31-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат
Кыргызстанда 31-январда күн ачык болот. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорун туман каптайт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -15...-20, күндүз -4...1;
Таласта түнкүсүн -15...-20, күндүз -4...-9;
Ош жана Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -4...-9, күндүз -3...2;
Баткенде түнкүсүн -4...-9, күндүз -3...2;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -8...-13, күндүз 0...-5;
Нарын облусунда түнкүсүн -17...-22, күндүз -7...-12 градуска чейин төмөндөйт.
Бишкекте 31-январда кар жаабайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -17...-19, күндүз -2...-4 градус суук болот.