жок.

Өлкөнүн жетекчилери аймактарды өнүктүрүү маселесин талкуулашты

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана премьер-министр Сапар Исаков жолугуп, аймактарды өнүктүрүү маселесин талкуулашты. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады. Президент аймактардын негизги көйгөйлүү маселеси таза суунун жетишсиздиги, өнүкпөгөн ирригациялык система, социалдык объектилердин тартыштыгы, начар жолдор экенин айтып, буларды жакшыртууну талап кылды. Ал ошондой эле жергиликтүү бийликтин укуктары менен милдеттерин күчөтүүнү тапшырды. Читать дальше...


Музыкальные новости
Баста

Звездные разборки: Stigmsta в Твери, новая песня Полины Гагариной и дуэт певицы MONA и Басты





Персональные новости
Чемпионат

Чемпионат по профмастерству среди инвалидов "Абилимпикс" стартует в Томской области





“Ала Арча” комплексинин айрым жашоочулары саясатчыларды айыптап чыкты

Azattyk.org 

“Ала-Арча” турак жай комплексинин айрым тургундары мурдагы премьер-министр Феликс Кулов менен экс-депутат Акматбек Келдибековду айыптап чыгышты. Конуштун тургуну Евгения Кухтанын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, саясатчылардын жубайлары бүгүн шаарчанын башкармалыгынын имаратын ээлеп алып, башкармалыктын мүчөлөрүнүн иштешине мүмкүндүк бербей жатышат. - Жакында комплекстин тургундары жаңы башкармалык шайлап, төрага дайындаганбыз. Бирок мурдагы башкармалык бизге мөөрдү, документтерди бербей, ар кандай тоскоолдук кылып келген. Читать дальше...

“Ала Арча” комплексинин айрым жашоочулары саясатчыларды айыптады

Azattyk.org 

“Ала-Арча” турак жай комплексинин айрым тургундары мурдагы премьер-министр Феликс Кулов менен экс-депутат Акматбек Келдибековду айыптап чыгышты. Конуштун тургуну Евгения Кухтанын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, саясатчылардын жубайлары бүгүн шаарчанын башкармалыгынын имаратын ээлеп алып, башкармалыктын мүчөлөрүнүн иштешине мүмкүндүк бербей жатышат. - Жакында комплекстин тургундары жаңы башкармалык шайлап, төрага дайындаганбыз. Бирок мурдагы башкармалык бизге мөөрдү, документтерди бербей, ар кандай тоскоолдук кылып келген. Читать дальше...

1931-38: Шинжаңдагы боштондук кыймылды Сталин муунткан

Azattyk.org 

“Азаттыктын” сталинчилердин жазалоолору тууралуу көп тарамдуу түрмөгүнүн бул жолку чыгарылышы Шинжаңдагы (анын ичинде Чыгыш Теңир-Тоодогу) 1930-жылдардагы улуттук боштондук кыймылдарды басууга сталиндик Кремл кантип салым кошкондугу тууралуу маселеге арналмакчы.

1931-38: Шинжаңдагы боштондук кыймылын Сталин муунткан

Azattyk.org 

“Азаттыктын” сталинчилердин жазалоолору тууралуу көп тарамдуу түрмөгүнүн бул жолку чыгарылышы Шинжаңдагы (анын ичинде Чыгыш Теңир-Тоодогу) 1930-жылдардагы улуттук боштондук кыймылдарды басууга сталиндик Кремл кантип салым кошкондугу тууралуу маселеге арналмакчы.

18-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

17-19-январь аралыгында кардын калың түшкөнүнө байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында жана Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүшү ыктымал. Жолдо бараткан унаалардын ортосундагы аралык кеминде 500 метр болушу керек. 18-январда түнкүсүн кээ бир райондордо бир аз кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын жаабайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 1-6 м/с. Абанын температурасы... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Росгвардейцы обеспечили правопорядок на футбольных матчах в Москве


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
ATP

Руне после поражения от Синнера впервые за 16 месяцев покинет топ-10 рейтинга ATP


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Подмосковное УФАС внесло ООО «Экосистема» в реестр недобросовестных поставщиков





Путин в России и мире
Москва

Тема дня: Путин поручил выделить средства на развитие космической ядерной энергетики


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко подписал указ по реализации до 2028 года нового проекта с РФ в сфере космоса




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Зеленского выпороли ультиматумом: США жестко ответили на наглость и поучения Киева


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Оззи Осборн

Власти Ставрополья отрицают, что к ним приедет музыкант Оззи Осборн



Москва

Овчинский: инновационные изделия столичного производства применяются в медучреждениях страны

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net